00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:58
1 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Жапаров аскердик-саясий чөйрөдө кызматташууну жакшыртуу үчүн бул иш-чаранын маанилүүлүгүн айтты. Ал ошондой эле машыгуулардын жүрүшүндө коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттер ийгиликтүү иштелип чыгып, ар кандай сценарийлер сыноодон өткөнүн кошумчалады. Ал эми Тасмагамбетов Кыргызстандын жетекчилигине машыгууларды сапаттуу даярдап өткөргөнү үчүн ыраазычылык билдирген.
Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын жетекчилигине Акжол Бекболотов дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдалды. Билдирүүгө ылайык, жаңы жетекчини жамаатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажималиев, Кинематография департаментинин директору Улан Адамалиев тааныштырды. Акжол Бекболотов кинооператор, 2023-жылдын сентябрь айынан бери Кинематография департаментинин директору кызматын аркалап келген. 2020-жылдан 2023-жылга чейин "Кыргызфильмдин" жетекчиси болуп иштеген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Таиландда кыргызстандыкка карата кылмыш иш козголду деген маалыматты таcтыктады. Билдирмеге ылайык, учурда тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги шектүү менен байланышта, ага зарыл болгон укуктук жардам берилүүдө. Буга чейин басылмалардын бири Пхукеттеги Чалонг аймактык полициясы кыргызстандык мушкерди саунанын кызматкерин зордуктады деп издеп жатканын жазган. Жабырлануучу 21-августта полицияга арыз жазган. Кыздын айтымында, 28 жаштагы мушкер машыгуулардан кийин саунадагы "муздак ванна" кызматына буюртма берген. Кызматкер ваннаны даярдап коюп администратордун ордуна келген. Процедурадан кийин мушкер персоналды аталган бөлмөгө чакырып, зордуктаган. Мындан кийин спортчу кыздан бул тууралуу эч кимге айтпашын талап кылып, эртеси саунага келүүнү убадалаган. Мушкер мотоцикли менен кеткен соң жабырлануучу кыз аймактык полицияга кайрылган.
ФБРдин куралдуу агенттери АКШда RT телеканалынын кызматкеринин үйүн тинтип, аны ур-соккуга алышканын "RT на русском" Telegram каналы кабарлаганын РИА Новости жазды. "Ал Майамиде иштеген. Үйүнө күч кызматкерлери келишти. Бул таңкы саат бешке чукул убак эле. Кызматкер бул учурда уктап жаткан. Кийингенге мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Уруп-сабап, тинтүүгө алышкан", — деп айтылган анда. Кыздын үйүнө ФБРдин куралданган 20 кызматкери келгенин, кооптуулуктан улам аты-жөнүн билдирбей турушарын жазышты. Кызматкердин айтымына караганда, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү үйүн тинтишкен, буга алардын "атайын ордери" болгон. Кызды беш саатка чукул сурашкан. "Сүйлөшүү" RT телеканалынын баш редактору Маргарита Симоньян жана каналдын башка топ-менеджерлери туурасында жүргөн. Кызга расмий айып тагылбаганы менен кийинчерээк кайсы бир иш боюнча шектүү делип жатканы жазылды. Акырында кызматкер өзүнүн коопсуздугу үчүн Кошмо Штаттардан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0