https://sputnik.kg/20250703/makrondun-putinge-chalgan-maksaty-1095086000.html
Украина эмес. Макрондун Путинге чалган максаты башка
Украина эмес. Макрондун Путинге чалган максаты башка
Sputnik Кыргызстан
Франция президенти Эммануэль Макрон Россия лидери Владимир Путинге телефон чалып сүйлөшкөндөн кийин Владимир Зеленский менен байланышып, РФтин Украина боюнча... 03.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-03T20:04+0600
2025-07-03T20:04+0600
2025-07-03T20:04+0600
дүйнөдө
россия
франция
европа
акш
иран
украина
геосаясат
сүйлөшүүлөр
колумнистика
https://sputnik.kg/img/07e9/07/03/1095086155_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_67f7414c01f112a5671a4eaedfb11cd6.jpg
Франция президенти Эммануэль Макрон Россия лидери Владимир Путинге телефон чалып сүйлөшкөндөн кийин Владимир Зеленский менен байланышып, РФтин Украина боюнча позициясы өзгөрбөгөнү тууралуу маалымдар кылды. Киев режиминин жетекчиси менен "сатып кетти" деген ой калбасын деп сүйлөшкөнү айтылды. Франция жетекчиси россиялык кесиптеши менен ыңгайы келгенде сүйлөшөрүн көптөн бери эле айтып жүргөн, учуру келген окшойт. Путин баарлашуудан баш тарткан жок, РФ лидери ортодогу болгон-бүткөн байланышты батыштагылар өздөрү үзүп салганын, эгер каалашса диалогду жандандырууга болорун көп ирет айткан. Макронду сүйлөшүүгө аргасыз кылгыдай эмне болуп кетти? Эгер Европа акыркы мезгилде глобалдуу геосаясий оюн аренасынан четтеп баратканын эсепке албасак, орчундуу деле окуя болгон жок. Украина жеңишке жетет деген ой ишке ашпай калды: Вашингтонго Путин менен бир нече ирет сүйлөшүп, Украинаны талкуулап жетишкен Трамп кайтып келди. Ал эми Жакынкы Чыгышта Израиль АКШ менен биригип алып Иранга кол салды да, кабагым-кашым дебей туруп берди. Европа кайда калды? Анын оюн, пикирин сураган бирөө-жарым болгон жок. Азыр Европа АКШга берилгендигин улам-улам тастыктап, коргонууга чыгымын көбөйтүүгө убада берүү менен чектелүүдө. Америкага жагыш үчүн Кытай менен мамилесин суутуп алды, АКШнын өзү менен тарифтик согуш башталып кете жаздап токтоду. Европа дүйнөлүк саясаттын субъекти болуудан калып баратат, Украинага колдоо көрсөтүүгө көбүрөөк ыктаганы менен бул жакта деле аракеттери АКШнын позициясынан көз каранды. Анын үстүнө Россия менен Америка жакындашып кетет деген кооптонуу бар. Европанын өзүнүн Россия менен байланышы жок, европалык лидерлер Москванын позициясы тууралуу америкалыктардан угуп-билүүдө. Демек, Макрондун Путинге чалуудан башка аргасы калбагандай. Мында деле бир нерсе чечиш үчүн эмес, иши кылып Франция менен Европанын бар экенин айтып-деп калыш үчүн байланышты. Эки саатка созулган баарлашууда биринчи кезекте Иранга жасалган чабуулдун кесепети талкууланды. Ал эми Украина боюнча лидерлер буга чейин белгилүү болгон позицияларын бир сыйра кайталап токтошту. Башкача айтканда, Макрон "Франция Украинанын суверенитети менен аймактык бүтүндүгүн колдой турганын айтып, каршылашкан тараптарды тынчтыкка келүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган". Путин өз кезегинде "украин чыры Россиянын кызыкчылыгына канча жылдан бери кол шилтеп, Украинада антироссиялык плацдарм түзүп келген Батыш мамлекеттеринин саясатынын жемиши экенин", эми тынчтык орношу үчүн "украин маселесинин түпкү себептерин жоюу зарылдыгын" белгилеген. Өзгөчө Зеленскийдин "Германия пикирин өзгөртүп, Украина НАТОдо болушу керектигин билдирди" деген билдирүүлөрүнөн кийин кырдаал туңгуюкка кептелип калганы айкын. Анткен менен Макрон Путинге Украина тууралуу сүйлөшөйүн деп чалган жок, бул жерде баары алгач фронтто, андан кийин Америка менен Россиянын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө чечилет. Франциянын тынчын Жакынкы Чыгыш