Кыргыз адабиятын "Каныбек" менен байыткан. Касымалы Жантөшевдин сүрөттөрү
Кыргыз адабиятын "Каныбек" менен байыткан. Касымалы Жантөшевдин сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Туура 120 жыл мурда кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү прозаик жана драматург Касымалы Жантөшев Ак-Суу районундагы Тепке кыштагында жарык дүйнөгө келген. 30.11.2024, Sputnik Кыргызстан
Жантөшевдин чыгармачылыгында "Каныбек романы өзгөчө орунду ээлейт. Ушул эмгеги менен элдин оозуна алынган. Белгилүү сынчы Салижан Жигитов "Каныбек" атактуу француз жазуучусу Александр Дюманын "Граф Монте-Кристо" романынан кем калбайт деп тамшанган.Sputnik Кыргызстан агенттиги Касымалы Жантөшевдин жашоо-турмушундагы ирмемдерди сунуштайт.Тема боюнча:
Туура 120 жыл мурда кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү прозаик жана драматург Касымалы Жантөшев Ак-Суу районундагы Тепке кыштагында жарык дүйнөгө келген.
Жантөшевдин чыгармачылыгында "Каныбек романы өзгөчө орунду ээлейт. Ушул эмгеги менен элдин оозуна алынган. Белгилүү сынчы Салижан Жигитов "Каныбек" атактуу француз жазуучусу Александр Дюманын "Граф Монте-Кристо" романынан кем калбайт деп тамшанган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Касымалы Жантөшевдин жашоо-турмушундагы ирмемдерди сунуштайт.
Касымалы Жантөшев (1-катарда сол жактан биринчи) жубайы Айжамал (экинчи катарда сол жактан биринчи), кызы Жибек (үчүнчү катарда солдон биринчи), неберелери жана туугандары менен. Фрунзе, 1960-жыл.
Акын Төлөн Шамшиев (экинчи катарда сол жактан биринчи) драматург Токтоболот Абдумомунов, орус жазуучусу Сергей Михалков, жазуучу Касымалы Жантөшев, акын Абдрасул Токтомушев, прозаик Касым Каимов, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков (биринчи катарда сол жактан биринчи) акын Темиркул Үмөталиев. Москва (Союз үйү, Колонна залы), 1958-жыл, 15-октябрь.
Акын Кубанычбек Маликов (сол жактан биринчи), жазуучу Касымалы Жантөшев, акын Аалы Токомбаев, драматург Токтоболот Абдумомунов, казак жазуучусу Сабит Муканов, кыргызстандык жазуучу Николай Чекмёнев, прозаик Насирдин Байтемиров. Москва (Кремль багы), 1967-жыл, 17-декабрь.