00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:58
1 мин
Утро хорошего дня
Плюсы и минусы грудничкового плавания: стоит ли учить малыша плавать?
06:10
41 мин
Күн башат
Самокат, скутерлерди жөндөгөн мыйзам качан иштеп баштайт? Депутат менен маек.
07:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Утро хорошего дня
Что такое мода и как найти свой собственный стиль
08:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00;Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
09:00
4 мин
Күн башат
Коомдук башталыштагы жардамчы-кеңешчилер кимдер, алардын милдеттери кандай?
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Будь в курсе
Как помочь фермерам Кыргызстана с реализацией рекордного урожая сахарной свеклы?
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги коомдук транспорттордо тейлөө сапаты кандай? - Атайын рейддин жыйынтыгы
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кесиптик лицейлердин директорлору кантип тандалууда? - окуу жайды кимдер жетектей алат?
13:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Почему смех продлевает жизнь — беседа с кардиологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Сайтка саресеп
On air
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жетишилген макулдашууга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. КР министрлер кабинетинен билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 1-сентябрдан 7-сентябрга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү. Бул жолугушуунун алкагында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү. Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында "Эл аман" аталышындагы мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.Дарыкананын ачылышына министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Аталган ооруканада буга чейин мындай дарыканадан экөө ачылган. Министрлик ал жактан карапайым калк дары каражаттарын жеткиликтүү баада ала аларын белгиледи. Учурда республика боюнча 86 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.
"Сейтек" балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору ата-энелерге балдарды чыгармачыл курстарга жана ийримдерге жаздырууну сунуштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 2024-2025-окуу жылында Тогуз коргоол, чүкө, ордо, жаа атуу, тери менен иштөө боюнча ийримдер акысыз өткөрүлөт. Ошондой эле ата-энелер көркөм-эстетикалык багыттар, бий ансамблдерине даярдоо, театр багыты, мектепке даярдоо ийримдери, тил курстары, спорттук багыт, вокал, кол өнөрчүлүк студияларынын ийримдерин, инклюзивдик билим берүү топторун, IT-программалоо багытын да тандап, балдарды курстарга жаздырса болот. Курс жана ийримдердин жалпы тизмеси жана байланыш номерлери менен кенен таанышсаңыз болот.
Ишемби күнү 11 айдан бери палестикалык радикалдар Газа секторунда барымтада кармап турган туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү талабы менен 500 миң израилдик митингге чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Массалык нааразылык акциялары дээрлик өлкө боюнча өтүүдө. Митингчилер барымтадагылардын өлүмүнүн жоопкерчилигин Израилдин өкмөтүнө жүктөп жатышат. Алтынчы күн сайын өтүп жаткан акция Тель-Авивдин борборундгы өкмөттүк имараттардын алдында, Коргоо министрлигинин штабы жайгашкан жерде болууда. Ал жакка тез жардам кызматы жана полиция тартылган. Күч түзүмдөрү башаламандыкты алдын алып жолдорду тосуп койду. Миңдеген демонстрантка ХАМАС туткунунан бошотулган россиялык Андрей Козлов кайрылып, Газадагы калган адамдарды бошотуу боюнча макулдашуу түзүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырды. "Лидерлерибизден мүмкүнчүлүктү кое бербөөсүн талап кылышыбыз керек, барымтадагылар унутта калбашы шарт. Убакыт өтүп жатат, аларды үйлөрүнө азыр кайтаргыла", — деди ал. Козлов жана дагы үч туткун 8-июнда израиль армиясынын Газа секторундагы Нусейрат качкындар лагеринин аймагында жүргүзгөн комплекстүү операциясынын натыйжасында бошотулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0