00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
От Чокморова до новых звезд: будущее кыргызского кинематографа
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чыңгыз Айтматов ишеним көрсөткөн феномен адам. Сагынбек Ишеновду эскерүү

© Фото / из семейного архива ИшеновыхКР эл артисти, алгачкы мультипликатор, кыргыз анимациясынын атасы Сагынбек Ишенов
КР эл артисти, алгачкы мультипликатор, кыргыз анимациясынын атасы Сагынбек Ишенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2024
Жазылуу
КР эл артисти, алгачкы мультипликатор, кыргыз анимациясынын атасы Сагынбек Ишенов дүйнө салды. Ал бир катар фильмдерде сүрөтчү-коюучу, китеп-журналдарда жасалгалоочу болгон. Анын сүрөтчү катары да жараткан мыкты эмгектери бар.
Сагынбек Ишеновдун чыгармачылыгы 1961-жылы "Кыргызфильм" киностудиясына ишке кирип, 1962-жылы кинорежиссёр Мелис Убукеевдин "Тоо суусу" даректүү тасмасында, 1963-жылы режиссёр Марианна Рошальдын "Космонавттар көчөсү", 1965-жылы Бекеш Абдылдаевдин "Тил алчаак", 1966-жылы Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" фильмдеринде сүрөтчү-коюучулук менен башталган. Ишенов көркөм адабияттарды, окуу куралдарын жасалгалоодо эң мыкты сүрөтчү катары иштеп, балдар адабиятына да салым кошо алды. Союз убагында жарык көргөн көптөгөн китептердин мукабасын жасалгалап, балдардын табитине ылайыктап мыкты сүрөттөрдү тарткан.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" рубрикасында конокто кыргыз Сагынбек Ишеновдун уулу Мурат Ишенов жана КРдин эмгек сиңирген сүрөтчүсү Болот Жумалиев болду. Биз залкар инсанды эскердик.
— Атаңыз Сагынбек Ишеновду кыргыз мультфильминин атасы катары тааныйбыз. Алгач адамдын башаты болгон ата-теги, бала чагы тууралуу сурагыбыз келип турат...
Мурат Ишенов: — Атам 1934-жылы Токмоктун жанындагы Дөң-Арык айылында туулган. Кичине кезинде айылга арабакеч соодагер келип, анын сандыгындагы кооз сүрөттөрдү көрүп аябай суктанып, таасирлениптир. Ошондон баштап эч кимге көрсөтпөй сүрөт тарта баштайт. Кийин №5 мектепте окуп калганда эл акыны Байдылда Сарногоев экөө дубал гезит чыгарат. Фрунзе көркөм сүрөт училищесине окууга өткөнү барса директору Гапар Айтиев атамдын сүрөттөрүн көрүп "ай, сен 4-курстагылардан да кыйын тартат турбайсыңбы, 3-курска кир" дейт. Бирок атам уялып 2-курска отурган экен. Андан кийин ВГИКтен билим алды.
© Sputnik / Асылбек БактыбековСагынбек Ишеновдун уулу Мурат Ишенов: атам Фрунзе көркөм сүрөт училищесине өтүп, дароо 2-курска отурган
Сын народного артиста КР, первого аниматора Сагынбека Ишенова Мурат Ишенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2024
Сагынбек Ишеновдун уулу Мурат Ишенов: атам Фрунзе көркөм сүрөт училищесине өтүп, дароо 2-курска отурган
Чоң атабыз 96 жашка чыгып каза болду. Өзү темир, жыгач уста, комузду чаба да, черте да билген, өнөрлүү, колунан көөрү төгүлгөн уста экен.
— Болот агай, анимацияга кандайча аралашып калганын сиз жакшы билсеңиз керек. Кандайча таанышып калдыңыздар эле?
Болот Жумалиев: — 1977-жылы көркөм сүрөт окуу жайында окучумун. Бир күнү "Кыргызфильм" киностудиясынын директору биздин окуу жайдын башчысына мультфильм тартылганы жатканын айтып, таланттуу балдарды сурап кайрылат. Училищенин директору чакырганынан барсам мультипликация жаатында иштөөмдү сунуштады. Кызыгып дароо макул болгонум менен ал тууралуу түшүнүгүм деле жок болчу. Ошентип окууну бүтүп киностудияга келдик, эч кандай жабдык да, иштөөгө шарт да түзүлбөптүр. Бизди Сагынбек Ишенов тосуп алып, сүрөт тарттырып экзамен алды. Ал жактан да тандоодон өтүп кеттик. Ошентип ал кишинин колуна түштүк. Андан көп өтпөй эле киностудияга экономика боюнча билими бар Эдилбек Сарыбаев директор болуп калды. Абдан тың жигит экен. Казакстан менен сүйлөшүп, сүрөт тартуучу атайын столдорду жана кагаз кескен жабдыктарды алдырып акырындан шарт түзө баштады. Бизди болсо Казакстанга окууга жиберип, "Союзмультфильм" студиясынан келген мультипликаторлордон сабак алдык. Башында элементардуу эле топтон баштадык. Анан татаалдатып жүрүп отуруп, кишилердин басканын жасаганды үйрөндүк. Аягында кадимкидей курстук иш жазып, жактап, даяр адис болуп Бишкекке кайттык. 1978-жылы Эркин Борбуевдин сценарийинин негизинде "Сандардын чатагы" деген мультфильмди тарттык. Сагынбек агай ошондо 40 жаштагы эле жигит экен. Бою кичирээк, абдан эмгекчил, тың эле, искусство дегенде жанын берчү. Ошентип мени кабинетине кошо отургузуп алды.
