00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Агартуу министрлиги: өлкө боюнча 223 мектеп жетишпейтБишкекте айыл чарба продукциясын көзөмөлдөө системасын киргизүү пландалуудаОш шаарында "Эки дос" аттуу жаңы конуш пайда болотАлдыда кененирээкКыргызстан боюнча ар кандай сыйымдуулуктагы 223 мектеп курууга муктаждык бар. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкөдө 1,5 миллиондон ашык окуучу бар. Ал эми мектептерде 163 миң орун жетишсиз болсо, мунун 30 миңге жакыны Бишкекте экенин шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева белгиледи. "Учурда Сауд өнүктүрүү фондунун колдоосу менен борбор калаада 14 мектеп куруу пландалууда. Алардын арасында кошумча корпустар жана өзүнчө мектептер бар. Бул долбоорлор ишке ашса Бишкектеги мектеп жетишсиздиг боюнча маселе чечилет", — деди Жусупбекова. Ошондой эле ал реалдуу муктаждыктар эске алынбай мектептер лобби жолу менен курулгандыктан, тең салмактуулук сакталбай калганын белгиледи.
Бишкекте айыл чарба продукциясын көзөмөлдөө системасын киргизүү боюнча тааныштыруу семинары өттү. Семинарды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан ФАОнун Техникалык кызматташтык программасынын алкагында уюштурулду. Иш-чара агроазык-түлүк тармагын санариптештирүүгө жана продукциянын сапаты менен коопсуздугун камсыздоого багытталды. Система продукциянын жолун фермерден баштап керектөөчүгө чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, жарандардын ишенимин арттырып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Көзөмөлдөө системасы пилоттук аймактарда жана айрым продукция түрлөрүндө сыноодон өткөрүлүп, андан соң республика боюнча кеңири колдонууга сунушталат.
2025-жылы республика боюнча 1912 дан эгин жыйноочу комбайндан 1422си эгин жыйноого даяр. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эгин жыйноо иштери негизинен өлкөнүн түштүк аймактарында жүрүп жатат. Эгин жыйноо жумуштарынын көлөмүнүн көптүгүнө байланыштуу Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында техниканы аймактар боюнча бирдей бөлүштүрүү максатында Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштуруу иштери жүргүзүлдү. Анын негизинде облустарга кошумча 150дөй комбайн тартылары күтүлүүдө. Учурда өлкөнүн түштүк аймактарында эгин жыйноо иштерине жалпысынан 400гө жакын комбайн тартылган, анын ичинен 100гө чукулу тоо этектери жайгашкан айыл чарба аймактарында иштеп жатат. 2025-жылы бир комбайнга орточо эсеп менен 260,1 гектар аянт туура келүүдө.
Ош шаарында "Эки дос" аттуу жаңы конуш пайда болорун мэр Жеңишбек Токторбаев билдирди. Ал шаарчаны Кытайдын "Кунлунь" курулуш компаниясы салат. Калаа башчысы компания өкүлдөрү менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган. Жаңы шаарчага 520 үй түшөт. Бул турак жайлар жолду кеңейтүүгө байланыштуу там-ташы буздурулуп, башка жакка көчүрүлө турган жарандарга берилери белгиленди. "Кечээ министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев менен жолугуп, силердин компания тууралуу маалымат бердим. Бул конушту "Эки дос" деп атайлы деп айттым. Эки мамлекеттин ортосундагы достук өлкө башчыларынын эмгеги деп ойлойм", — деген Токторбаев. Мэр компания өкүлдөрүнө суук түшкөнгө чейин үйлөрдү көрктүү кылып бүтүрүү керектигин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0