00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
«Блог — это тоже дипломатия»: что блогеры из России увидели в Кыргызстане
18:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Идеядан экранга чейин: “От” фильмин утушка жеткирген сценарий артындагы күрөш
19:08
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
10 лет ЕАЭС: спорят, но договариваются — итоги форума в Минске
20:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ысык-Көл менен Нарын облусу органикалык айыл чарбага өтөт — “Органика 2025–2029" программасы кантип ишке ашат?
21:04
54 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада аталган ведомство Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарыла турганын билдирди. Ал эми Шыкмаматов штаттын саны жана кызматтардын ыйгарым укуктары өзгөрбөй турганын айтып, башкаруунун жаңы түзүмү мамлекеттик органдарды бюрократиядан арылтууга багытталганын кошумчалады. "Бизге кошумча ыйгарым укуктар берилбейт. Мурда кандай болсо ошондой иштей беребиз. Болгону жоопкерчилигибиз күчөтүлүп, жумушубуздун натыйжалуулугун арттырып, чечимдерди тез кабыл алууга түрткү берет. Мунун баары президенттин мамлекеттик органдарды бюрократиядан арылтуу боюнча тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында ишке ашууда", — деди Шыкмаматов.
"Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Таалайбек Мамбеталиев компания күз-кыш мезгилине даярдыкты баштап, пландалган иштер аткарылып жатканын айтты. Быйыл өлкө боюнча 78,5 мегаватт кубаттуулуктагы 18 чакан ГЭС ишке берилет. Алар чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлордун, жеке ишкерлердин күчү менен курулуп жатат.Анын айтымында, өткөн жылы сегиз чакан ГЭС ишке берилип, жалпы кубаттуулугу 48,8 мегаватты түздү.Ошондой эле ал чакан ГЭС үчүн тариф маселеси оң жагына чечилип, ишкерлер, инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттар каралып жатканын кошумчалады.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен 59 чет элдик студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, расмий түрдө студент болуп катталгандар иш жүзүндө окушкан эмес, чет өлкөдө жүрүшкөн. Алардын 30у Өзбекстандын, 20сы Казакстандын жана тогузу Россиянын жарандары. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси боюнча иш козголду. Учурда окуу жайдын кайсы кызматкерлери мыйзам бузганын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бишкектин жака-белиндеги Орок айылында "Евразия" паркынын курулушу жүрүп жатат. Эс алуучу жай "Евразия" коммерциялык эмес уюмунан ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата белек болмокчу. Бүгүн аталган уюм ЖМК өкүлдөрү үчүн пресс-тур уюштурду. Парктын жалпы аянты — 10 гектар. Ал жерде 30дай аттракцион орнотулат, арасында "Улан" деп аталган Борбор Азиядагы эң ири бийиктен түшкөн жылгаяк бар. Аттракциондордун көбү Италиядан алып келинген. Мындан тышкары, динопарк, ири муз жылгаяк, мини стадион, цирк аянтчасы, көргөзмө менен жарманкелерди өткөрө турган экспозициялык зона жана тамак-аш сатуучу жери каралган. Келгендердин ыңгайлуулугу үчүн 2600 чарчы метрлик зонанын үстү жабылып, абанын нымдуулугун арттыра турган системасы болору айтылды. Жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулган, парк аймагына 2 миңден ашуун бак отургузулуп, 60 миң чарчы метр аянтка газон түшөт. 30 топиардык фигура, 650 чырак орнотулуп, 6 чакырымга жеткен ретрогирлянда тартылууда. Паркка кирүү акысыз болот. Келгендер эс алуу жайына уюлдук тиркемеге байланган электрондук кезек менен киргизилмекчи.
Жаңылыктар түрмөгү
0