https://sputnik.kg/20241212/kyrgyzstan-gazadagy-ok-atuunu-toktotuunu-talap-kylat-1090766895.html
Кыргызстан 157 өлкө менен биргеликте Газадагы ок атууну токтотууну талап кылды
Кыргызстан 157 өлкө менен биргеликте Газадагы ок атууну токтотууну талап кылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. БУУнун Башкы ассамблеясы Газа секторунда ок атууну тез арада токтотуп, бардык туткундарды бошотууну талап кылган резолюция кабыл... 12.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-12T11:01+0600
2024-12-12T11:01+0600
2024-12-12T11:12+0600
дүйнөдө
буу
кыргызстан
газа сектору
ок атуу
согуш
резолюция
акш
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0c/1090764730_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_6672058c5f55c0ea286b9b0c4c1885b4.jpg
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. БУУнун Башкы ассамблеясы Газа секторунда ок атууну тез арада токтотуп, бардык туткундарды бошотууну талап кылган резолюция кабыл алды. Бул тууралуу БУУнун сайтында айтылат.Резолюцияны Кыргызстан менен 157 мамлекет колдоого алган. Демилгеге 9 өлкө каршы добуш берди, алардын ичинде Израиль, АКШ, Чехия жана Аргентина бар, мындан тышкары 13 мамлекет добуш берүүдөн карманган.Алжир, Египет, Катар жана Палестина башында турган бир катар өлкө сунуштаган документ жай тургундарга жана объектилерге кол салууну, элдин жер которууга мажбурланышын жана гуманитардык жардамдын блоктолушун сынга алат.Буга кошумча Башкы ассамблея Газа секторунун жашоочулары үчүн негизги кызматтар жана гуманитардык жардам жеткиликтүү болушун талап кылган. Документ "палестиналыктарды ачкачылыкка кептөөнүн бардык ыкмасын четке кагат".Эскерте кетсек, ноябрдын аягында БУУнун Коопсуздук кеңеши Газа секторунда согуш отун токтотуу талабы менен резолюция кабыл алууга аракет кылган. Бирок АКШ вето коюп, бешинчи ирет ага бөгөт койду. Американын өкүлү муну ок атууну токтотуу туткундарды бошотпой турганы менен түшүндүргөн.
https://sputnik.kg/20241209/zhkku-buu-izrail-palestina-1090706072.html
газа сектору
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0c/1090764730_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_7a6d557056ebb6c5c907b8b27f2497e4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, буу, кыргызстан, газа сектору, ок атуу, согуш, резолюция, акш
дүйнөдө, буу, кыргызстан, газа сектору, ок атуу, согуш, резолюция, акш
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. БУУнун Башкы ассамблеясы Газа секторунда ок атууну тез арада токтотуп, бардык туткундарды бошотууну талап кылган резолюция кабыл алды. Бул тууралуу БУУнун
сайтында айтылат.
Резолюцияны Кыргызстан менен 157 мамлекет колдоого алган. Демилгеге 9 өлкө каршы добуш берди, алардын ичинде Израиль, АКШ, Чехия жана Аргентина бар, мындан тышкары 13 мамлекет добуш берүүдөн карманган.
Алжир, Египет, Катар жана Палестина башында турган бир катар өлкө сунуштаган документ жай тургундарга жана объектилерге кол салууну, элдин жер которууга мажбурланышын жана гуманитардык жардамдын блоктолушун сынга алат.
Буга кошумча Башкы ассамблея Газа секторунун жашоочулары үчүн негизги кызматтар жана гуманитардык жардам жеткиликтүү болушун талап кылган. Документ "палестиналыктарды ачкачылыкка кептөөнүн бардык ыкмасын четке кагат".
Эскерте кетсек, ноябрдын аягында БУУнун Коопсуздук кеңеши Газа секторунда согуш отун токтотуу талабы менен резолюция кабыл алууга аракет кылган. Бирок АКШ вето коюп, бешинчи ирет ага бөгөт койду. Американын өкүлү муну ок атууну токтотуу туткундарды бошотпой турганы менен түшүндүргөн.