00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:58
2 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Перелом шейки бедра: диагноз, который пугает — но не приговор. Беседа с ортопедом
14:05
61 мин
Ачык кеп
Бишкекте бруцеллёз оорусуна кабылгандар көбөйдү – Кооптуу оорудан кантип сактануу керек?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Студтуризм»: когда путешествие — это ещё и образование
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Күнгө күйүү — теринин досубу же душманыбы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как защищают трудящихся из КР в России - беседа с омбудсменом РФ
18:07
23 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:30
0 мин
Тема дня
Графа «гражданство» в свидетельстве о рождении — зачем хотят её убрать?
18:34
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Президенттикке ат салышмак. Өлүмү сырдуу Сатыбалды Жээнбеков
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
После визита Жапарова: что ждёт экономики Кыргызстана и Таджикистана
20:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкекте бруцеллёз оорусуна кабылгандар көбөйдү – Кооптуу оорудан кантип сактануу керек?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ормуз кысыгынын жабылышынан ким чындап жабыр тартат. Экономисттин үч сценарийи

© AP Photo / Kamran JebreiliОрмуз кысыгы
Ормуз кысыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2025
Жазылуу
Тегеран Ормуз кысыгын жаба алабы, окуя мындан ары кандай нукта өнүгөт? Ушул суроолордун айланасында экономист ой жүгүрттү.
Ормуз кысыгы — дүйнөлүк нефтинин болжол менен 20, газдын 30 пайызын ташыган өтө маанилүү маршрут. Анын жабылышы глобалдуу кризисти шарттап, дүйнөлүк экономикага чоң сокку урат деген жалпы пикир бар. Иран эгер АКШ менен каршылаша турган болсо кысыкты жабарын көп ирет айтса да, Израиль менен согушканына карабай азырынча ага бара элек.
Ормуз кысыгынын дүйнөлүк экономика үчүн мааниси күч экени айдан ачык, бул — дүйнөлүк экономиканын алкагында энергетикалык ресурстун басымдуу бөлүгү өтө турган орчундуу жер. Иран кымындай кооптуулук жаралса же АКШ менен тиреше турган болуп калса кысыкты жабарын кыйладан бери эскертип келет. Ирандын абалын жана аскерий мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда Тегерандын сөзүнөн эч ким деле күмөн санаган эмес. Ошентсе да Израиль жана АКШ менен болгон аскердик жаңжал Ирандын кысыкты жабууга шашылбаганын көрсөттү. Эмне үчүн? Эл арасында Иран дүйнөнү каатчылыкка кептеп, америкалыктарды сүйлөшүүгө мажбурлаш үчүн дал ушундай кадамга барат деген ой калыптанып калган эмес беле.

