https://sputnik.kg/20250105/ukraina-atajyn-operaciya-abal-tynchtyk-1091252785.html
"Башка арга жок". Украина армиясынын Россия боюнча күтүүсүз билдирүүсү
"Башка арга жок". Украина армиясынын Россия боюнча күтүүсүз билдирүүсү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Киев Москванын бардык талаптарына макул болууга аргасыз болот. Мындай пикирин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 35-деңиздик жөө аскерлер... 05.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-05T11:04+0600
2025-01-05T11:04+0600
2025-01-05T11:14+0600
дүйнөдө
украина
россия
атайын операция
армия
аскер
качуу
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/01/05/1091251769_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_d8e9849a4f61291dd26579866b9a9e26.jpg
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Киев Москванын бардык талаптарына макул болууга аргасыз болот. Мындай пикирин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 35-деңиздик жөө аскерлер бригадасынын рота командири, капитан Тарас Washington Post гезитине курган маегинде айтканын РИА Новости агенттиги жазды. Офицердин айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрүндөгү жеке бөлүктөрдө кейиштүү көрүнүш жаралган. Анда жоготуулардын ордун толтурууга мобилизациялангандар таптакыр жетишсиз.Ошондой эле маалыматта Украинанын армиясы Россиянын чабуулдарына туруштук бере албастыгы белгиленген. Украиналык жоокерлердин ишеними жоголуп, абдан чарчашканын билдиришкендиги айтылган."Мен армияга барган кезде эле кырдаал кыйын болчу. Ага жаңы кошулгандар үчүн абал андан да начар экенин билгендиктен аскер бөлүктөрдү таштап кетип жаткандарды такыр айыптай албайм", — деп моюндаган командир Александр.Украинанын экономикалык жаатта банкрот болгонунан, анын фронттогу жеңилүүсүнөн, өнөктөштөрү Киевди каржылоодон чарчаганынан улам Батышта жана андагы өлкөлөр арасында бул согушту тынчтык жолу менен бүтүрүүнү көбүрөөк кеп кыла башташкан.Мыйзам чегинде Россия менен диалог жүргүзүүгө тыюу салган Владимир Зеленский эми сүйлөшүүлөр үчүнчү өлкөнүн Украинаны колдогон шартында жүрүшү мүмкүн экенин билдирүүдө. Мындан тышкары, Киевдин Украинаны 1991-жылдагы чек араларга кайтаруу талабы көп айтыла баштады.Июнь айынын ортосунда РФ президенти Владимир Путин Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча жаңы тынчтык сүйлөшүүсүн сунуштаарын айткан. Ага ылайык, Крым, ЛЭР, ДЭР, Херсон жана Запорожье облустары Россиянын аймагы катары таанылып, Украина НАТОго кирбей турганын жарыялашы керек. Мындан тышкары, Киевдин демилитаризациясы жана денацификациясы ишке ашып, антироссиялык санкциялар алынышы кажет. Анын айтымында, бул демилге чындыгында согушту токтотуп, аны саясий-дипломатиялык нукта жөнгө сала алат.
https://sputnik.kg/20250103/ukraina-zelenskij-asker-boluktu-tashtagandar-kop-1091225147.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/05/1091251769_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_93a9a3c625ed6c43f9afb60e6350a290.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, атайын операция, армия, аскер, качуу
дүйнөдө, украина, россия, атайын операция, армия, аскер, качуу
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Киев Москванын бардык талаптарына макул болууга аргасыз болот. Мындай пикирин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 35-деңиздик жөө аскерлер бригадасынын рота командири, капитан Тарас Washington Post гезитине курган маегинде айтканын
РИА Новости агенттиги жазды.
"Чынын айтсам, учурда абал (Россия менен жаңжал – ред.) баштагыдан жаман. Азыр биз эмне тууралуу сүйлөшө алмак элек? Эми башты ийкеп эле алардын (Россиянын – ред.) талаптарына макул болобуз", — деген ал.
Офицердин айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрүндөгү жеке бөлүктөрдө кейиштүү көрүнүш жаралган. Анда жоготуулардын ордун толтурууга мобилизациялангандар таптакыр жетишсиз.
Ошондой эле маалыматта Украинанын армиясы Россиянын чабуулдарына туруштук бере албастыгы белгиленген. Украиналык жоокерлердин ишеними жоголуп, абдан чарчашканын билдиришкендиги айтылган.
"Мен армияга барган кезде эле кырдаал кыйын болчу. Ага жаңы кошулгандар үчүн абал андан да начар экенин билгендиктен аскер бөлүктөрдү таштап кетип жаткандарды такыр айыптай албайм", — деп моюндаган командир Александр.
Украинанын экономикалык жаатта банкрот болгонунан, анын фронттогу жеңилүүсүнөн, өнөктөштөрү Киевди каржылоодон чарчаганынан улам Батышта жана андагы өлкөлөр арасында бул согушту тынчтык жолу менен бүтүрүүнү көбүрөөк кеп кыла башташкан.
Мыйзам чегинде Россия менен диалог жүргүзүүгө тыюу салган Владимир Зеленский эми сүйлөшүүлөр үчүнчү өлкөнүн Украинаны колдогон шартында жүрүшү мүмкүн экенин билдирүүдө. Мындан тышкары, Киевдин Украинаны 1991-жылдагы чек араларга кайтаруу талабы көп айтыла баштады.
Июнь айынын ортосунда РФ президенти Владимир Путин Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча жаңы тынчтык сүйлөшүүсүн
сунуштаарын айткан. Ага ылайык, Крым, ЛЭР, ДЭР, Херсон жана Запорожье облустары Россиянын аймагы катары таанылып, Украина НАТОго кирбей турганын жарыялашы керек. Мындан тышкары, Киевдин демилитаризациясы жана денацификациясы ишке ашып, антироссиялык санкциялар алынышы кажет. Анын айтымында, бул демилге чындыгында согушту токтотуп, аны саясий-дипломатиялык нукта жөнгө сала алат.