00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жумгалдагы окуучуларды ташыганга эки бус алып беришти Нью-Йорктун мэри кургакчылыктан улам сууну үнөмдөөгө чакырдыБишкектк мамкызматкерлер 5-6-ноябрда аралыктан иштешетАлдыда кененирээкБишкектеги министрлик, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери 5-6-ноябрда аралыктан иштешет Маалыматты минкаб тастыктады. Мындай чечим Эмгек кодексине ылайык Түркия президентинин, Венгрия премьеринин иш сапары жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу кабыл алынган.
Эртең, 2-ноябрда Бишкекте социалдык маанилүү азык-түлүк азыктарынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди. Ведомстводон маалымдашкандай, жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат. Ошондой эле министрлик Кыргызстандын бардык фермер-дыйкандардын продукциясын сатууга шарт түзүп берет. Белгилей кетсек, жарманкени ар жуманын дем алыш күндөрү өткөрүп туруу пландалууда. Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата, Эркиндик жана К. Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Жумгалдагы окуучуларды ташыганга эки бус алып беришти Нарын облусундагы өкүлчүлүктүн маалыматында, Кең-Суу айылында мектептин жоктугунан окуучулар 15 км алыстыктагы коңшу айылга барып окушкан. Балдарды ташыган эски автоунаа тар жана муздак болгондуктан бир топ ыңгайсыздык жаратчу. Ошондой эле Миң-Куш айылынын балдары дагы 3-4 чакырым жөө барып келип окушчу. Маселени чечүү үчүн Жумгал районунун өнүктүрүү фондунан 4,5 миллион сом бөлүнүп, эки кичи автобус алынган. Унааларды тапшыруу аземинде облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Кең-Сууда салынып жаткан мектептин курулушун тездетүүнү тапшырды.
Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс октябрда жаан көп жаабай, ай өтө кургак болгонун айтып, шаар тургундарын жана мамлекеттик мекемелерди сууну үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Октябрь тарыхтагы эң кургак айлардын бири болду. Бардык мекемелерди сууну үнөмдөө боюнча план түзүүгө жана аларды ишке ашырууга чакырам. Бирок бизге силерден да жардам керек, Нью-Йорктун тургундары", — деп кайрылган шаар мэри. ЖМКлар Нью-Йоркто октябрда бир күн эле жамгыр жааганын жазышкан.
Фронтто украиналык аскерлердин жеңилүүсүнөн кийин Владимир Зеленский чарчаңкы тартып турат. Бул тууралуу The New York Times америкалык аткаминерлерге таянып жазды. "АКШлык чиновниктер Владимир Зеленский менен Киевде жолугушкан. Алар өлкө жетекчисинин аскери согуш талаасында жеңилгенден кийин жана АКШдагы шайлоодон улам чарчап, кыжалат болуп, тынчсызданып турганын белгилешти", — деп айтылат маалыматта. Макалада Америкадагы президенттик шайлоо украиналыктарды катуу түйшөлтүп жатканы да белгиленген. Ошондой эле россиялык аскерлердин фронттогу басымы жана Батыштын колдоосунун токтоп калуу коркунучу украиналыктардын ишенимин, моралдык духун төмөндөтүп жатканы маалымдалган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 80 тыйынга евро 93 сом 20 тыйынга рубль 88 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ4-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. 4-ноябрь, дүйшөмбүдө республика боюнча күн ачык болот. Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас аймагында +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+24, Нарын менен Ысык-Көл өрөөндөрүндө +13...+18 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +23...+25, Ош шаарында +21...+23 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Жаңылыктар түрмөгү
0