00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстан экспорттогон капустанын баарын ЕАЭБ өлкөлөрү алдыОш шаарында Россотрудничествонун кошумча билим берүү борбору ачылдыКыргызстанда катталып, бирок чет жакта гана учкан авиакомпаниялар текшерилетАлдыда кененирээк.Садыр Жапаров Кыргызстанда катталып, бирок чет өлкөлөрдө гана, анын ичинде кооптуу аймактарга учкан авиакомпанияларды текшерүүнү тапшырганын социалдык тармактардагы баракчасына жазды. Өлкө башчы Кыргызстандын каттоосунан чыгарылган Ил-76 учагы менен Суданда болгон окуя көзөмөл жүргүзүүнүн зарылдыгын курчтуканын белгиледи. "Жарандык авиация агенттигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда катталган айрым авиакомпаниялар чет өлкөдө гана рейстерди аткарып, кээде кооптуу аймактарда учары аныкталды. Мындай иш-аракеттер бул авиакомпаниялар эмне ташып жаткандыгы жана алардын максаттары тууралуу олуттуу жана негиздүү суроолорду жаратат. Биздин максат – Кыргызстандын туусу алдында иш жүргүзгөн ар бир авиакомпаниянын өз ишмердүүлүгүн ачык жана эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык жүргүзүүсүн камсыздоо", — деди мамлекет башчы. Президент мындай жагдайлар өлкөнүн Европа биримдигинин кара тизмесинен чыгуу аракетине коркунуч жаратарын айтып, тиешелүү органдарга чет өлкөдө гана иш жүргүзгөн авиакомпанияларды текшерип, талапка жооп бербегендерге чара көрүүнү тапшырганын белгиледи.
Кыргызстандан экспорттолгон капустанын баары Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө жеткирилет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Ушул жылдын январынан август айына чейин өлкөдөн 10 миң тоннадан ашык капуста башка өлкөлөргө сатылган. Кардар өлкөлөр: Россия — 9 569,5 тонна; Казакстан — 572,6 тонна.
Ош шаарында Россотрудничествонун кошумча билим берүү борбору ачылды. Бул тууралуу Оштогу "Русский дом" маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде борбордун ачылыш аземи өттү. Ал Россиянын “Орус тилин чет мамлекеттерде колдоо жана өнүктүрүү” мамлекеттик программасынын алкагында түзүлгөн. Борбордо орус тили үйрөтүлөт жана орус тили мугалимдерин колдоо боюнча окуу-методикалык иш-чаралар өткөрүлүп турат."Бул борбордон бардык каалоочулар орус тилин, адабиятын, маданиятын жана орус элинин салттарын терең үйрөнө алышат", – деген Россиянын Оштогу Билим жана маданият борборунун башчысы Дмитрий Аврам. Ал эми кошумча билим берүү борборунун башчысы, ОшМПУнун окутуучусу Мусабек Сатыбалдиев мекеме келечектеги мугалимдердин орус тилин үйрөнүүсүнө жакшы шарт түзөрүн белгиледи. Борбор билим берүү, коомдук-маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн бардык зарыл заманбап техникалар менен жабдылган. Китепканасында 700дөй окуу-методикалык жана көркөм адабият китептери бар.
4-5-6-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, жолдор Түркиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келгендигине жана Түрк мамлекеттери уюмунун саммитине байланыштуу жабылат. Көчөлөрдүн тизмеси: "Манас" эл аралык аэропортунан Бишкек шаарынын чегине чейин; Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектине чейин; Чүй проспекти Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектине чейин; Манас жана Ч.Айтматов проспектилери түштүктү карай "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү. Милиция жогоруда аталган жолдордун жээгине автоунааларды калтырбоого чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0