© Sputnik / Асылбек БактыбековКРдин эмгек сиңирген сүрөтчүсү Болот Жумалиев: агайдын айтканын айткандай аткарбасак тил укчубуз. Түнү менен калып аткарар элек. Агай талапты абдан катуу койгон киши болчу. Өзү да биз менен кошо иштей берчү.
Заслуженный артист КР Болот Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2024
КРдин эмгек сиңирген сүрөтчүсү Болот Жумалиев: агайдын айтканын айткандай аткарбасак тил укчубуз. Түнү менен калып аткарар элек. Агай талапты абдан катуу койгон киши болчу. Өзү да биз менен кошо иштей берчү.
"Бизде эмнеге мультфильм жок" деп бул тартуу ишинин башында Чыңгыз Айтматов турган. Ал Ишеновдун тыңдыгын, талантын баалап жетекчи кылып койгон. Алгачкы мультфильм "Сандардын чатагы" тартылып бүткөндө элдин кабыл алуусу да бөтөнчө болду.
— "Эки бөжөк", "Чептен эрдин күчү бек", "Меке чал жана кара дөө", "Олокон" аттуу мультфильмдерди тарттыңыздар, иш процесси тууралуу айтып берсеңиз….
Б.Ж.: — Ар бир кадрды тартканда секундасына 24 сүрөт өтөт экен. Мисалы, колду көтөргөн жерин эле 24 жолу бөлүп тартчубуз. Эгер кол эки секундда көтөрүлсө, анда 48 кадр тартылат. Эртең менен саат сегизде келип, кечке чейин заводдун жумушчуларындай баш көтөрбөй иштечүбүз. Ошондо да такыр жетишчү эмеспиз. Алгачкы жылдары тажрыйба аз болуп, түнкүсүн да калып иштеген күндөр болгон. Союз убагында тартип катуу болгондуктан план толбой калса сый акыны кыркып салчу. Он мүнөттүк мультфильм үчүн 14 500 сүрөт тартуу керек. Буга бир жыл отурчубуз. Ал убакта компьютерди көрө элекпиз. Баары колго жасалчу. Мультфильмди тартуудан мурда сценарийин окуп, күзгүгө карап алып кадимки актёрлордой ойночубуз. Мисалы, муштаган жериндеги сокку урулган убактысын секундомер менен эсептеп алып, ошого жараша сүрөт тартчубуз. Ар бир кадрды камерага тартып алып, экрандан карап көрүп, баары жакшы болсо гана улантабыз. Мультфильмдин башкаларга окшобогон өзүнүн жыты, түспөлү, боёгу бар. Сүрөттөрдүн баарын бирдей тегиз боёп, аларды илип кургатып, анан аппаратка түшүрөт. Мультфильмдин арткы фонун аппарат жасап берчү. Ошол кезде мультфильм тарткан аппараттын баасы 45 миң рубль же тогуз "Жигулинин" баасы эле. Тартылган сүрөттөрдүн сызыктарын тууралап чийип чыгуучу адис контурлоочу деп аталат. Ал эми ар бир кыймылдын аралыгын фасовщик чийип, убактысын эсептеп чыгат. Бир мультфильмде баш-аягы 20дай сүрөтчү иштейт. Анан сценарист, режиссёр, режиссёрдун ассистенти, үн оператору, оператордун ассистенти, кинокартинанын директору болуп бир команда эмгектенет.
© Фото / из семейного архива ИшеновыхКР эл артисти, алгачкы мультипликатор, кыргыз анимациясынын атасы Сагынбек Ишенов
Народный артист КР, первый аниматор, отец кыргызской анимации Сагынбек Ишенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2024
КР эл артисти, алгачкы мультипликатор, кыргыз анимациясынын атасы Сагынбек Ишенов
Мамлекеттик кинонун комиссиясынан өткөн соң Москвадагы "Союзмультфильмдин" кароосуна жөнөтчүбүз. Алар жактырмайын союз экранга такыр кабыл албайт. Ар бир мультфильмди тарткан соң аны өткөрүү өзүнчө чоң түйшүк эле. Москвада бир топ кино сынчылар чогулуп, эмгегиңди чоң экрандан карап отурушат. Ал бүткүчө калчылдап коркосуң. Албай койсо уят, ага кеткен каражат ысырап болот. Эгер эмгегиң жакса баары туруп кол чаап, кийин бүткүл союздук республикаларда көрсөтүлчү. Анан орус жана башка тилдерге которуп, дубляж кылып кайра тартчубуз.
