https://sputnik.kg/20250112/ukraina-atajyn-operaciya-asker-boluk-kachyp-ketuu-1091366167.html
ЖМК: Украинада аскер бөлүктөн качып жаткандардын саны кескин өстү
ЖМК: Украинада аскер бөлүктөн качып жаткандардын саны кескин өстү
Sputnik Кыргызстан
2022-жылдан бери Украинада аскер бөлүктү уруксатсыз таштап кеткен 100 миңден ашуун учур катталгандыгы айтылган. 12.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-12T14:21+0600
2025-01-12T14:21+0600
2025-01-12T14:21+0600
дүйнөдө
украина
атайын операция
аскер
качуу
https://sputnik.kg/img/07e9/01/05/1091251769_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_5c619668ce715d95204e41a0ab6d05b7.jpg.webp
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 2024-жылдын күз айларынан бери Украинанын Куралдуу күчтөрүндө аскер бөлүктөн качып кеткендер жана андан уруксатсыз кетип калгандар көбөйдү. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын "Страна.ua" басылмасына таянып жазды. Маалыматта буга чейин Владимир Зеленский аскерден качкандардын саны 2024-жылдын күз мезгилинен бери азайганын айтканы белгиленген.Украиналык журналисттердин маалыматы боюнча дагы дезертирлердин саны көбөйүүдө. 2024-жылдын жай айларында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарынан айына 6000ден 7000ге чейин аскер кетип жаткан болсо, сентябрда анын саны 8000ге, ноябрда дээрлик 10 миңге жеткен. Ал эми декабрда аскер бөлүктү таштап кеткендердин саны өтө көп болуп, 17 500дү көрсөткөн.2024-жылдын ноябрь айында Зеленский алгачкылардан болуп аскер бөлүктү уруксатсыз таштап кеткендер үчүн ыктыярдуу түрдө кызматка кайтуу боюнча мыйзамга кол койгон. Ал документке ылайык, Куралдуу күчтөрдүн катарына өзү келип кошулган аскер кызматкерлери келишимди кайрадан түзүп, тиешелүү бардык төлөмдөрдү жана социалдык кепилдиктерди алышат.Буга чейин Украинанын ардагерлерди жана алардын үй-бүлөсүн колдоо борборунун юристи Роман Лихачев 2022-жылдан бери Украинада аскер бөлүгүн уруксатсыз таштап кеткен 100 миңден ашуун учур катталганын билдирген. "Украинская правда" басылмасы 16-октябрда Башкы прокуруратура 2022-жылдын башынан бери Украинанын Куралдуу күчтөрүнөн аскер бөлүктү уруксатсыз таштап кетүү боюнча 60 000ге жакын, ал эми андан качып кеткендер боюнча 30 000дей кылмыш ишин козгогонун жазган.
https://sputnik.kg/20250105/ukraina-atajyn-operaciya-abal-tynchtyk-1091252785.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/05/1091251769_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_38758b229e2a27d30fa5804515b94407.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, атайын операция, аскер, качуу
дүйнөдө, украина, атайын операция, аскер, качуу
ЖМК: Украинада аскер бөлүктөн качып жаткандардын саны кескин өстү
2022-жылдан бери Украинада аскер бөлүктү уруксатсыз таштап кеткен 100 миңден ашуун учур катталгандыгы айтылган.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 2024-жылдын күз айларынан бери Украинанын Куралдуу күчтөрүндө аскер бөлүктөн качып кеткендер жана андан уруксатсыз кетип калгандар көбөйдү. Бул тууралуу
РИА Новости Украинанын "Страна.ua" басылмасына таянып жазды.
Маалыматта буга чейин Владимир Зеленский аскерден качкандардын саны 2024-жылдын күз мезгилинен бери азайганын айтканы белгиленген.
"Зеленскийдин айтканындай эмес, тескерисинче, Украинанын Куралдуу күчтөрүндө аскер бөлүктү уруксатсыз таштап кеткендердин саны көбөйдү", — деп жазылат басылманын Telegram каналында.
Украиналык журналисттердин маалыматы боюнча дагы дезертирлердин саны көбөйүүдө. 2024-жылдын жай айларында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарынан айына 6000ден 7000ге чейин аскер кетип жаткан болсо, сентябрда анын саны 8000ге, ноябрда дээрлик 10 миңге жеткен. Ал эми декабрда аскер бөлүктү таштап кеткендердин саны өтө көп болуп, 17 500дү көрсөткөн.
2024-жылдын ноябрь айында Зеленский алгачкылардан болуп аскер бөлүктү уруксатсыз таштап кеткендер үчүн ыктыярдуу түрдө кызматка кайтуу боюнча мыйзамга кол койгон. Ал документке ылайык, Куралдуу күчтөрдүн катарына өзү келип кошулган аскер кызматкерлери келишимди кайрадан түзүп, тиешелүү бардык төлөмдөрдү жана социалдык кепилдиктерди алышат.
Буга чейин Украинанын ардагерлерди жана алардын үй-бүлөсүн колдоо борборунун юристи Роман Лихачев 2022-жылдан бери Украинада аскер бөлүгүн уруксатсыз таштап кеткен 100 миңден ашуун учур катталганын билдирген. "Украинская правда" басылмасы 16-октябрда Башкы прокуруратура 2022-жылдын башынан бери Украинанын Куралдуу күчтөрүнөн аскер бөлүктү уруксатсыз таштап кетүү боюнча 60 000ге жакын, ал эми андан качып кеткендер боюнча 30 000дей кылмыш ишин козгогонун жазган.