https://sputnik.kg/20241209/kyrgyzstan-sugat-zher-marlen-mamataliyev-1090691620.html
Жеке менчик дагы бар. Сугат жерлерди инвесторлорго берүүгө жол ачуу каралууда
Жеке менчик дагы бар. Сугат жерлерди инвесторлорго берүүгө жол ачуу каралууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Социалдык объектилерди куруу үчүн сугат жерлерди трансформациялоого мүмкүндүк берүү каралууда. 09.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-09T13:44+0600
2024-12-09T13:44+0600
2024-12-09T13:44+0600
кыргызстан
сугат
жер
жогорку кеңеш
марлен маматалиев
https://sputnik.kg/img/07e6/03/1d/1063226855_0:317:3076:2047_1920x0_80_0_0_9ddff7844568e22ef9cd956c8373398c.jpg
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Социалдык объектилерди куруу үчүн сугат жерлерди трансформациялоого мүмкүндүк берүү каралууда.Аны депутаттар Айбек Маткеримов, Аманкан Кенжебаев, Кундузбек Сулайманов жана Марлен Маматалиев демилгелеген.Жыйын учурунда депутат Акбөкөн Таштанбеков жер менчик болгондо компенсация жагы кандай болоруна кызыкты. Буга Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Жер кодексинде бул маселе каралаганын белгиледи."Үч жолу бар: компенсация же ордуна жер берилет. Үчүнчүсү мамлекетке алып коюу", — деди Сокеев.Натыйжада Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.
https://sputnik.kg/20241022/ayyl-charba-zher-den-sooluktu-chyndoo-borboru-1089667749.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/1d/1063226855_191:0:2920:2047_1920x0_80_0_0_a514f6d57867f5666a3f4bbb004ae05e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, сугат, жер, жогорку кеңеш, марлен маматалиев
кыргызстан, сугат, жер, жогорку кеңеш, марлен маматалиев
Жеке менчик дагы бар. Сугат жерлерди инвесторлорго берүүгө жол ачуу каралууда
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Социалдык объектилерди куруу үчүн сугат жерлерди трансформациялоого мүмкүндүк берүү каралууда.
Аны депутаттар Айбек Маткеримов, Аманкан Кенжебаев, Кундузбек Сулайманов жана Марлен Маматалиев демилгелеген.
"Киргизилген мораторий мамлекеттик жана муниципалдык аймактарга инвестицияларды тартууга тоскоол болууда, анткени зарыл болгон инфраструктураны куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү жок. Ал чектөөнү алып салуу саламаттык сактоо, мектеп сыяктуу социалдык маанилүү объектилерди куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүгө мүмкүндүк берет", — деп жазылган негиздемеде.
Жыйын учурунда депутат Акбөкөн Таштанбеков жер менчик болгондо компенсация жагы кандай болоруна кызыкты. Буга Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Жер кодексинде бул маселе каралаганын белгиледи.
"Үч жолу бар: компенсация же ордуна жер берилет. Үчүнчүсү мамлекетке алып коюу", — деди Сокеев.
Натыйжада Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.