https://sputnik.kg/20241209/tramp-ukrainadagy-orunsuz-chatakty-buturuugo-kam-urdu-1090697092.html
Трамп Украинадагы "орунсуз" чатакты бүтүрүүгө камынганын айтты
Трамп Украинадагы "орунсуз" чатакты бүтүрүүгө камынганын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп Украинадагы "орунсуз" чатакты аягына чыгаруунун жолун иштеп чыгып жатканын айтты... 09.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-09T16:15+0600
2024-12-09T16:15+0600
2024-12-09T16:15+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
дональд трамп
украина
киев
россия
атайын операция
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/09/1090695088_0:0:3070:1728_1920x0_80_0_0_c11851d0a7adf8f4728ba831a17cd2d3.jpg
БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп Украинадагы "орунсуз" чатакты аягына чыгаруунун жолун иштеп чыгып жатканын айтты. Бул туурасында New York Post басылмасына берген интервьюсунда токтолгон.Трамп буга чейин ал Жозеф Байдендин ордунда болгондо Украинадагы чатак башталмак эместигин, эгерде кайрадан шайланса, Россия-Украина кармашын 24 саатта жөнгө саларын белгилеген.РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Трамптын сөзүнө комментарий берип, бул маселени бир күндө чечип койчудай жөнөкөй нерсе эместигин айткан.Путин быйылкы жылдын июнунда Украинадагы чатакты жөндөө демилгеси менен чыккан. Киев Россиянын жаңы аймактарынан аскерлерин алып чыгып кетсе, Москва согушту токтотуп, кепке келүүгө даяр болорун билдирген. Мындан сырткары, Киев НАТОго кирем дегенден алыс болуп, демилитаризация, денацификация жүргүзүп, аны менен кошо блоктон тышкаркы, ортодо, өзөктүк куралы жок деген макамда турушу керектигин белгилеген.Путин муну менен катар эле Россияга салынган чектөөлөрдү алып салуу туурасында айткан.Бирок Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусуна кол салгандан кийин Путин "тынч элге, жарандык инфраструктурага ылгабай сокку уруп, өзөктүк энергетика объектилерине кооптуулук жараткан" тарап менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эмес экенин айткан болчу. Андан кийин президенттин жардамчысы Юрий Ушаков Москванын сунушу күчүндө экенин, бирок азыркы учурда Украина менен Россия сүйлөшпөй турганын белгилеген.
https://sputnik.kg/20241209/tramp-zelenskiydin-kaaloosun-zhar-saldy-1090695454.html
украина
киев
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/09/1090695088_215:0:2946:2048_1920x0_80_0_0_c3fe2354326c0b7c60ebf28faf5a48a5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, дональд трамп, украина, киев, россия, атайын операция
дүйнөдө, дональд трамп, украина, киев, россия, атайын операция
БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп Украинадагы "орунсуз" чатакты аягына чыгаруунун жолун иштеп чыгып жатканын айтты. Бул туурасында
New York Post басылмасына берген интервьюсунда токтолгон.
Трамп буга чейин ал Жозеф Байдендин ордунда болгондо Украинадагы чатак башталмак эместигин, эгерде кайрадан шайланса, Россия-Украина кармашын 24 саатта жөнгө саларын белгилеген.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Трамптын сөзүнө комментарий берип, бул маселени бир күндө чечип койчудай жөнөкөй нерсе эместигин айткан.
Путин быйылкы жылдын июнунда Украинадагы чатакты жөндөө демилгеси менен чыккан. Киев Россиянын жаңы аймактарынан аскерлерин алып чыгып кетсе, Москва согушту токтотуп, кепке келүүгө даяр болорун билдирген. Мындан сырткары, Киев НАТОго кирем дегенден алыс болуп, демилитаризация, денацификация жүргүзүп, аны менен кошо блоктон тышкаркы, ортодо, өзөктүк куралы жок деген макамда турушу керектигин белгилеген.
Путин муну менен катар эле Россияга салынган чектөөлөрдү алып салуу туурасында айткан.
Бирок Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусуна кол салгандан кийин Путин "тынч элге, жарандык инфраструктурага ылгабай сокку уруп, өзөктүк энергетика объектилерине кооптуулук жараткан" тарап менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эмес экенин айткан болчу. Андан кийин президенттин жардамчысы Юрий Ушаков Москванын сунушу күчүндө экенин, бирок азыркы учурда Украина менен Россия сүйлөшпөй турганын белгилеген.