00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:59
1 мин
Ежедневные новости
18:00
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түркияда кармалган кыргыз мугалим үй камагына чыгарылды

© Sputnik / Тимур БатыршинКол кишен
Кол кишен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурматов үй камагына чыгарылганын жубайы маалымдады.
Анын айтымында, Нурматовго Түркиянын аймагынан чыгууга тыюу салынган, ал мейманканада жашап турат.
Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да маалымат берип, мугалим Газиантеп провинциясынын сотунун 9-майдагы чечиминен улам үй камагына чыгарылганын билдирди.
"Министрлик Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Нурматовдун жактоочусу менен биргеликте анын мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоону улантууда. Маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат", – дешти мекемеден.
Эске салсак, Караколдогу Кусейин Карасаев атындагы балдар лицейинин мугалими Азамат Нурматов апрелдин аягында окуучуларын математика боюнча эл аралык олимпиадага алып бара жатып, Түркияга киргенде Стамбулдун аэропортунан кармалган. Ал "Маариф" мектебинде иштейт, өзү да "Сапат" түрк лицейин бүтүргөн.
28-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде кыргызстандык мугалим "Хизмет" (Түркияда террордук уюм катары таанылган ) кыймылына тиешелүү иш боюнча кармалганын билдирген.
"Нурматов 2016-2017-жылдары аскерий төңкөрүш болгон маалда Түркиядагы бир жатаканада жашаган экен. Ошол кезде көбүнчө Фетхуллах Гүллендин колдоочулары пайдаланган уюлдук тиркемени колдонуптур. Түрк тарап ошонун негизинде Нурматовго издөө жарыялаган", — деген Имангазиев.
Министрдин орун басары педагогдун жактоочусу менен ТИМ кызматкерлери тыгыз иштешип жатканын, маселе көзөмөлдө экенин кошумчалаган.
FETO кыймылы Түркияда террордук уюм деп таанылган. Анын негиздөөчүсү маркум Фетхуллах Гүлен 2016-жылы жайында Түркияда 250дөй адам набыт болгон төңкөрүштү жасоого аракет кылган деп шектелип келген. Бул окуялардан кийин өлкөдө даабатчылар, кыймылдын миңдеген жактоочулары кармалган. Гүлен 1999-жылдан бери АКШда жашап, былтыр октябрда көз жумган.
Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2025
Акыйкатчы Стамбулда кармалган мугалим боюнча түркиялык кесиптешине кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0