алууда, ушу тапта Париж Газадагы кыйын кырдаалга да эмес, Иранга жасалган соккунун кесепетине түйшөлүп турат. Макрон Израиль менен Американын чабуулун колдоп, Францияны маневр эркиндигинен ажыратып койду. Эми жаңы өзөктүк келишим түзүлүп калса деп Париж менен Европага Иран боюнча ортомчу макамын кайтарууга далалат кылып жатат. Азыр муну элестетүү кыйын: Иран өзөктүк курал чыгарууга өзүнө салган тыюусун алып салышы мүмкүн, АКШ болсо кайра чабуул жасаарын айтып коркутууда. Бирок сүйлөшүүлөр акыры башталып кала турган болсо, ага Европа катышпай калышы толук мүмкүн. Макулдашуу Иран, Россия жана АКШнын ортосунда түзүлүп, Евробиримдикти иштин баары бүткөндөн кийин кабардар гана кылып коюшат. Трамп 2018-жылы АКШ андан үч жыл мурун түзүлгөн келишимден чыгарын жар салгандан кийин деле ушундай болбоду беле, европалыктар макулдашууну сактап калуу үчүн эч нерсе кыла алышкан эмес. Европанын колунда АКШга таасир эте тургудай эч бир каражат жок, демек, Иран маселеси боюнча ортомчулугуна эч ким муктаж эмес. Андыктан Макрон азыртадан боло турган сүйлөшүүлөргө Франциянын катышып калуусуна кам көрүшү керек, бул үчүн ал Ирандын согушту көздөбөгөн өзөктүк курал өндүрүшүн колдоого алышы керек. Телефондон сүйлөшүү учурунда Путин да, Макрон да "Ирандын өзөктүк программасы боюнча көйгөй Жакынкы Чыгыштагы башка талаштуу маселелер сымал саясий-дипломатиялык жол менен гана чечилиши керектигин" белгилешти. Бул — эки тарап тең Иранга жаңы чабуулдардын жасалышына каршы деген сөз. Россия башынын эле ушул пикирде болсо, Франция буга чейин соккуларды колдоого алып, сөзүнүн куну канчалык экенин көрсөттү. Ушул жерден Россия менен Донбасс жана Украина боюнча түзүлгөн Минск макулдашуулары, "Норманд форматы" аргасыздан эске түшөт. Париждин убадасы суу кечпейт, анткени чындап суверенитети жок, муну Москва да, Тегеран да билет. Францияга Киев эле ишенет, мындай мамиле канчага созуларын да көрө жатарбыз.
https://sputnik.kg/20250522/evropa-rossiyaga-karshy-dolboorlordu-ishke-ashyruunun-kyjyr-zholdorun-izdep-zhatat--1094157712.html
франция
европа
акш
иран
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/03/1095086155_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_d455dce367fe5355efd10a823330ccfa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Петр Акопов
https://sputnik.kg/img/07e4/08/1e/1049471777_45:64:175:194_100x100_80_0_0_94e8d2aaa3b1e10cc9490e9eade1fb1d.jpg
дүйнөдө, россия, франция, европа, акш, иран, украина, геосаясат, сүйлөшүүлөр, колумнистика, колумнисттер
дүйнөдө, россия, франция, европа, акш, иран, украина, геосаясат, сүйлөшүүлөр, колумнистика, колумнисттер
Франция президенти Эммануэль Макрон Россия лидери Владимир Путинге телефон чалып сүйлөшкөндөн кийин Владимир Зеленский менен байланышып, РФтин Украина боюнча позициясы өзгөрбөгөнү тууралуу маалымдар кылды. Киев режиминин жетекчиси менен "сатып кетти" деген ой калбасын деп сүйлөшкөнү айтылды.
Франция жетекчиси россиялык кесиптеши менен ыңгайы келгенде сүйлөшөрүн көптөн бери эле айтып жүргөн, учуру келген окшойт. Путин баарлашуудан баш тарткан жок, РФ лидери ортодогу болгон-бүткөн байланышты батыштагылар өздөрү үзүп салганын, эгер каалашса диалогду жандандырууга болорун көп ирет айткан. Макронду сүйлөшүүгө аргасыз кылгыдай эмне болуп кетти?
Эгер Европа акыркы мезгилде глобалдуу геосаясий оюн аренасынан четтеп баратканын эсепке албасак, орчундуу деле окуя болгон жок. Украина жеңишке жетет деген ой ишке ашпай калды: Вашингтонго Путин менен бир нече ирет сүйлөшүп, Украинаны талкуулап жетишкен Трамп кайтып келди. Ал эми Жакынкы Чыгышта Израиль АКШ менен биригип алып Иранга кол салды да, кабагым-кашым дебей туруп берди. Европа кайда калды?