Оюн теориясы

Бул суроого абалды кылдат талдап, оппоненттердин (оюнчулардын) кадамдарын алдын ала билип, майнаптуу стратегия түзүүгө жардам берген оюн теориясынын көмөгү менен жооп берүүгө болот.
Аталган теория жогорку деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу керек болгондо экономика жана геосаясатта кеңири колдонулат. Аны АКШ менен СССР кансыз согуш учурунда бири-биринин саясий кадамдарынын варианттарын иштеп чыгууда жакшы пайдаланганы маалым.
Азыркы кырдаалда башкы оюнчу — Иран. Анын максаты — өз аймагында согуш отунун тутанышына же өлкө эгемендигине, социалдык-саясий система менен экономикасына кедергисин тийгизе турган кандайдыр бир олуттуу кризистин жаралышына жол бербөө. Иран өзүнүн абалынын сакталышына кызыкдар, Ормуз кысыгын жабууну каршылаштардын аракетине жооп чара катары карайт.
Экинчи оюнчу — бул Иранга биргелешип каршы чыгып жаткан АКШ менен Израиль. Булардын максаты — өздөрү ачык эле айтып аткандай, Ирандын саясий системасын алмаштыруу жана өзөктүк программасына олуттуу өзгөртүү киргизүү (же биротоло баш тарттыруу). Бирок бир караганда АКШ менен Израиль бир жээкте тургандай көрүнгөнү менен тереңирээк талдай келсе экөөнүн ортосунда ача пикир бар экенин да байкоого болот.
Теория оюнунун алкагында региондо социалдык-саясий кырдаалды өзгөртүүгө кызыкдар болгон Улуу Британия сыяктуу башка оппоненттерди эске алган жокпуз. Чырдан өзүнүн пайдасын көздөгөн көмүскө кызыкчылыгы бар глобалисттер, масондор жана башка элиталык топтор да эсепке алынган жок.
Негизинен алып караганда каршылашкан эки тараптын тең максаты ого эле татаал, экономиканын алкагына сыйбайт, узак мөөнөттүү, кыска мөөнөттүү болуп бөлүнөт. Биз кыска мөөнөттүү экономикалык максаттарга гана басым жасап, Ормуз кысыгынын жабылышы дүйнөлүк экономикага кандай таасир этерине анализ жасоону эп көрдүк.
Мында Ормуз кысыгынын жабылышынан кыйла зыян тарта турган энергоресурс колдонуучулары маанилүү оюнчу болушат. Баарын атай бербей жалпы Европа жана Азия өлкөлөрү деп коелу. Булардын максаты — энергетикалык ресурстар жаатындагы кырдаалды начарлатпоо. Деген менен Европа мамлекеттери Ирандын өзөктүк программасын токтотуп, саясий системасын алмаштыруу үчүн Тегерандын каршылаштарына кошулуп кетиши мүмкүн. Оюнчулардын үчүнчү категориясына Ирандын ресурсун эң көп алган Кытайды кошууга болот.
Төртүнчү оюнчу деп кысыктын жабылышынан жабыр тарта турган Сауд Арабиясы, БАЭ, Катар, Бахрейн сыяктуу араб мамлекеттерин белгилейбиз. Ормуздун тосулушу түз таасир тийгизбеген Түркия, Россия жана башка мамлекеттер байкоочу макамында болот.
Израилдин Тегерандагы чабуулунун кесепеттери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2025
Лукашенко: Ирандын объектилерине жасалган чабуулдар — эл аралык эреженин бузулушу

