Дин жаатындагы чектөөлөр. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун колдоду
© Sputnik / Максим Богодвид
/ Жазылуу
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеште дин чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
Аталган документтер диний чөйрөнү иретке келтирүү максатын көздөйт. Ага ылайык, төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
коомдук жайларда жана мамлекеттик органдарда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө;
диний уюмдардын, окуу жайлардын жана миссионерлердин ишмердүүлүгүнө, ошондой эле адамдардын диний жана башка ишенимдерин эркин тандоосуна, билдирүүсүнө же өзгөртүүсүнө мыйзамсыз тоскоолдук кылууга жана мажбурлоого;
карылар, майыптар үйлөрүндө, түзөтүү мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда, ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн кошуундарында, бөлүктөрүндө уруксаты жок диний иш-чараларды өткөрүү үчүн диний ишмерлерди чакырууга;
мечиттерде саясий мүнөздөгү (мисалы, үгүт) чогулуштарды өткөрүүгө;
диний уюмдардын бийлик органдарынын жана кызмат адамдарынын ишине кийлигишүүсүнө;
өз алдынча диний сабактарды окутууга;
диний адабияттарды, аудио жана видеоматериалдарды коомдук жайларда, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда, бала бакчаларда, мектептерде, ошондой эле турак жайларды кыдырып таратууга;
диний субъектилер тарабынан саясий партиялардын ишин каржылоого;
ыйгарым укуктуу органдардан каттоодон өтпөстөн диний ишти жүзөгө ашырууга, диний багыттагы объектини пайдаланууга;
динине карата оозеки же жазуу жүзүндө, анын ичинде интернетте басмырлоого;
диний негизде саясий партияларды түзүүгө, ошондой эле саясий партиялардын диний ишке катышуусуна;
шайлоо алдындагы үгүт учурунда, партиянын аталышында диний маалыматтардын (сүрөттөрдүн) бөлүктөрүн жана элементтерин чагылдырууга жана пайдаланууга;
депутаттык ыйгарым укуктарды, жетекчилик кызматты диний иш менен айкалыштырууга;
диний ишмерлер шайланууга укуксуз.
Эреже бузган жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.