Бишкек менен Чүйдөгү көмүр саткан жайлардын даректери жана баалары
10:50 21.12.2024 (Жаңыртылды: 10:52 21.12.2024)
© Фото / пресс-служба ГП "Кыргызкомур"Көмүр саткан жай. Архивдик сүрөт
© Фото / пресс-служба ГП "Кыргызкомур"
Жазылуу
Көмүрдүн тоннасы 5000 сомдон 5800 сомго чейин сатылууда.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы көмүр сатылган жайлардын тизмесин жарыялады.
Анда көмүрдүн тоннасы 5000 сомдон 5800 сомго чейин болуп жатканы айтылат.
Бишкектеги көмүр базаларынын даректери:
Айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде;
Достоевский көчөсү менен Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде, тагыраагы, Анкара көчөсү №97;
Алыкулов №6 б;
Кара-Жыгач конушу, Оберон менен Сары-Өзөн көчөлөрүнүн кесилишинде;
Төмөнкү Ала-Арча айылы, айланма жол менен Кыргыз көчөсүнүн кесилишинде;
Кыргыз көчөсү, №902 контур;
Келечек конушу №14, №15/1 тилкеси, (Ак-Жар);
Мурманская көчөсү №1 б;
Төмөнкү Ала-Арча айылы, Курманалиев көчөсү;
Ленин айыл аймагы, Объездная көчөсү, контур 964-965;
Кыргыз көчөсү (эски толчок);
Көк-Жар айылы, Төрт-Көл тилкеси;
Айланма жол, контур 327.
Жогоруда көрсөтүлгөн базалардын баарында көмүрдүн баасы 5 300 сомдон.
Чүй облусундагы көмүр базаларынын даректери:
Сокулук району, Сокулук айылы, Ленин көчөсү 126, бир тоннасы 5500 сом;
Сокулук району, Манас айылы, бир тонна көмүр 5500 сом;
Жайыл району, Полтавка айылы, Борбордук көчөсү 44, баасы 5800 сом;
Токмок шаары, Жатаев көчөсү, баасы 5100 сомдон;
Токмок шаары, Жантаев көчөсү 81/2а, баасы 5100 сом;
Кемин шаары, Совет көчөсү 160б, баасы 5000 сом;
Кой-Таш айылы, №773 контур, баасы 5400 сомдон;
Сокулук району, Жаңы көчөсү 13в, баасы 5500 сом;
Сокулук району, Кожомкул айылы (Военно-Антоновка), Фрунзе көчөсү, №118 контур, баасы 5200 сомдон;
Ысык-Ата району, Жээк айыл өкмөтү, №118 контур, баасы 5200 сом;
Москва району, Петровка айылы, Борбордук көчөсү, №126 контур, баасы 5700 сом;
Жайыл району, Новониколаевка айылы, Батыш көчөсү, баасы 5800 сомдон;
Жайыл району, Полтавка айылы, Октябрь көчөсү, баасы 5800 сом;
Ысык-Ата району, Кант шаары, Чыгыш промзонасындагы көмүр кампасы, баасы 5200 сомдон.