https://sputnik.kg/20250303/1092396715.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Кыргызцентрпродукт” компаниясы жашылча жана мөмө-жемиштерди тоңдуруунун экинчи линиясын ишке киргизүүгө жана... 03.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-03T08:59+0600
2025-03-03T08:59+0600
2025-03-03T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/03/1092396583_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f8436b55d9ec6918be5e66d2d6a6b517.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Кыргызцентрпродукт” компаниясы жашылча жана мөмө-жемиштерди тоңдуруунун экинчи линиясын ишке киргизүүгө жана модернизациялоого багытталган жаңы каржылоо келишимин түзүштү. Фонддун маалыматы боюнча, бул 2017-жылдан бери компания менен кызматташуунун алкагында колдоого алынган төртүнчү долбоор. “Компания фонддун колдоосу менен айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн ийгиликтүү моделин көрсөтүүдө. Чакан жашылча кампасынан баштаган “Кыргызцентрпродукт” Евразия экономикалык биримдигинде айыл чарба продукциясын экспорттоочулардын бирине айланды”, - деди фонддун төрагасы Артем Новиков. Анын айтымында, бүгүнкү күндө компания тоңдурулган продукциясынын 90%ын Россияга, 5%ын Казакстанга жеткирип, калган 5%ын ички рынокко сатууда.
өлкөдө 1,6 миллиондон ашуун унаа болсо, анын 220 миңге жакыны гана камсыздандырылган. Бул тууралуу "Алма — Иншуренс" камсыздандыруу компаниясынын башкы директору Саламат Нурдин уулу билдирди.Анын айтымында, эффективдүү иш жүргүзүү үчүн камсыздандыруу компаниялары кошумча адистерди жумушка тартат. "Өлкөдө 1 миллион 600 миң автоунаа бар. Учурда иштеп жаткан 16 камсыздандыруу компаниясы мынча унаага кантип жетишери ойлондурат. Ар бири күнүнө миңден унаа камсыздандырса дагы бул канча деген убакытка созулат. Жарым жылдан кийин камсыздандырбагандарга айып салына баштайт. Менин оюмча, эртең айып күчүнө кирет дегенде компаниялардын эшигинде тыгын жаралат. Узун кезекте тургусу келбегендер эмитен аракет кылышы керек", — деди Нурдин уулу. Ал ошондой эле унааны банктардын тиркемелери аркылуу камсыздандырып, кагазын почта аркылуу алса болорун кошумчалады.
Бишкекте Масленица майрамы белгиленди. Кышты узатуу үчүн Маданият министрлигинин алдындагы аянтка чогулгандар элдик ырларды аткарып, бийлеп, оюн-зоокторго катышып көңүл ачышты. Соңунда Масленицанын салтка айланган азыгы куймак таратылды. Борбордогу иш-чара "Гармония" орус маданий борбору тарабынан уюштурулган. Ага мэрия, Россиянын элчилиги жана Семиречье казактарынын "Наследие" союзу колдоо көрсөткөн. Майрамдык шаң Бишкектен тышкары Каракол, Ош, Кант, Кара-Балта шаарларында жана Ленинское айылында белгиленди.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү кайым айтышуусунан кийин эл алдында кечирим суроосун каалайт. Бул тууралуу Bloomberg европалык аты аталбаган аткаминердин айткандарына таянып жазганын РИА Новости жарыялады. Эске салсак, Трамп менен Зеленский Вашингтондо жума күнү жолугушуп, анда пикир келишпестиктер жаралган. Fox News телеканалынын маалыматы боюнча, экөө айтыша кеткенден кийин Трамп Зеленскийди аны сыйлабагандыгы үчүн "залдан чыгарып салган". Мындай жагдайдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында сейрек кездешүүчү металлдар боюнча Вашингтон менен Киевдин ортосундагы келишимге кол коюу жокко чыгарылган. "Трамптын администрациясы мамилени оңдоо үчүн Зеленскийдин эл алдында кечирим суроосун каалай турганын ачык эле айтты",
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен “Кыргызцентрпродукт” компаниясы жашылча жана мөмө-жемиштерди тоңдуруунун экинчи линиясын ишке киргизүүгө жана модернизациялоого багытталган жаңы каржылоо келишимин түзүштү. Фонддун маалыматы боюнча, бул 2017-жылдан бери компания менен кызматташуунун алкагында колдоого алынган төртүнчү долбоор. “Компания фонддун колдоосу менен айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн ийгиликтүү моделин көрсөтүүдө. Чакан жашылча кампасынан баштаган “Кыргызцентрпродукт” Евразия экономикалык биримдигинде айыл чарба продукциясын экспорттоочулардын бирине айланды”, - деди фонддун төрагасы Артем Новиков. Анын айтымында, бүгүнкү күндө компания тоңдурулган продукциясынын 90%ын Россияга, 5%ын Казакстанга жеткирип, калган 5%ын ички рынокко сатууда. өлкөдө 1,6 миллиондон ашуун унаа болсо, анын 220 миңге жакыны гана камсыздандырылган. Бул тууралуу "Алма — Иншуренс" камсыздандыруу компаниясынын башкы директору Саламат Нурдин уулу билдирди.Анын айтымында, эффективдүү иш жүргүзүү үчүн камсыздандыруу компаниялары кошумча адистерди жумушка тартат. "Өлкөдө 1 миллион 600 миң автоунаа бар. Учурда иштеп жаткан 16 камсыздандыруу компаниясы мынча унаага кантип жетишери ойлондурат. Ар бири күнүнө миңден унаа камсыздандырса дагы бул канча деген убакытка созулат. Жарым жылдан кийин камсыздандырбагандарга айып салына баштайт. Менин оюмча, эртең айып күчүнө кирет дегенде компаниялардын эшигинде тыгын жаралат. Узун кезекте тургусу келбегендер эмитен аракет кылышы керек", — деди Нурдин уулу. Ал ошондой эле унааны банктардын тиркемелери аркылуу камсыздандырып, кагазын почта аркылуу алса болорун кошумчалады.Бишкекте Масленица майрамы белгиленди. Кышты узатуу үчүн Маданият министрлигинин алдындагы аянтка чогулгандар элдик ырларды аткарып, бийлеп, оюн-зоокторго катышып көңүл ачышты. Соңунда Масленицанын салтка айланган азыгы куймак таратылды. Борбордогу иш-чара "Гармония" орус маданий борбору тарабынан уюштурулган. Ага мэрия, Россиянын элчилиги жана Семиречье казактарынын "Наследие" союзу колдоо көрсөткөн. Майрамдык шаң Бишкектен тышкары Каракол, Ош, Кант, Кара-Балта шаарларында жана Ленинское айылында белгиленди. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү кайым айтышуусунан кийин эл алдында кечирим суроосун каалайт. Бул тууралуу Bloomberg европалык аты аталбаган аткаминердин айткандарына таянып жазганын РИА Новости жарыялады. Эске салсак, Трамп менен Зеленский Вашингтондо жума күнү жолугушуп, анда пикир келишпестиктер жаралган. Fox News телеканалынын маалыматы боюнча, экөө айтыша кеткенден кийин Трамп Зеленскийди аны сыйлабагандыгы үчүн "залдан чыгарып салган". Мындай жагдайдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында сейрек кездешүүчү металлдар боюнча Вашингтон менен Киевдин ортосундагы келишимге кол коюу жокко чыгарылган. "Трамптын администрациясы мамилени оңдоо үчүн Зеленскийдин эл алдында кечирим суроосун каалай турганын ачык эле айтты",
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/03/1092396583_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e6563aab8923e483d2cc905185c3bb60.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио