https://sputnik.kg/20250602/saud-arabiya-biyyl-zyyaratchylardy-kabyl-aluuga-kantip-dayardandy-1094366661.html
Сауд Арабия ажылыкка кантип даярданды. Коопсуздук чаралары жана жаңы чектөөлөр
Сауд Арабия ажылыкка кантип даярданды. Коопсуздук чаралары жана жаңы чектөөлөр
Sputnik Кыргызстан
МЕККЕ, 2-июн. — Sputnik. 2025-жылдагы ажылык иштерге көрүлгөн даярдык аяктагандыгын Мекке шаарында Сауд Арабиянын Ажы жана умра иштери боюнча министрлиги... 02.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-02T19:04+0600
2025-06-02T19:04+0600
2025-06-02T19:04+0600
дүйнөдө
сауд аравиясы
ажылык сапар
зыяратчы
шарт
талап
виза
https://sputnik.kg/img/07e9/06/02/1094363650_0:121:3071:1848_1920x0_80_0_0_9e191c4e5b32c200beb921a67eafee90.jpg
МЕККЕ, 2-июн. — Sputnik. 2025-жылдагы ажылык иштерге көрүлгөн даярдык аяктагандыгын Мекке шаарында Сауд Арабиянын Ажы жана умра иштери боюнча министрлиги маалымат жыйында айтып берди. Ажылык сапар 4-июнда кечинде башталат. Уюштуруу, коопсуздук жана виза саясаты иштеринде санариптешүүдөн улам бир топ өзгөрүүлөр болгон. Бул жерде өткөн жылы аптап учурунда 1300 зыяратчы көз жумган трагедиялуу окуя эске алынган. Инфраструктуралык чечимдер: Балдардын катышуусуна тыюу салуу Жаңы киргизилген өзгөрүүлөрдүн бири — жашы жете электердин ажылык сапарга чыгышына толук тыюу салынды. "Биз бул чечимди балдардын өмүрү менен саламаттыгы үчүн кабыл алдык. Аптап, элдин көптүгү кооптуу, алар көпкө чейин басып жүрө албайт", — деген министрликтин расмий өкүлү. Ажыга биринчи аттангандарга артыкчылык Исламдагы ажыга баруу парз деген милдеттен улам бул сапарга биринчи ирет келчүлөргө артыкчылык берилген. Ал эми мурда келгендердин арызы акыркылардан болуп каралат. Автоматтык жаңы тандоо системасы зыяратчынын паспортуна байкоо салып, диний сапарларын көрүп, анын тарыхы боюнча арыздарды кезеги менен коет. Мындай жол менен Сауд Арабия буга чейин келе элек мусулмандарга аталган парзын аткаруусуна, алардын болушунча көп келишине шарт түзүп бермекчи. Кээ бир өлкөлөргө коюлган визалык чектөөлөр 2025-жылдын 1-февралынан тарта Индия, Египет, Пакистан, Индонезия жана Бангладешти кошкондо 14 өлкөгө визалык жаңы эрежелер киргизилди. Ажылык үчүн көп жолку виза эми жарабайт. Бир сапарга жана белгиленген, чектелген мөөнөттөргө гана берилет. Бул мыйзамсыз ажылык сапарды алдын алуу үчүн жасалып жатканын айтышты. Мурда туристтик жана умра визасын алып койгон зыяратчылар Меккеде мыйзамсыз калып калыша турган. Мыйзамсыз "ажылар" тууралуу 1-июнга карата Меккеге расмий уруксатсыз киргенге аракет кылган 269 678 адам кармалган. Мындай кадамга баргандар 5000 доллар айыпка жыгылат. Жаза жергиликтүү тургундарга да тийиштүү. Көзөмөл иштери станционардык жайларда, жүздөн таануу иштери жана дрондор системасы менен жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүү жана логистика 2025-жылдан тартып Мекке жана Медина шаарларындагы зыяратчылардын жайгашуусу менен тамак-ашын уюштуруу жоопкерчилиги мамлекеттик Mu"assasa компаниясына өттү. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү бирдиктүү стандартка келтирүүгө жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Буга чейин ушундай система Мина, Арафат жана Муздалифа аймактарында майнаптуу ишке ашкан. Зыяратчылар өз багыттарын, брондоолорун, транспорттук графиктерин көзөмөлдөп, маалыматтарды алуучу бирдиктүү санарип платформа ишке киргизилди. Жидда жана Медина аэропорттору аркылуу улуттук жана чартердик авиакомпаниялардын кошумча каттамдары уюштурулду. Nusuk жана Tawakkalna Hajj тиркемелери жаңыланып, азыркы тапта алар 10 тилде, анын ичинде орус, урду, француз жана индонезия тилдеринде да жеткиликтүү. Ажылык министри Тауфик аль-Рабианын айтымында, Сауд Арабия бийлигинин максаты — кооптуулуктан алыс болгон, бейкам жана эрежелер бузулбаган ажылык сапарды уюштуруп берүү. "Теңчиликке, коопсуздукка жана ар бир адам үчүн кишини кыйнабаган зыяратчылыктын болушуна умтулабыз", — деген ал. Министрликтин маалыматында, 2025-жылы 1,8 миллион зыяратчынын келиши күтүлүүдө.Эске салсак, 5-июнь арапа, ал эми 6-июнь Курман айт белгиленет.
https://sputnik.kg/20250112/kyrgyzstan-azhylyk-kvota-1091371189.html
сауд аравиясы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Нурзат Усебаев
https://sputnik.kg/img/104627/00/1046270067_564:331:1678:1445_100x100_80_0_0_fb2290b059109dace940c21c7de9b77e.jpg
Нурзат Усебаев
https://sputnik.kg/img/104627/00/1046270067_564:331:1678:1445_100x100_80_0_0_fb2290b059109dace940c21c7de9b77e.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/02/1094363650_182:0:2913:2048_1920x0_80_0_0_a2f019f98fffd7d693dadc20d3ba4d5a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурзат Усебаев
https://sputnik.kg/img/104627/00/1046270067_564:331:1678:1445_100x100_80_0_0_fb2290b059109dace940c21c7de9b77e.jpg
дүйнөдө, сауд аравиясы, ажылык сапар, зыяратчы, шарт, талап, виза
дүйнөдө, сауд аравиясы, ажылык сапар, зыяратчы, шарт, талап, виза
МЕККЕ, 2-июн. — Sputnik. 2025-жылдагы ажылык иштерге көрүлгөн даярдык аяктагандыгын Мекке шаарында Сауд Арабиянын Ажы жана умра иштери боюнча министрлиги маалымат жыйында айтып берди.
Ажылык сапар 4-июнда кечинде башталат. Уюштуруу, коопсуздук жана виза саясаты иштеринде санариптешүүдөн улам бир топ өзгөрүүлөр болгон. Бул жерде өткөн жылы аптап учурунда 1300 зыяратчы көз жумган трагедиялуу окуя эске алынган.
Инфраструктуралык чечимдер:
ажылыкка келгендер күнгө какталбасын деп алар жүрө турган жерлерге 10 миң түптөн ашуун бак-дарак отургузулду;
400 туруктуу суу муздаткыч, ошондой эле эл эң көп чогулган аймактарда суу бүркүүчү системалар орнотулду;
күндүн нурун чагылткычтар коюлган. Алар жолдун ысып кетпеши үчүн колдонулат;
жасалма интеллектиге негизделген дрондор колдонулууда. Алар адамдардын кыймылын жана топтолушун көзөмөлдөп, түртүшүүнү, тебелендиде калууну алдын алууга жардам берет;
Мина жана Арафаттагы чатыр шаарчаларда аба муздаткычтар боюнча көзөмөл күчөтүлдү;
Ажы министрлиги коопсуздукту жана квоталарды адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыз кылуу үчүн айрым чектөөлөр зарыл экенин белгиледи.