Анын оюн, пикирин сураган бирөө-жарым болгон жок. Азыр Европа АКШга берилгендигин улам-улам тастыктап, коргонууга чыгымын көбөйтүүгө убада берүү менен чектелүүдө. Америкага жагыш үчүн Кытай менен мамилесин суутуп алды, АКШнын өзү менен тарифтик согуш башталып кете жаздап токтоду. Европа дүйнөлүк саясаттын субъекти болуудан калып баратат, Украинага колдоо көрсөтүүгө көбүрөөк ыктаганы менен бул жакта деле аракеттери АКШнын позициясынан көз каранды. Анын үстүнө Россия менен Америка жакындашып кетет деген кооптонуу бар. Европанын өзүнүн Россия менен байланышы жок, европалык лидерлер Москванын позициясы тууралуу америкалыктардан угуп-билүүдө.
Демек, Макрондун Путинге чалуудан башка аргасы калбагандай. Мында деле бир нерсе чечиш үчүн эмес, иши кылып Франция менен Европанын бар экенин айтып-деп калыш үчүн байланышты. Эки саатка созулган баарлашууда биринчи кезекте Иранга жасалган чабуулдун кесепети талкууланды. Ал эми Украина боюнча лидерлер буга чейин белгилүү болгон позицияларын бир сыйра кайталап токтошту. Башкача айтканда, Макрон "Франция Украинанын суверенитети менен аймактык бүтүндүгүн колдой турганын айтып, каршылашкан тараптарды тынчтыкка келүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган". Путин өз кезегинде "украин чыры Россиянын кызыкчылыгына канча жылдан бери кол шилтеп, Украинада антироссиялык плацдарм түзүп келген Батыш мамлекеттеринин саясатынын жемиши экенин", эми тынчтык орношу үчүн "украин маселесинин түпкү себептерин жоюу зарылдыгын" белгилеген. Өзгөчө Зеленскийдин "Германия пикирин өзгөртүп, Украина НАТОдо болушу керектигин билдирди" деген билдирүүлөрүнөн кийин кырдаал туңгуюкка кептелип калганы айкын.
Анткен менен Макрон Путинге Украина тууралуу сүйлөшөйүн деп чалган жок, бул жерде баары алгач фронтто, андан кийин Америка менен Россиянын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө чечилет. Франциянын тынчын Жакынкы Чыгыш алууда, ушу тапта Париж Газадагы кыйын кырдаалга да эмес, Иранга жасалган соккунун кесепетине түйшөлүп турат. Макрон Израиль менен Американын чабуулун колдоп, Францияны маневр эркиндигинен ажыратып койду. Эми жаңы өзөктүк келишим түзүлүп калса деп Париж менен Европага Иран боюнча ортомчу макамын кайтарууга далалат кылып жатат. Азыр муну элестетүү кыйын: Иран өзөктүк курал чыгарууга өзүнө салган тыюусун алып салышы мүмкүн, АКШ болсо кайра чабуул жасаарын айтып коркутууда. Бирок сүйлөшүүлөр акыры башталып кала турган болсо, ага Европа катышпай калышы толук мүмкүн. Макулдашуу Иран, Россия жана АКШнын ортосунда түзүлүп, Евробиримдикти иштин баары бүткөндөн кийин кабардар гана кылып коюшат. Трамп 2018-жылы АКШ андан үч жыл мурун түзүлгөн келишимден чыгарын жар салгандан кийин деле ушундай болбоду беле, европалыктар макулдашууну сактап калуу үчүн эч нерсе кыла алышкан эмес. Европанын колунда АКШга таасир эте тургудай эч бир каражат жок, демек, Иран маселеси боюнча ортомчулугуна эч ким муктаж эмес.
Андыктан Макрон азыртадан боло турган сүйлөшүүлөргө Франциянын катышып калуусуна кам көрүшү керек, бул үчүн ал Ирандын согушту көздөбөгөн өзөктүк курал өндүрүшүн колдоого алышы керек. Телефондон сүйлөшүү учурунда Путин да, Макрон да "Ирандын өзөктүк программасы боюнча көйгөй Жакынкы Чыгыштагы башка талаштуу маселелер сымал саясий-дипломатиялык жол менен гана чечилиши керектигин" белгилешти. Бул — эки тарап тең Иранга жаңы чабуулдардын жасалышына каршы деген сөз. Россия башынын эле ушул пикирде болсо, Франция буга чейин соккуларды колдоого алып, сөзүнүн куну канчалык экенин көрсөттү.
Ушул жерден Россия менен Донбасс жана Украина боюнча түзүлгөн Минск макулдашуулары, "Норманд форматы" аргасыздан эске түшөт. Париждин убадасы суу кечпейт, анткени чындап суверенитети жок, муну Москва да, Тегеран да билет. Францияга Киев эле ишенет, мындай мамиле канчага созуларын да көрө жатарбыз.