https://sputnik.kg/20241219/ukrainadagy-miyzamduu-biylik-menen-gana-suyloshobuz-1090947311.html
Путин: Украинадагы мыйзамдуу бийлик менен гана сүйлөшөбүз
Путин: Украинадагы мыйзамдуу бийлик менен гана сүйлөшөбүз
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү аталган өлкөнүн мыйзамдуу бийлигинин өкүлдөрү менен жүргүзөт, бул юридикалык формалдуу... 19.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-19T18:37+0600
2024-12-19T18:37+0600
2024-12-20T09:56+0600
дүйнөдө
россия
владимир путин
маалымат жыйын
украина
сүйлөшүүлөр
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/13/1090946798_0:0:3089:1737_1920x0_80_0_0_b88502c6cd7cf72671133613b9386e69.jpg
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү аталган өлкөнүн мыйзамдуу бийлигинин өкүлдөрү менен жүргүзөт, бул юридикалык формалдуу маселе. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрүп жатканда билдирди. Владимир Зеленский шайлоого барып, мыйзамдуу президент болсо гана сүйлөшүүлөргө бара алат. Анткен менен Украинанын мамлекеттик түзүлүшү бийликтин бир катар органдары президент тарабынан түптөлгөн системада экендигин эске салган. Эгерде өлкөнү башкарган кишинин бийлиги мыйзамсыз болсо, калгандары да легитимдүүлүгүн жоготорун эске салган."Зеленскийдин буйруктарын аткаруу — мыйзамсыз иштерге катышкандык", — деген Путин.
https://sputnik.kg/20241219/vladimir-putin-rossiya-ukraina-sogush-1090947021.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/13/1090946798_8:0:2737:2047_1920x0_80_0_0_bb721cdf122036c8084522259903a88a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, владимир путин, маалымат жыйын, украина, сүйлөшүүлөр
дүйнөдө, россия, владимир путин, маалымат жыйын, украина, сүйлөшүүлөр
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү аталган өлкөнүн мыйзамдуу бийлигинин өкүлдөрү менен жүргүзөт, бул юридикалык формалдуу маселе.
Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин жылдын жыйынтыгы боюнча
маалымат жыйынын өткөрүп жатканда билдирди.
Владимир Зеленский шайлоого барып, мыйзамдуу президент болсо гана сүйлөшүүлөргө бара алат.
"Эгерде Украина кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну кааласа, Украинанын ичинде бул процессти уюштура алышат. Ага мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок биз мыйзамдуулары менен гана кол кое алабыз (документке — ред.), азыр легитимдүүсү — Рада жана анын төрагасы. Бирок алар толугу менен азыркы режимдин башчысынын алдында турат. Бул — юридикалык формалдуу маселе. Өз ичтеринде каалагандай кылып уюштура беришсе болот, бирок кол коюуга келгенде (эгерде ошого жетсек), легитимдүү бийликтин өкүлдөрү менен гана сүйлөшөбүз", — деди Путин.
Анткен менен Украинанын мамлекеттик түзүлүшү бийликтин бир катар органдары президент тарабынан түптөлгөн системада экендигин эске салган. Эгерде өлкөнү башкарган кишинин бийлиги мыйзамсыз болсо, калгандары да легитимдүүлүгүн жоготорун эске салган.
"Зеленскийдин буйруктарын аткаруу — мыйзамсыз иштерге катышкандык", — деген Путин.