00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин "Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору" мекемесинин аталышы Билим берүү министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти болуп өзгөртүлдү. Билим берүү министрлигинен маалымдашкандай, Шамшидинова Бактыгүл Сабыржановна жаны түзүлгөн департаменттин директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ошондой эле аталган токтом менен Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо жана Кыргызстанда формалдуу билим берүүнүн сапатына тандама тестирлөө жана баалоо жүргүзүү тартиби бекитилди.
Биздин башкы милдет - калкты 24 саат бою үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 2024-жылдын тогуз айынын жыйынтыгын чыгарган коллегияда билдирди. Анын айтымында, быйыл план боюнча энергетика тармагындагы ар бир ишкана керектүү жабдуулар, техникалар менен жеткиликтүү камсыздалып, калкка электр энергиясы менен жылуулук үзгүлтүксүз жана сапаттуу берилет. "Бишкек Жылуулук электр борбору 22-октябрда жылуулук берүүгө толук даяр. Ал эми облустардагы мекемелердин жетекчилери быйылкы кышка даярдыктары боюнча маалымат берүүдө. Ар бир иште 100 пайыз аткаруу бар дегенден алысмын, бирок 1-ноябрга чейин бардык оңдоо иштерин аяктап, жылытуу мезгилине өтөбүз. Жылдан жылга кышка даярдык жакшырууда”, - деди Таалайбек Ибраев. Коллегиянын жүрүшүндө 9 ай аралыгында өлкөнүн энергетика тармагында аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди.
Кыргызстанда шаардык кеңештерге аттанган партиялардын үгүт иштери башталды. Боршайкомдун маалыматы боюнча, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону утурлай, шаардык кеңештерге катышып жаткан партиялардын үгүт иштери 18-октябрда, айылдык кеңештерге 28-октябрда башталып, 16-ноябрда аяктайт. Белгилей кетсек, өлкөдө 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Кыргызстандагы 33 шаардык кеңешке 39 саясий партия ат салышууда. 993 мандат үчүн шаардык кеңештин депутаттыгына 4928 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинен 3183ү — эркек, 1745и — аял. Ал эми 231 айылдык кеңешке шайлоо дайындалган. Мандаттардын жалпы саны — 5391, анын 30%, же 2185 мандат аялдар үчүн сакталган
Баткен облусунун Баткен районундагы Зардалы айылына тез жардам унаасы берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Алыскы аймактарда калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн президенттик фонддон саламаттык сактоо уюмдарына берилген 20 тез жардам унааларынын бири Баткен облусунан 100 чакырым алыстыкта жайгашып, 230 адам жашаган шарты катаал айыл Зардалы айылына бөлүндү. Буга чейин аталган айылда фельдшердик-акушердик пункттан башка медициналык кызмат жок болуп, айыл тургундары катуу ооруп калган учурда облустук борборго тик учак менен гана барууга мүмкүн болгон.Буга чейин президент Садыр Жапаровдун Зардалыга болгон сапарында жергиликтүү тургундар айылга тез жардам унаасын берүүнү суранышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0