https://sputnik.kg/20241030/batyshta-zelenskijdin-tagdyryna-bozhomol-zhasaldy-1089856175.html
Батышта Зеленскийдин тагдырына божомол жасалды
Батышта Зеленскийдин тагдырына божомол жасалды
Sputnik Кыргызстан
Эксперт АКШ Украинаны адилеттүүлүк орнотуу үчүн эмес, экономикалык пайда көрүү үчүн гана колдоп жатканын белгилеген. 30.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-30T12:21+0600
2024-10-30T12:21+0600
2024-10-30T12:21+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
акш
батыш
акча
владимир зеленский
президент
сүйлөшүүлөр
согуш
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/1e/1089855952_217:0:2854:1483_1920x0_80_0_0_09aa241413b1508b3f859ba89d956120.jpg.webp
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Владимир Зеленский турганда Украинада тынчтык орнотуу дээрлик мүмкүн эмес, бирок АКШда бийликке Дональд Трамп келсе Киев режиминин жетекчисин алмаштырууга аракет жасалат. Мындай пикирин ЦРУнун мурунку аналитиги Ларри Жонсон Judging Freedom YouTube каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. Зеленскийдин ордуна ким келиши мүмкүн деген суроого эксперт талапкерди АКШ да, Украина да сунушташы мүмкүн деген божомолун айткан."АКШдан тышкары, азыр кызматынан алынып Улуу Британияга элчи болуп кеткен генерал Залужный баш көтөрүүдө. Ал баарын бүтүрүү үчүн Украина айрым аймактарынан баш тартышы керектигин ачык эле айтып жатат", — деди Жонсон.Аналитик АКШ Украинаны адилеттүүлүк орнотуу үчүн эмес, экономикалык пайда көрүү үчүн гана колдоп жатканын белгилеген.Эскерте кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрга белгиленген. Ажолук так үчүн демократтардан азыркы вице-президент Камала Харрис, ал эми республикачылардан экс-президент Дональд Трамп ат салышууда.
https://sputnik.kg/20241030/ukraina-rossiya-menen-bir-masele-boyuncha-sujloshuugo-dayar-1089848055.html
украина
акш
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/1e/1089855952_17:0:2748:2048_1920x0_80_0_0_f8285c91fcb122c0441fcc5f52980fed.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, акш, батыш, акча, владимир зеленский, президент, сүйлөшүүлөр, согуш
дүйнөдө, украина, акш, батыш, акча, владимир зеленский, президент, сүйлөшүүлөр, согуш
Батышта Зеленскийдин тагдырына божомол жасалды
Эксперт АКШ Украинаны адилеттүүлүк орнотуу үчүн эмес, экономикалык пайда көрүү үчүн гана колдоп жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Владимир Зеленский турганда Украинада тынчтык орнотуу дээрлик мүмкүн эмес, бирок АКШда бийликке Дональд Трамп келсе Киев режиминин жетекчисин алмаштырууга аракет жасалат. Мындай пикирин ЦРУнун мурунку аналитиги Ларри Жонсон Judging Freedom YouTube каналына маек куруп жатып айтканын
РИА Новости жазды.
"Эгер Трамп президент болуп калса абалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу үчүн Зеленскийден арылып, ордуна сөзгө келген бирөөнү алып келүүгө аракет көрүлөт", — деген ал.
Зеленскийдин ордуна ким келиши мүмкүн деген суроого эксперт талапкерди АКШ да, Украина да сунушташы мүмкүн деген божомолун айткан.
"АКШдан тышкары, азыр кызматынан алынып Улуу Британияга элчи болуп кеткен генерал Залужный баш көтөрүүдө. Ал баарын бүтүрүү үчүн Украина айрым аймактарынан баш тартышы керектигин ачык эле айтып жатат", — деди Жонсон.
Аналитик АКШ Украинаны адилеттүүлүк орнотуу үчүн эмес, экономикалык пайда көрүү үчүн гана колдоп жатканын белгилеген.
"Эгер Россия жеңе турган болсо Вашингтон болуп көрбөгөндөй суммадагы каражатынан кол жууйт. Отко майды дал ушул Батыштын акчасы чачып жатпайбы, бул жааттан алып караганда өкмөттө да, Пентагон менен ЦРУда да Американын кызыкчылыгы чоң роль ойноодо", — деген эксперт.
Эскерте кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрга белгиленген. Ажолук так үчүн демократтардан азыркы вице-президент Камала Харрис, ал эми республикачылардан экс-президент Дональд Трамп ат салышууда.