https://sputnik.kg/20250715/tramptyn-rossiyaga-kojgon-sharty--1095320307.html
ЖМК: Трамптын Россияга койгон шарты АКШнын өзүнө сокку болот
ЖМК: Трамптын Россияга койгон шарты АКШнын өзүнө сокку болот
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россияга ультиматум коюу менен Украинада тынчтык орнотуу процессине доо кетирди. Бул тууралуу... 15.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-15T16:06+0600
2025-07-15T16:06+0600
2025-07-15T16:06+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
россия
украина
чектөө
антироссиялык санкция
шарт
тынчтык
жардам
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0f/1095319911_0:253:3059:1975_1920x0_80_0_0_a97ff2252ac3dcd7a515660d8bbb522f.jpg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россияга ультиматум коюу менен Украинада тынчтык орнотуу процессине доо кетирди. Бул тууралуу Responsible Statecraft жазганын РИА Новости кабарлады. Басылма Трамптын санкция жана бажы алымдарынын жардамы менен Россияга жана анын союздаштарына басым жасоо аракети АКШнын негизги соода өнөктөштөрү менен мамилесин начарлатып, америкалык экономиканы кысымга учуратарын белгилеген. "Трамптын Путинди сүйлөшүүгө аргасыз кылуучу экономикалык инструменти чектелүү, аскердик таасири андан да аз. Путин согуш талаасында үстөмдүк кылат, Европа Америкадан сатып алып Украинага жөнөтө турган курал-жарак абалды өзгөртүп жебербейт", — деген автор. Дүйшөмбү күнү америкалык лидер Россияга 50 күндүн ичинде Украина менен тынчтык макулдашуусун түзүү боюнча шарт койгон. Болбосо Вашингтон россиялык товарларга 100 пайыздык бажы алымын, Россиядан нефть, газ, уран сатып алган мамлекеттерге кошумча санкция киргизерин жар салган. Муну менен катар эле АКШ менен ЕБ Киевге америкалык курал жөнөтүү боюнча макулдашканын, анын акысын Европа төлөй турганын билдирген болчу. Жөнөтүлчү ок-дарынын катарында ракета эле эмес, Patriot батареялары дагы бар. Трамп билдирүү жасаардан бир күнү мурун Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Россия мурункудай эле сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасынын убакыт-сааты боюнча сунуштарды күтүп жатканын, бирок Киев жооп берүүгө ашыкпай жатканын белгилеген.
https://sputnik.kg/20250715/nato-putindin-reaktsiyasyn-kutup-zhatat--1095315174.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0f/1095319911_187:0:2918:2048_1920x0_80_0_0_b3b3d3fcb635ced8a9f19b93febb6b31.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, чектөө, антироссиялык санкция, шарт, тынчтык, жардам, басым
дүйнөдө, акш, россия, украина, чектөө, антироссиялык санкция, шарт, тынчтык, жардам, басым
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россияга ультиматум коюу менен Украинада тынчтык орнотуу процессине доо кетирди. Бул тууралуу Responsible Statecraft жазганын
РИА Новости кабарлады.
"Трамп белгилеген дедлайн анын ийкемдүүлүгүн чектеп, абалды жөнгө салуу максатын татаалдаштырат. Буга кошумча, АКШга зыян келтире турган чаралардын көрүлүшүн шарттайт", — деп жазылат макалада.
Басылма Трамптын санкция жана бажы алымдарынын жардамы менен Россияга жана анын союздаштарына басым жасоо аракети АКШнын негизги соода өнөктөштөрү менен мамилесин начарлатып, америкалык экономиканы кысымга учуратарын белгилеген.
"Трамптын Путинди сүйлөшүүгө аргасыз кылуучу экономикалык инструменти чектелүү, аскердик таасири андан да аз. Путин согуш талаасында үстөмдүк кылат, Европа Америкадан сатып алып Украинага жөнөтө турган курал-жарак абалды өзгөртүп жебербейт", — деген автор.
Дүйшөмбү күнү америкалык лидер Россияга 50 күндүн ичинде Украина менен тынчтык макулдашуусун түзүү боюнча шарт койгон. Болбосо Вашингтон россиялык товарларга 100 пайыздык бажы алымын, Россиядан нефть, газ, уран сатып алган мамлекеттерге кошумча санкция киргизерин жар салган.
Муну менен катар эле АКШ менен ЕБ Киевге америкалык курал жөнөтүү боюнча макулдашканын, анын акысын Европа төлөй турганын билдирген болчу. Жөнөтүлчү ок-дарынын катарында ракета эле эмес, Patriot батареялары дагы бар.
Трамп билдирүү жасаардан бир күнү мурун Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Россия мурункудай эле сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасынын убакыт-сааты боюнча сунуштарды күтүп жатканын, бирок Киев жооп берүүгө ашыкпай жатканын белгилеген.