Балдардын катышуусуна тыюу салуу
Жаңы киргизилген өзгөрүүлөрдүн бири — жашы жете электердин ажылык сапарга чыгышына толук тыюу салынды.
"Биз бул чечимди балдардын өмүрү менен саламаттыгы үчүн кабыл алдык. Аптап, элдин көптүгү кооптуу, алар көпкө чейин басып жүрө албайт", — деген министрликтин расмий өкүлү.
Ажыга биринчи аттангандарга артыкчылык
Исламдагы ажыга баруу парз деген милдеттен улам бул сапарга биринчи ирет келчүлөргө артыкчылык берилген. Ал эми мурда келгендердин арызы акыркылардан болуп каралат. Автоматтык жаңы тандоо системасы зыяратчынын паспортуна байкоо салып, диний сапарларын көрүп, анын тарыхы боюнча арыздарды кезеги менен коет.
Мындай жол менен Сауд Арабия буга чейин келе элек мусулмандарга аталган парзын аткаруусуна, алардын болушунча көп келишине шарт түзүп бермекчи.
Кээ бир өлкөлөргө коюлган визалык чектөөлөр
2025-жылдын 1-февралынан тарта Индия, Египет, Пакистан, Индонезия жана Бангладешти кошкондо 14 өлкөгө визалык жаңы эрежелер киргизилди.
Ажылык үчүн көп жолку виза эми жарабайт. Бир сапарга жана белгиленген, чектелген мөөнөттөргө гана берилет. Бул мыйзамсыз ажылык сапарды алдын алуу үчүн жасалып жатканын айтышты. Мурда туристтик жана умра визасын алып койгон зыяратчылар Меккеде мыйзамсыз калып калыша турган.
Мыйзамсыз "ажылар" тууралуу
1-июнга карата Меккеге расмий уруксатсыз киргенге аракет кылган 269 678 адам кармалган. Мындай кадамга баргандар 5000 доллар айыпка жыгылат. Жаза жергиликтүү тургундарга да тийиштүү. Көзөмөл иштери станционардык жайларда, жүздөн таануу иштери жана дрондор системасы менен жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүү жана логистика
2025-жылдан тартып Мекке жана Медина шаарларындагы зыяратчылардын жайгашуусу менен тамак-ашын уюштуруу жоопкерчилиги мамлекеттик Mu"assasa компаниясына өттү. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү бирдиктүү стандартка келтирүүгө жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Буга чейин ушундай система Мина, Арафат жана Муздалифа аймактарында майнаптуу ишке ашкан.
Зыяратчылар өз багыттарын, брондоолорун, транспорттук графиктерин көзөмөлдөп, маалыматтарды алуучу бирдиктүү санарип платформа ишке киргизилди.
Жидда жана Медина аэропорттору аркылуу улуттук жана чартердик авиакомпаниялардын кошумча каттамдары уюштурулду.
Nusuk жана Tawakkalna Hajj тиркемелери жаңыланып, азыркы тапта алар 10 тилде, анын ичинде орус, урду, француз жана индонезия тилдеринде да жеткиликтүү.
Ажылык министри Тауфик аль-Рабианын айтымында, Сауд Арабия бийлигинин максаты — кооптуулуктан алыс болгон, бейкам жана эрежелер бузулбаган ажылык сапарды уюштуруп берүү.
"Теңчиликке, коопсуздукка жана ар бир адам үчүн кишини кыйнабаган зыяратчылыктын болушуна умтулабыз", — деген ал.
Министрликтин маалыматында, 2025-жылы 1,8 миллион зыяратчынын келиши күтүлүүдө.
Эске салсак, 5-июнь арапа, ал эми 6-июнь Курман айт белгиленет.