Алгачкы жана эң катаал сценарий

Иран АКШ менен Израилдин согуштук аракеттеринен улам Ормуз кысыгын жапты дейли. Буга бийлик жээк ракеталарын пайдаланып, флотту тартат.
Бул учурда 1937-жылы болгон экономикалык сценарий кайталанышы мүмкүн, Палестина менен Израилдин кезектеги согушунан кийин араб мамлекеттери Батыштын индустриялык өлкөлөрүнө нефть жөнөтүүнү токтотуп, экономикасын катуу чочуткан эле. Нефтинин баасы 4 эсе жогорулап, андан көз каранды өндүрүш чекесинен токтоп, бул өз кезегинде инфляцияны шарттап, дүйнөлүк капиталисттик экономика олуттуу кыйынчылыкка тушуккан. Абалды он жылдан кийин, 1980-жылдары гана жөнгө салууга мүмкүн болуп, ал үчүн акыркы көзүр — "акча басып чыгаруу" пайдаланылган. Экономикага куюлган акча барган сайын карызды көбөйткөн эле. Бул, албетте, өзүнчө талкуулай турган сөз, биз кеп кылган контекстте энергоресурстардын жөнөтүлбөй токтоп калышы 1937-жылы инфляциялык процесстерди жаратып, глобалдуу экономикалык каатчылыкты шарттаганына көңүл буруу керек.
Эгер кысык жабылып калса, ошол учурдагы кризис кайталанышы мүмкүнбү? Азыркы тапта мунун кесепети ар түрдүү болушу ыктымал экен. Эмне өзгөрүп кетти?
Ирандын жооп иретинде кысыкты жаап коюшу АКШ, Израиль жана аларды колдогон европалык мамлекеттерди экономикалык зыянга учуратууну көздөйт. Аталган өлкөлөр экономикалык кризистен кооптонуп, сүйлөшүүгө макул болушу керек. Бирок бүгүн АКШ да, европалык мамелкеттер да 1937-жылдагыдай Жакынкы Чыгыштын нефтинен көз каранды эмес. Мисалы, АКШда азыр тыштан келчү нефть менен газга мурункудай таңсыктык жок, акыркы жылдары өлкө энегргоресурстардын импортерунан экспортерго айланды. Мындан тышкары, Канада менен Мексикада да аталган ресурс бар, АКШ ал жактан да керектүү көлөмүн ала алат. Жакын жайгашкан Венесуэла, Бразилия жана башка мамелкеттерди айтпай эле коелу. Башкача айтканда, АКШ Жакынкы Чыгыштын ресурстарына өтө муктаж эмес.
Бирок баа көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Кысыктын жабылышы нефтинин биржадагы наркын жогорулатып жиберери анык. Бул, биринчиден, ансыз да АКШ менен Батыш мамлекеттерин кыйнап турган инфляцияны күчөтөт. Экинчиден, мунайдын кымбатташы аталган өлкөлөрдүн ички рыногуна терс таасирин тийгизип, элдин жана экономиканын авиатармак, агросектор сыяктуу реалдуу секторунун нааразычылыгын жаратат. Мында АКШ өзүнүн энергоресурстарын, мисалы, Европага экспорттоп киреше көрүшү мүмкүн.
Жакынкы Чыгыштан нефть келбей калышынынан Европа да анчалык жабыр тартпайт экен. Анткени Ормуз аркылуу ал колдонгон мунайдын болгону 13, газдын 4 пайызы гана өтөт. Евробиримдиктин жалпы керектөөсүнүн 50 пайызы АКШ менен Норвегиядан алынат, бул көрсөткүч мындан жогорулашы мүмкүн. Мындан тышкары, Европанын газды Алжир, Нигерия жана башка алыскы өлкөлөрдөн мунай менен газ алуу мүмкүнчүлүгү бар. Эгер кысык жабылып калса ЕБ деле АКШ сыяктуу биржанын олку-солкулугунан жаралчу инфляциялык процесстерден гана жабыркашы ыктымал, бул көрүнүш деле көпсө созулбай, адатта тез эле аяктап калат. АКШ да, Европа да бул учурда оң маанайдагы экономикалык убадаларды жаадырып, финансы рынокторуна таасир этүүгө аракет кыла башташат.
Ормуздун жабылышынан ким чындап жапа чегет? Кызыктын баары ушул жерде. Көрсө, мындан Иранга эч доомат койбой, кайра анын таламын талашууга аракет кылган Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү жабыр тартат экен. Буга биринчи кезекте Глобалдуу Түштүк деп аталган аймактын мамлекеттери — Кытай менен Индия кирет. Бул эки өлкө Иран менен Жакынкы Чыгыш мунайынын негизги алуучулары болуп саналышат. Тизмеге батышчыл Япония менен Түштүк Кореяны кошууга болот, бирок бул мамлекеттердин Иранга саясий эмес, экономикалык талабы көбүрөөк. Ормуз кысыгынан өткөн нефтинин 84 пайызы Азияга кетет. Импорттун 40 пайызы Индияга, 50 пайыздан ашыгы Кытайга, 68 пайызы Түштүк Кореяга, 95 пайызы Японияга туура келет.
Демек, Иран эгер Ормуз кысыгын жаап койсо тикелей каршылаштарына зыян тийгизе албайт. Бирок Иранга АКШ менен Батыштын саясий жана аскердик кысымы күчөп, Тегеранды жооп берүүгө аргасыз кылат да, өлкө экономикалык кыйроону шарттаган толук кандуу согушка тартылат.
Иран үчүн бул вариант такыр эле ыңгайсыз экенин көрүп-билүү үчүн көп акылдын кереги жок. Биз Ормуз кысыгынын жабылышы Ирандын өзүнүн мунай экспортун токтотуп, кирешесине, бюджетине жана соода балансына чоң сокку болорун айткан жокпуз. Анткен менен Тегеран бул сценарийди башка айла таппай аргасы түгөнгөндө пайдаланышы мүмкүн.
Капитолиянын имаратында АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2025
Серепчи АКШ эмнеге Иранга тиш кайрап, кайсы максатты көздөгөнүн айтып берди

