https://sputnik.kg/20250623/1094843159.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл ЖРТнын баллы 242ге жетип, 7 жылдан берки рекорд болдуИрандын президенти АКШ жасаган чабуулуна жооп алышы керектигин айттыПрезидент Жапаров 24-25-июнда... 23.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-23T15:00+0600
2025-06-23T15:00+0600
2025-06-23T15:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/17/1094843027_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_11cb5dd58ccddbce3e86ecf03c1c5bc1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл ЖРТнын баллы 242ге жетип, 7 жылдан берки рекорд болдуИрандын президенти АКШ жасаган чабуулуна жооп алышы керектигин айттыПрезидент Жапаров 24-25-июнда Малайзияга расмий сапар менен баратАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин чакыруусу менен аталган өлкөгө барат. Бул туурасында президенттик администрациядан билдиришти. Анда Кыргызстан менен Малайзиянын саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык жаатындагы өз ара кызыкчылык жараткан кызматташуусунун келечеги талкууланмакчы. Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Малайзиянын парламентинин төрагасы, бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрү менен да жолугарын айтышты.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Бишкектеги №70 мектебинин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов 242 балл алды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. ЖРТ боюнча эң жогорку балл алгандар: Бишкектеги №70 мектептин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов — 242 балл; Жалал-Абаддагы "Лайт-Академия" орто мектебинин окуучусу Медина Мухаммадова — 240 балл; Бишкектеги №48 мектептин бүтүрүүчүсү Тагай Макешов — 236 балл; Бишкектеги №61 мектепте окуган Айбийке Жакшылыкова — 235 балл; "Айчүрөк" кыргыз-түрк кыздар окуу-тарбия комплексинде окуган Арууна Нурбек кызы — 235 балл. Алтын сертификатка ээ болгон калган 49 окуучунун тизмесин Агартуу министрлигинин баракчасынан көрө аласыздар. Быйылкы көрсөткүч соңку жети жылдагы рекорд болуп саналат. Өткөнгө кыска сереп салсак, 2018-жылы эң жогорку балл — 237, 2019-жылы — 238, 2020-жылы — 229, 2021-жылы — 232, 2022-жылы — 235, 2023-жылы — 236 жана 2024-жылы 234 балл болгон.
Кыргыз улуттук илимдер академиясында имараттарды мыйзамсыз ижарага берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Атайын кызматтан билдиришкендей, Илимдер академиясынын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, баюу максатында ишкерлер менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, аларга мыйзамсыз бөлмөлөрдү берип, тиешелүү эсептик жоопкерчиликтерди айланып өтүп, ижара акысы үчүн өз алдынча акча алышкан. Учурда бул мыйзам бузуулардын натыйжасында, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмдөрүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Андан тышкары, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Илимдер академиясынан өлкөнүн бардык аймагы боюнча 20га жакын объект жеке жана башка менчикке чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтар алынды.
Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган чабуулу үчүн АКШга жооп берилиши керек. Бул туурасында Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Франция лидери Эммануэль Макрон менен телефондон сүйлөшкөндө айтканы анын расмий сайтында жазылган. "АКШ бизге кол салды. Эгерде ушундай абалда калсаңар, сиз эмне кылат элеңиз? Албетте, алар көрсөткөн агрессиясына жооп алышы керек", — деген Пезешкиан. Франциянын президенти Иран башчысына Париж Жакынкы Чыгышта болуп жаткан жаңжалдарды токтотуу боюнча аракет кылууга даяр экендигин айткан. Андан сырткары, Тегеран менен диалогду улантууга ынтызарлыгын кошумчалаган.
Быйыл ЖРТнын баллы 242ге жетип, 7 жылдан берки рекорд болдуИрандын президенти АКШ жасаган чабуулуна жооп алышы керектигин айттыПрезидент Жапаров 24-25-июнда Малайзияга расмий сапар менен баратАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин чакыруусу менен аталган өлкөгө барат. Бул туурасында президенттик администрациядан билдиришти. Анда Кыргызстан менен Малайзиянын саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык жаатындагы өз ара кызыкчылык жараткан кызматташуусунун келечеги талкууланмакчы. Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Малайзиянын парламентинин төрагасы, бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрү менен да жолугарын айтышты. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Бишкектеги №70 мектебинин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов 242 балл алды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. ЖРТ боюнча эң жогорку балл алгандар: Бишкектеги №70 мектептин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов — 242 балл; Жалал-Абаддагы "Лайт-Академия" орто мектебинин окуучусу Медина Мухаммадова — 240 балл; Бишкектеги №48 мектептин бүтүрүүчүсү Тагай Макешов — 236 балл; Бишкектеги №61 мектепте окуган Айбийке Жакшылыкова — 235 балл; "Айчүрөк" кыргыз-түрк кыздар окуу-тарбия комплексинде окуган Арууна Нурбек кызы — 235 балл. Алтын сертификатка ээ болгон калган 49 окуучунун тизмесин Агартуу министрлигинин баракчасынан көрө аласыздар. Быйылкы көрсөткүч соңку жети жылдагы рекорд болуп саналат. Өткөнгө кыска сереп салсак, 2018-жылы эң жогорку балл — 237, 2019-жылы — 238, 2020-жылы — 229, 2021-жылы — 232, 2022-жылы — 235, 2023-жылы — 236 жана 2024-жылы 234 балл болгон.Кыргыз улуттук илимдер академиясында имараттарды мыйзамсыз ижарага берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Атайын кызматтан билдиришкендей, Илимдер академиясынын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, баюу максатында ишкерлер менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, аларга мыйзамсыз бөлмөлөрдү берип, тиешелүү эсептик жоопкерчиликтерди айланып өтүп, ижара акысы үчүн өз алдынча акча алышкан. Учурда бул мыйзам бузуулардын натыйжасында, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмдөрүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Андан тышкары, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Илимдер академиясынан өлкөнүн бардык аймагы боюнча 20га жакын объект жеке жана башка менчикке чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтар алынды. Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган чабуулу үчүн АКШга жооп берилиши керек. Бул туурасында Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Франция лидери Эммануэль Макрон менен телефондон сүйлөшкөндө айтканы анын расмий сайтында жазылган. "АКШ бизге кол салды. Эгерде ушундай абалда калсаңар, сиз эмне кылат элеңиз? Албетте, алар көрсөткөн агрессиясына жооп алышы керек", — деген Пезешкиан. Франциянын президенти Иран башчысына Париж Жакынкы Чыгышта болуп жаткан жаңжалдарды токтотуу боюнча аракет кылууга даяр экендигин айткан. Андан сырткары, Тегеран менен диалогду улантууга ынтызарлыгын кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/17/1094843027_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a25f04eebdf63f30b193096f7464b049.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио