https://sputnik.kg/20250113/zhogorku-kenesh-toraga-familiya-ozgorttu-1091384113.html
Жогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөрткөнүн жар салды
Жогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөрткөнүн жар салды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын Тургунбек уулу деп өзгөрткөнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу жарыялады. 13.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-13T14:17+0600
2025-01-13T14:17+0600
2025-01-13T14:17+0600
кыргызстан
фамилия
жогорку кеңеш
мыйзам долбоору
https://sputnik.kg/img/07e7/09/1c/1078977981_0:54:1850:1095_1920x0_80_0_0_0faa073a43f8fec7e3273a05cc86dd1d.jpg
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын Тургунбек уулу деп өзгөрткөнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу жарыялады.Төрага бул анын көптөн берки кыялы экенин белгиледи.Эске салсак, фамилия алууда кеңири тандоо укугун берген мыйзам долбоору ЖКнын биринчи окуусунда жактырылган. Документте төмөнкүдөй варианттар сунушталат, мисалы, Бакытбеков Үсөн Жакшылыкович болсо, анда:
https://sputnik.kg/20241212/kyrgyzstan-azamat-yusupov-din-miyzam-1090775131.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/09/1c/1078977981_0:0:1851:1388_1920x0_80_0_0_d8e207baeec77e6dd0b41eaa5b0c9098.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, фамилия, жогорку кеңеш, мыйзам долбоору
кыргызстан, фамилия, жогорку кеңеш, мыйзам долбоору
Жогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөрткөнүн жар салды
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын Тургунбек уулу деп өзгөрткөнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу жарыялады.
Төрага бул анын көптөн берки кыялы экенин белгиледи.
"Чындыгында, аты-жөнүн өзгөртүү ар бир адамдын жеке чечими. Депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев болуп бирге демилгелеген мыйзам долбоорубузда аты-жөндү улуттук өзгөчөлүгүбүзгө ылайык жазууну сунуштаган бир нече варианттар берилген. Алардын ичинен тандап, мен Шакиев деген фамилиямды Тургунбек уулу деп өзгөртүүнү туура көрдүм", — деди төрага.
Эске салсак, фамилия алууда кеңири тандоо укугун берген мыйзам долбоору ЖКнын
биринчи окуусунда жактырылган. Документте төмөнкүдөй варианттар сунушталат, мисалы, Бакытбеков Үсөн Жакшылыкович болсо, анда:
1.
Бакытбек Үсөн же Бакытбек Үсөн Жакшылык уулу (кааласа)
2.
Бакытбектеги Үсөн же Бакытбектеги Үсөн Жакшылык уулу (кааласа)
3.
Бакытбектеги Үсөн же Бакытбектеги Үсөн Жакшылыктын (кааласа) деп өзгөртүүгө жол берилет.
12 Бештин айы 2024, 13:40