Экинчи сценарий — кысыкты жарым-жартылай жабуу

Мында кысыкты жабууда колдонулуучу каражаттар абдан маанилүү, башкача айтканда, Аскер-деңиз флоту тартылып, кысык аркылуу өткөн кемелер токтотулат, буга суу алдындагы миналар пайдаланылышы мүмкүн, ракеталык соккуга же дрондордун чабуулуна дуушар болушу ыктымал.
Кандай болгон күндө да мындай кадам АКШ менен Израилдин жообун шарттайт, алар Ирандын флотуна жана башка аскердик объектилерине таамай же масштабдуу сокку ура башташат. Тарых көрсөткөндөй, соккуга социалдык жана жарандык объектилер да алынышы мүмкүн, бул өз кезегинде элдик толкундоолорду жаратат. Анткен менен эки тарап тең толук кандуу согушту каалабай турганы айдан ачык, себеби ага экөө тең даяр эмес.
Окуя мындай нукта кетсе деле Иран олуттуу зыян тартып калышы мүмкүн. Негизги азиялык импортерлорго терс таасири азыраак болуп, Иран керек болсо Кытай менен Россиянын саясий жана аскердик колдоосуна ээ боло алат. Бул сценарийди деле айла жокто колдонула турган "Б планы" деп атасак болот.

Реалдуулукка жакын үчүнчү сценарий

Бул негизинен кийиз казык саясаты, тагыраагы, кысыкты жабуу опузасы менен абалды тынчтык жолу менен чечүүгө умтулуу. Мында Иран Ормуз кысыгын жабам дегени менен ага барбайт. Азыркы тапта тараптардын баары өз жеңишин жарыялап, кадыр-баркын сактап турат, нефтинин биржадагы баасы аша чаап кеткен жок, дипломатиялык сүйлөшүү жолдору каралууда, ошентсе да тараптардын баары жаңжалга кийинчерээк кайтууга, керек болсо күчөшүнө даяр турушат.
Бул вариант Иран үчүн ылайыктуураак, анткени убакыттан утушу мүмкүн. Тегеран бул мезгил аралыгында күч топтоп, качандыр бир кезде тутана турган согушка даярдык көрүп, негизги союздаштары Кытай жана Россия менен соода-экономикалык жана аскердик байланышын бекемдеп ала алат.
Бирок АКШ жана Израиль үчүн бул ыңгайсыз вариант, анткени алар убакыттан уттурушат. Израиль ансыз да коңшулары менен согуш босогосунда турат, өз электоратынын көңүлүн ички маселелерден кайсы бир "тышкы кооптуулукка" бурууга аргасыз болгон Нетаньяху үчүн саясий тобокелдик күч. Сыртынан баарына даяр тургандай көрүнгөнү менен АКШга деле бул согуштун кереги жок, анткени Вашингтондун көңүлү азыр стратегиялык атаандашы, керек болсо каршылашы Кытай менен болгон алакага көбүрөөк бөлүнүүдө. Трамп ушул себептен да украин маселесинен эртерээк "чыгып", Жакынкы Чыгыш көйгөйүн тезирээк бүтүрүүгө кызыкдар. Анын үстүнө АКШнын ички экономика маселеси да улам курчуп баратат. Өлкө ушу тапта рецессиянын күчөө чегинде турат, инфляция кекиртектеп, мамлекеттик карыз 37 триллион долларга жетти.

Жыйынтык

Демек, оюн теориясы Иранга Ормуз кысыгын жаап коюу оңойго турбай турганын көрсөтүүдө, анткени башкы максатка жеткирбейт. Азыркы учурда эки тарап үчүн тең катуу билдирүүлөрдү жасап, ар бири жеңишке жеткенин жар сала берүүсү ылайык. Оюн теориясынын "Нэш тең салмактуулугу" дегени ушул.
Франция президенти Эммануэль Макрон  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2025
Украина эмес. Макрондун Путинге чалган максаты башка
Жаңылыктар түрмөгү
0