https://sputnik.kg/20250623/1094839054.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Нарында сел жүрүп, 47 үйдү каптадыИрандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Москвага келдиАдылбек Касымалиев мамлекеттик кызматтын кызматкерлерин майрамы менен... 23.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-23T13:00+0600
2025-06-23T13:00+0600
2025-06-23T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/17/1094838922_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_09282d174c1cc1f85069882dc0e0ba5e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Нарында сел жүрүп, 47 үйдү каптадыИрандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Москвага келдиАдылбек Касымалиев мамлекеттик кызматтын кызматкерлерин майрамы менен куттуктадыАлдыда кененирээкМинистрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Куттуктоо текстинде төмөндөгүдөй айтылат: «Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү менен куттуктайм!"Сиздер Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында аныкталган дымактуу максаттарды ишке ашырууда авангард болосуздар. Өлкө модернизация жолуна түшүп, ишенимдүү илгерилеп баратканда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасы ийкемдүү кесипкөй институт болуп трансформациялануусу ушул программанын ишке ашуусунун негизги фактору болот", -деген минкаб башчысы.
Нарын шаарында сел жүрүп, 45 үйдүн короосун каптап, эки үйгө кирип кеткенин ӨКМден билдиришти. Кечээ катуу жааган жамгырдан улам Нарын каналындагы суу нугунан чыккан.Куткаруучулар 10 үйдү тазалап, калган ишти бүгүн улантып жатышат. Буга чейин Кыргызгидромет аба ырайы өзгөрүп, жер-жерлерде нөшөрлөп жамгыр жаап, мындан улам сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.
Кыргызстанда 158 миңден ашык бала мектепке катталды. Бул маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган. Анын ичинен 2,3 миң бенефициар катталган. 131 миңден ашык орун акысыз бойдон калууда, анын ичинде 27,4 миң жеңилдиги барлар үчүн катталган. Буга чейин расмийлер бенефициарлар улуттук коопсуздук органдары тарабынан текшерилерин эскерткен. Белгилей кетсек, 2-июндан тарта электрондук каттоо иш жүзүндө жашаган жери боюнча (каттоо дарегине карабастан) жүргүзүлүүдө. Ал 15-августка чейин созулат.
Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи Москвага сүйлөшүүлөр үчүн келди. Бул тууралуу IRNA агенттигине шилтеме жасап РИА Новости кабарлаган. Маалыматка ылайык, Аббас Аракчи Россиянын президенти Владимир Путин жана башка жогорку даражалуу аткаминерлер менен жолугат. Сүйлөшүүлөрдө АКШ жана Израиль тарабынан Иранга жасалган чабуулдардан кийин Жакынкы Чыгышта, жалпы эле дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдын кандай өнүгөрү талкууланат.
Ормуз кысыгы жабылса, АКШ үчүн аянт жок калат. Бул туурасында РФтин Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. 22-июнда Ирандын парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү Исмаил Коусари Ормуз кысыгын жабууну колдоорун, акыркы чечимди Улуттук коопсуздук кеңеши кабыл аларын айткан. "Мунай дүйнөлүк нарк менен бааланып жатат. Эгерде Ормуз кысыгын жапсак, АКШ үчүн жакшы болбойт. Мунай боюнча дүйнөлүк, нес кылган кескин окуядан эч ким сыртта калбайт, бензиндин баасы көтөрүлөт", — деп жазган Дмитриев. Иран-Израиль чатагынан улам Brent мунайынын баррели 5,7ден 81,4 пайызга чейин кымбаттап кеткенин Bloomberg жазды. Нефтинин соңку ирет бул көрсөткүчү январь айында болгон. Эксперттер эгерде Иран АКШнын чабуулуна жооп кылып Ормузду жок дегенде бир күн жаап койсо, баа кескин көтөрүлүп, баррели 120дан 150 долларга чейин өсүп кетерин айтышууда.
Нарында сел жүрүп, 47 үйдү каптадыИрандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Москвага келдиАдылбек Касымалиев мамлекеттик кызматтын кызматкерлерин майрамы менен куттуктадыАлдыда кененирээкМинистрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Куттуктоо текстинде төмөндөгүдөй айтылат: «Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү менен куттуктайм!"Сиздер Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында аныкталган дымактуу максаттарды ишке ашырууда авангард болосуздар. Өлкө модернизация жолуна түшүп, ишенимдүү илгерилеп баратканда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасы ийкемдүү кесипкөй институт болуп трансформациялануусу ушул программанын ишке ашуусунун негизги фактору болот", -деген минкаб башчысы.Нарын шаарында сел жүрүп, 45 үйдүн короосун каптап, эки үйгө кирип кеткенин ӨКМден билдиришти. Кечээ катуу жааган жамгырдан улам Нарын каналындагы суу нугунан чыккан.Куткаруучулар 10 үйдү тазалап, калган ишти бүгүн улантып жатышат. Буга чейин Кыргызгидромет аба ырайы өзгөрүп, жер-жерлерде нөшөрлөп жамгыр жаап, мындан улам сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен. Кыргызстанда 158 миңден ашык бала мектепке катталды. Бул маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган. Анын ичинен 2,3 миң бенефициар катталган. 131 миңден ашык орун акысыз бойдон калууда, анын ичинде 27,4 миң жеңилдиги барлар үчүн катталган. Буга чейин расмийлер бенефициарлар улуттук коопсуздук органдары тарабынан текшерилерин эскерткен. Белгилей кетсек, 2-июндан тарта электрондук каттоо иш жүзүндө жашаган жери боюнча (каттоо дарегине карабастан) жүргүзүлүүдө. Ал 15-августка чейин созулат.Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи Москвага сүйлөшүүлөр үчүн келди. Бул тууралуу IRNA агенттигине шилтеме жасап РИА Новости кабарлаган. Маалыматка ылайык, Аббас Аракчи Россиянын президенти Владимир Путин жана башка жогорку даражалуу аткаминерлер менен жолугат. Сүйлөшүүлөрдө АКШ жана Израиль тарабынан Иранга жасалган чабуулдардан кийин Жакынкы Чыгышта, жалпы эле дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдын кандай өнүгөрү талкууланат. Ормуз кысыгы жабылса, АКШ үчүн аянт жок калат. Бул туурасында РФтин Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. 22-июнда Ирандын парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү Исмаил Коусари Ормуз кысыгын жабууну колдоорун, акыркы чечимди Улуттук коопсуздук кеңеши кабыл аларын айткан. "Мунай дүйнөлүк нарк менен бааланып жатат. Эгерде Ормуз кысыгын жапсак, АКШ үчүн жакшы болбойт. Мунай боюнча дүйнөлүк, нес кылган кескин окуядан эч ким сыртта калбайт, бензиндин баасы көтөрүлөт", — деп жазган Дмитриев. Иран-Израиль чатагынан улам Brent мунайынын баррели 5,7ден 81,4 пайызга чейин кымбаттап кеткенин Bloomberg жазды. Нефтинин соңку ирет бул көрсөткүчү январь айында болгон. Эксперттер эгерде Иран АКШнын чабуулуна жооп кылып Ормузду жок дегенде бир күн жаап койсо, баа кескин көтөрүлүп, баррели 120дан 150 долларга чейин өсүп кетерин айтышууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/17/1094838922_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_569e3644a8654c1f85a4dedf9879fc5f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио