00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
От Чокморова до новых звезд: будущее кыргызского кинематографа
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жөө кеткен жолдо... Акын жана журналист Жолдошбек Зарлыкбековду эскерүү

© предоставлено газетой "Де-факто"Акын, журналист Жолдошбек Зарлыкбеков
Акын, журналист Жолдошбек Зарлыкбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2024
Жазылуу
Акын, журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун ырлары, поэзияга киргизген жаңычыл көз карашы, профессионал акындык дарамети өз баасын албай кеткендей туюлат. Тирүүсүндө колдоо жок чыкпай калган чыгармалары жарык көрсө, адабиятта табылга болорун адабиятчылар да белгилешет.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" рубрикасында конокто КУУнун Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов жана таланттуу инсандын бир тууган карындашы Алтынай Зарлыкбекова болду.
Биз калеми менен далайларды суктанткан, дүйнөлүк классиканы казып окуган, ырлары курч акын жана журналист Жолдошбек Зарлыкбековду эскердик.
© SputnikТаланттуу инсандын бир тууган карындашы Алтынай Зарлыкбекова
Родная сестра поэта, журналиста Жолдошбека Зарлыкбекова Алтынай Зарлыкбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2024
Таланттуу инсандын бир тууган карындашы Алтынай Зарлыкбекова
— Алгач агаңыздын бала кезин эскерсек?
Алтынай Зарлыкбекова: — Биз чабандын үй-бүлөсүндө төрөлүп, тоолордун арасында өскөн балдарбыз. Агам үйдүн эң улуусу эле. Биздин чоң аталарыбыз, таяталарыбыз да жамакчы, төкмө болушкан экен. Апамдын айтымында. байкем 7-классында эле ыр жазып баштаптыр. Чырактын жарыгына китеп окуп, жазып эле отурчу экен. Бирок ырларына көп маани деле берилбептир. Кышында тоого чыгып жылаңайлак кар кечип, жайында жаратылышка суктанып табиятка абдан жакын өсөт. Университетти бүтөрү менен гезиттерде иштеп калды. Ошол кезде мектепти бүтүп мен да шаарга келип калдым. Мүнөзү жумшак, жоош болгону менен чыгармалары курч эле. Дүйнөлүк классиканы көп окуп, ага сугарылган. Котормолору да сонун. Чүпөрөк-чапыракка өтө маани берген адамдарды анча жактырчу эмес. Мен да кычырап барып калсам, "акчаңды, убактыңды ушул кийимге сарптагандан көрө китепке сарпта. Руханий дүйнөңдү байыт. Дүйнөлүк классикаларды оку" дечү. Байкем кошоматчылыкты, бирөөгө жагалданганды аябай жаман көрчү.
© SputnikКУУнун Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов
Кандидат филологических наук, литературный критик Аскар Медетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2024
КУУнун Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов
— Жолдошбек Зарлыкбековдун чыгармачылыгын иликтегенге сизге эмне түрткү берди?
Аскар Медетов: — Жолдошбек 80-жылдардагы муундун суурулуп чыккан өкүлү. Кезинде жүздөгөн акындар катышкан "Алыкулдун ак боз ат" фестивалынын лауреаты болгон. Ошолордун арасынан эң мыктыларынын бири болуп Жолдошбек Зарлыкбеков аталыптыр. Экөөбүз чогуу окуганбыз. Чыгармаларын кантип жаратып, кандай изденип жатканына кызыктык. Бирок ырлары мыкты болсо да гезитке аз жарыялачу. Өзү "Ленинчил жаш" гезитинде иштечү. Гезит 150 миң нучка менен чыкчу. Бирок өзүнө жогору талап койгондуктан көп ырларын чыгарчу эмес. 1984-жылы "Кыргызстан маданияты" гезитине "Кара кужур" аттуу ыры жарыяланды. Ушул ыр баарыбызды шыктандырды. Жаштар арасында сенсация болгон. Ал убакта Жазуучулар союзунан колдоо болуп көп эле жаш акындардын китептери чыкты. Бирок Жолдошбек Зарлыкбековдун китеби чыккан жок. Кийин көп жыл "Асаба" гезитинин кабарчысы болуп иштеди. Анда да ырларын жулунуп жарыялай бербеди. Өтө изденчү.
Негизинен 20-30дай эле ыры жарык көргөн, өтө көп эмес. Дүйнөлүк поэзиядагы символизм Франциядан башталат. Анын өкүлдөрүнүн бири Шарль Бодлер өңдүү француз акындарын Жолдошбек казып окучу. Артюр Рембонун "Мас кеме" ("Пьяный корабль") деген поэмасы бар. Аны 100 жыл аралыгында 20дан ашык орус акыны которгон. Жолдошбек ошол варианттарды салыштырып окучу. Символизмде чыгарманы эки дүйнө менен салыштырып берет. Символдорду чечмелеп, образды түшүнүү кажет. Азыр бизде кыргыз поэзиясы абдан төмөндөп кетти. Сүйүнбай Эралиев, Омор Султановдор көтөргөн деңгээлден төмөн. "Илхом келгенде жазып койдум" деп акынмын дегендер жамакчылардын деңгээлине түшүштү. Ыр деген андай эмес да. Жолдошбектин ырларынан биз чыныгы поэзияны көрө алабыз. Обон жаралчу ырды поэзия дебейт. Аны жазганды акын эмес, "песенник" деп коёт. Бизде ушул термин колдонулбай жатат.
Жолдошбек поэзияга өтө чоң даярдык менен келген акын. Ал Шербет Келдибекованын айылдашы, мектепте да колунан окуп калган экен. Ошол кишинин чыгармачылыгына таасирленгендиктенби, айтор, ыларын чыгарууга көп жанталашкан жок. Жарыялаган алгачкы ыры "Кара кужур" чоң акындын ыры болуп жатпайбы. Демек, ар бирин үстүнөн узак жылдар иштеген. Өзүнө өтө кылдат мамиле кылган.
КР эл артисти, алгачкы мультипликатор, кыргыз анимациясынын атасы Сагынбек Ишенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2024
Чыңгыз Айтматов ишеним көрсөткөн феномен адам. Сагынбек Ишеновду эскерүү
— Жогоруда айткандай ушул муундун акындары экономикалык, маданий кризистерди баштан өткөрүштү. Ошол себептен Жолдошбек агайда да чыгармачылык менен кенен иштөөгө мүмкүнчүлүк болбой, гезитте иштеп, көп ырлары да жазылбай калгандай сезилет...
А.З.: — Менин агам көп кырдуу талант, бири — журналистика. Ал бардык багытта ийгилик жарата алды.
— Ага талаш жок. Мыкты публицистикалары чыкты. Бирок дагы колдоо болгондо мындан да мыкты чыгармалар жаралмак беле деген ой...
А.З.: — Менимче жаралды. Агам каза болордо "төрт том чыгармам бар" деп айтып кетти эле. Бирок ар түрдүү себептер менен 8 жылдан бери чыгара албай келебиз. Ал өзү биринчи китебин "Жөө кеткен жол" деп чыгарууну кыялданган. Буюрса, бул да ишке ашат деген тилектемин.
— Ооба, китеби чыгып калса кыргыз поэзиясы үчүн мыкты табылга болмок. Агай, Зарлыкбековдун публицистикалары тууралуу эмне айта аласыз?
А.М.: — 1990-жылдардан бери элибиз маданий, саясий, экономикалык кризистерди далай башынан өткөрдү. Жолдошбек өтө билимдүү болгондуктан ошонун баарын талдап, жазып, публицистикасында чагылдырды. Кайсы темада жазса да терең билими, кенен маалыматы бар экени байкалчу. Башкача айтканда, аналитикалык ой жүгүртчү. Сөзгө уста эле. Кыргыз журналистикасында сөзгө чеберлер аз. Экөө болсо, анын бири Жолдошбек. Бир ирет шайлоо тууралуу макаласында эки талапкерди "экөө эгешип калыптыр" деп берип жатат. Бул эпостон келе жаткан сөз да. Лексикасы ушунчалык бай. Чоң энесинин да таасири бар экени айтылат. Ал эми котормолору да кыргызча сүйлөп калган. Рюноскэ Акутагаванын "Жизнь идиота" деген аңгемесин которгон. Бир кезде Фёдор Достоевскийдин "Идиот" деген чыгармасын кыргызча "Көк мээ" деп которуп сынга кабылгандар болгон. Ал эми Жолдошбек "Айныган адамдын турмушу" деп которду. Карагылачы кандай жарашат! Акутагаванын стилин да тапкан.
© предоставлено газетой "Де-факто"Алтынай Зарлыкбекова: менин агам көп кырдуу талант, бири — журналистика. Ал бардык багытта ийгилик жарата алды.
Журналист Жолдошбек Зарлыкбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2024
Алтынай Зарлыкбекова: менин агам көп кырдуу талант, бири — журналистика. Ал бардык багытта ийгилик жарата алды.
— Студенттик күндөрүн эскерип берсеңиз?
А.М.: — Бир ирет менин аңгемелеримди курсташтарга берсем, окуп пикирин айтышты. Бирок Жолдошбек баарын окуп, анализдеп, изилдеп чыгыптыр. Рецензия жазып берген. Адабиятка абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасачу. Өтө чоң интеллектуал эле. Азыр жаш акындар уйкаштырып эле жамакчылардай төгүп жатпайбы. Жогоруда айткандай, профессионал поэзияга обон чыгарганга болбойт. Анын өзүнүн талаптары бар. Мунун поэзиясында туруктуу мотивдер — өмүр, өлүм, мезгил жана мейкиндик өңдүү философиялык категориялар турат. Сүрөткер акын. Ырларында философия бар. Символизм, метафора жашачу. Өзүнүн дүйнөсүн түзүп алган акын. Омор Султановдун жакшы көргөн окуучусу эле. Чоң акындардын кеңешин алган. Буюрса, төрт томдук колго тийип калса, кыргыз адабияты, маданияты үчүн чоң байлык болор эле. Анан да сыйлык жаатында мыкты акындарды иргей билишсе. Эстетикалык критерий менен карап, поэзияга алып келген жаңылыгын эске алып бериши керек. Жолдошбектин чыгармалары бааланса деген тилек.
— Жолдошбек агай абдан шашма, анан өзү бул жакта турса да, ою башка ааламдарда жүргөндөй ойчулдугу бар эле....
А.З.: — Агамдын жеке турмушунда балалуу болбогону да ал үчүн арман болуп калды. Баланы аябай жакшы көрчү. Бирок балалуу боло алган жок. Кап-кап чүкө чогултту. Биз барганда уулдарыма таттуу берип эркелетчү, бирок "өзүмдүн уулум ойнойт" деп чүкөлөрүнөн берчү эмес. Туягы чыгармалары болуп калды. Мүнөзү жумшак, куулугу жок киши болчу. Бирок чыгармаларында башка адамды көрчүмүн. "Ажар" чыгармасында Касымалы Баялинов Үркүндөгү кыздын тагдырын берсе, агам 1980-жылдагы Кочкор өрөөнүндөгү бүтүндөй элдин тагдырын, трагедияны чагылдырган. Абдан курч жазчу. Агамдын чыгармаларын окуп таң калчумун.
Улуу манасчы Саякбай Каралаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2024
Атамдын улуу адам экенин аңдабаптырмын. Саякбай манасчынын кызынын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0