00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
On air
08:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
2 мин
Будь в курсе
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргызстан көчмөн цивилизациясынын мураскору боло алабы?
09:02
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Документы, хроника и обвиняемые - историк о Нюрнбергском процессе и его уроках для современности
10:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 11:00
11:00
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баш оору: себептери, алдын алуу жана дарылоо жолдору кандай?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Пентагондун башчысы Хегсет Зеленскийден эпке келүүнү талап кылды

© Getty Images / LightRocket / SOPA Images /Jen GolbeckАКШ Пентагону
АКШ Пентагону - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Пентагондун башчысы Пит Хегсет Владимир Зеленскийди Украинада тынчтык орнотуу үчүн эпке келүүгө чакырып, АКШ менен экономикалык кызматташуу Киев үчүн өтө маанилүү экенин эскертти. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Тынчтык орнотууга мынчалык жакын келе элек болчубуз. Сүйлөшүүлөрдөн кабарым бар. Чоң жылыш болду, демек, Зеленский эпке келиши керек, экономикалык кызматташуу анын өлкөсү үчүн абдан маанилүү. Жакын арада бул кадамга барат деп ишенебиз", — деген Хегсет.
Пентагондун башчысы жаңжал кандай сценарий менен бүтөрүнө карабай АКШ Украинага аскер жөнөтпөй турганын белгилеген.
Эскерте кетсек, буга чейин РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп, Украинадагы абалды жөнгө салууну да талкуулашкан. Лидерлер байланышты үзбөй, жеке жолугушууну уюштурууга макулдашышкан болчу. Путин буга чейин Украина чыры күч топтоп алуучу убактылуу элдешүү эмес, узак мөөнөттүү тынчтык болушу керектигин бир нече ирет айткан. Өз кезегинде Трамп Зеленский Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча келишим түзүүгө даяр экенин белгилеп, шартын ачыктаган эмес.
3-февраль күнү ал Вашингтон аскердик жана финансылык колдоосу үчүн Киевден сейрек кездешүүчү металл жеткире турган кепилдик күтүп жатканын билдирген. The Washington Post гезити аткаминерлерге таянуу менен 14-февраль күнү Зеленский менен Мюнхенде жолуккан америкалык аткаминерлер Украинанын казыла элек минералдык ресурстарынын 50 пайызына ээлик кыла турган документти сунушташканын жазды. Эртеси Зеленский АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнске макулдашууга кол койбой турганын айткан.
АКШ президентинин кеңешчиси Майк Уолтц 21-февраль күнү Зеленский сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кайтып келиши керектигин айтып, ал күн алыс эмес экенине ишеним арткан.
Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2025
Зеленский АКШга карыз төлөөдөн баш тартты
Жаңылыктар түрмөгү
0