https://sputnik.kg/20250505/1093766646.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясы менен Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өз ара... 05.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-05T08:59+0600
2025-05-05T08:59+0600
2025-05-05T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/05/1093766514_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_036536557eed225f367507b24a4b1c4d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясы менен Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу аталган агенттик маалымдады. Билдирүүгө ылайык, аталган келишим өлкөдө өнүгүп келе жаткан санариптик активдер менен блокчейн жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган. Меморандумга президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн Санариптик активдерди өнүктүрүү боюнча Кеңештин биринчи жыйында кол коюлду. Агенттик маалымдагандай, бул келишим Кыргызстандын аймагында жана андан тышкаркы аймактарда криптоактивдерди өнүктүрүү боюнча стратегиялык кызматташтыкка багытталган. Өнөктөштүк Кыргызстанда криптовалюталык төлөмдөрдү Binance Pay аркылуу киргизүүнү камтыйт, бул биринчи кезекте өлкөгө келген туристтер үчүн ыңгайлуу. Демилге ошондой эле Борбор Азиядагы жана Евразия экономикалык биримдигиндеги трансчек аралык төлөм жүргүзүүнү өзгөртүүгө, аймактардын баарында транзакцияларды натыйжалуу кылууга жол ачат. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Фархат Иминов меморандум Кыргызстандагы криптоактивдер секторун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгилеген.
Денис Петрашов жыл башынан бери АКШдагы турнирлерде бешинчи алтын медалын багындырды. Алсак, Флорида штатынын Форт-Лодердейл шаарында өткөн TYR Pro Swim Series эл аралык турниринде кыргызстандык спортчу 200, 100 жана 50 метр аралыктарда брасс боюнча биринчи орундарды ээледи. Мунун ичинен 100 метрди брасс стилинде сүзүп, 59,23 секундда келгени кыргызстандык спортчу үчүн аталган дистанцияда рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Буга чейин ал апрель айында Сакраментодо өткөн мелдеште 50 жана100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө эки алтын медалга ээ болгон.
8-9-май күндөрү Бишкектеги бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чараларга байланыштуу 8-9-май күндөрү Бишкектеги бир нече көчө жабылат. Алар төмөнкү көчөлөр: Ибраимов көчөсү Жибек-Жолунан Чүй проспектисине чейин; Шопоков көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин; Чүй проспектиси Курманжан Даткадан Турусбековго чейин. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы шаар тургундарын бул убактылуу чараларды түшүнүү менен кабыл алып, барчу жерлерге багыттарды алдын ала пландоого чакырды.
Дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясы менен Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу аталган агенттик маалымдады. Билдирүүгө ылайык, аталган келишим өлкөдө өнүгүп келе жаткан санариптик активдер менен блокчейн жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган. Меморандумга президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн Санариптик активдерди өнүктүрүү боюнча Кеңештин биринчи жыйында кол коюлду. Агенттик маалымдагандай, бул келишим Кыргызстандын аймагында жана андан тышкаркы аймактарда криптоактивдерди өнүктүрүү боюнча стратегиялык кызматташтыкка багытталган. Өнөктөштүк Кыргызстанда криптовалюталык төлөмдөрдү Binance Pay аркылуу киргизүүнү камтыйт, бул биринчи кезекте өлкөгө келген туристтер үчүн ыңгайлуу. Демилге ошондой эле Борбор Азиядагы жана Евразия экономикалык биримдигиндеги трансчек аралык төлөм жүргүзүүнү өзгөртүүгө, аймактардын баарында транзакцияларды натыйжалуу кылууга жол ачат. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Фархат Иминов меморандум Кыргызстандагы криптоактивдер секторун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгилеген. Денис Петрашов жыл башынан бери АКШдагы турнирлерде бешинчи алтын медалын багындырды. Алсак, Флорида штатынын Форт-Лодердейл шаарында өткөн TYR Pro Swim Series эл аралык турниринде кыргызстандык спортчу 200, 100 жана 50 метр аралыктарда брасс боюнча биринчи орундарды ээледи. Мунун ичинен 100 метрди брасс стилинде сүзүп, 59,23 секундда келгени кыргызстандык спортчу үчүн аталган дистанцияда рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Буга чейин ал апрель айында Сакраментодо өткөн мелдеште 50 жана100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө эки алтын медалга ээ болгон. 8-9-май күндөрү Бишкектеги бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чараларга байланыштуу 8-9-май күндөрү Бишкектеги бир нече көчө жабылат. Алар төмөнкү көчөлөр: Ибраимов көчөсү Жибек-Жолунан Чүй проспектисине чейин; Шопоков көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин; Чүй проспектиси Курманжан Даткадан Турусбековго чейин. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы шаар тургундарын бул убактылуу чараларды түшүнүү менен кабыл алып, барчу жерлерге багыттарды алдын ала пландоого чакырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/05/1093766514_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4c4d8eeadab32a0eb6dcfc86c13ebe27.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
08:59 05.05.2025 (Жаңыртылды: 09:10 05.05.2025) Дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясы менен Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу аталган агенттик маалымдады. Билдирүүгө ылайык, аталган келишим өлкөдө өнүгүп келе жаткан санариптик активдер менен блокчейн жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган. Меморандумга президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн Санариптик активдерди өнүктүрүү боюнча Кеңештин биринчи жыйында кол коюлду. Агенттик маалымдагандай, бул келишим Кыргызстандын аймагында жана андан тышкаркы аймактарда криптоактивдерди өнүктүрүү боюнча стратегиялык кызматташтыкка багытталган. Өнөктөштүк Кыргызстанда криптовалюталык төлөмдөрдү Binance Pay аркылуу киргизүүнү камтыйт, бул биринчи кезекте өлкөгө келген туристтер үчүн ыңгайлуу. Демилге ошондой эле Борбор Азиядагы жана Евразия экономикалык биримдигиндеги трансчек аралык төлөм жүргүзүүнү өзгөртүүгө, аймактардын баарында транзакцияларды натыйжалуу кылууга жол ачат. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Фархат Иминов меморандум Кыргызстандагы криптоактивдер секторун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгилеген.
Денис Петрашов жыл башынан бери АКШдагы турнирлерде бешинчи алтын медалын багындырды. Алсак, Флорида штатынын Форт-Лодердейл шаарында өткөн TYR Pro Swim Series эл аралык турниринде кыргызстандык спортчу 200, 100 жана 50 метр аралыктарда брасс боюнча биринчи орундарды ээледи. Мунун ичинен 100 метрди брасс стилинде сүзүп, 59,23 секундда келгени кыргызстандык спортчу үчүн аталган дистанцияда рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Буга чейин ал апрель айында Сакраментодо өткөн мелдеште 50 жана100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө эки алтын медалга ээ болгон.
8-9-май күндөрү Бишкектеги бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чараларга байланыштуу 8-9-май күндөрү Бишкектеги бир нече көчө жабылат. Алар төмөнкү көчөлөр: Ибраимов көчөсү Жибек-Жолунан Чүй проспектисине чейин; Шопоков көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин; Чүй проспектиси Курманжан Даткадан Турусбековго чейин. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы шаар тургундарын бул убактылуу чараларды түшүнүү менен кабыл алып, барчу жерлерге багыттарды алдын ала пландоого чакырды.