— Устатыңыз кандай жетекчи эле?
Б.Ж.: — Биз ал кишини устат катары "агай" деп кайрылчубуз. Айтканын айткандай аткарбасак тил укчубуз. Түнү менен калып аткарар элек. Агай талапты абдан катуу койгон киши болчу. Өзү да биз менен кошо иштей берчү. Биз да агай качан кетет болду экен деп карайбыз. Кабак-кашын карап кете алчу эмеспиз. Бир ирет түнкү 3тө камера менен иштеп жатсам, Төлөмүш Океевдер кино тартуудан кийин аппаратураларды таштайлы деп келишиптир. Анан биздин жарык күйүп тургандыктан баш баккан Океев "ай, Жумалиев, кетпейсиңби, саат үч болду, үч" деп жатпайбы (күлүп). Бир эсе абдан кызыгып иштейт элек.
Ал кезде киностудияга №7 автобус эле каттачу. Биз чыкканда токтоп калар эле. Жаш Гвардия бульварынан тентек балдардан качкан күндөр да болду. Кийин спорттук велосипед сатып алып ошону менен каттап калдым.
— Атаңыз абдан талапты коё билген, искусство үчүн дилин койгон адам болуптур. Үйдө деле көп болбосо керек…
М.И.: — Ооба, эртең менен кетип, кечинде келип үйдө да иштечү. Энергиясы ашып-ташып турчу окшойт.
— Ата катары силерди урушкан учуру болдубу?
М.И.: — Атам эч качан бизди какыс-кукус кылган жок. Төрт бир тууганбыз. Үч эркек, бир кыз. Эч кимибизге колу тийбеди. Кашы да түктүү болгондуктан абдан сүрдүү көрүнчү. Ошондуктан көз карашы менен эле тарбиялап койчу.
© Фото / из семейного архива ИшеновыхКР эл артисти, алгачкы мультипликатор, кыргыз анимациясынын атасы Сагынбек Ишенов
Народный артист КР, первый аниматор, отец кыргызской анимации Сагынбек Ишенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2024
КР эл артисти, алгачкы мультипликатор, кыргыз анимациясынын атасы Сагынбек Ишенов
— Балдарынын арасында ата кесибин аркалагандар чыктыбы?
М.И.: — Атам эч кимибизди сүрөт тартууга же мультфильмге үндөгөн жок. Үчөөбүз тең Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүттүк. Иним Марат ата кесибин улантты десек болот. Учурда төрт мультфильм тартты. Азыр коомдук транспорттордо көрсөтүлүп жатат. Бирок азыр мурункудай эмес, техника өнүккөн заман. Болот байкем айткандай, мурда бүт дилин коюп, күнү-түнү ар бир ишти кылдат карап, колго тартышчу да. Абдан оор болуптур.
Б.Ж.: — Негизи мультфильмге чыдамкайлык жана өжөрлүк керек экен. Чыдабай кетип калгандар да болду. Агай абдан чыдамкай, өжөр болчу. Москвадан көркөм кеңештен тарткан мультфильмибиз өтүп кеткенден кийин алкоого татырлык көп иш жасады. Сый акы бөлдүрүп, ыраазычылыгын билдирип, Ардак тактага чыгарып мотивация берчү. Кийин менин режиссёр-оператор болушума да ал кишинин ролу чоң. Өз алдынчалыгыма жол ачты. "Эр Төштүк" мультфильмин тартууга бел байладык эле, бирок керектүү шарт, жабдык жок ишке ашыра албай калдык.
— Эмгектери кайда сакталуу?
М.И.: — Союз тарагандан кийин көп артисттер жумушсуз калды. 1991-92-жылдары өзүнүн туулган айылына барып мечит салды. Ал кезде мечит кандай салынарын эч ким билбейт экен. Эл акча чогултуп берип, долбоорун, башындагы ай белгисин, дизайнын атам өзү жасаган. Жусуп Баласагындын 975 жылдыгында 9х4 метр кылып сүрөтүн 14 жыл тартты. Ал азыр айылдагы мектептин маданият залында турат. 2016-жылы мектептин директору менен айыл аксакалдары кеңешип мектептен бир классты бөлүп беришип, эмгектери ошондо сакталуу. Камволдук-нооту комбинатына сүрөтчү Теодор Герцен экөө туурасы алты, узуну төрт метр болгон мозаика чаптап чыгышкан. Азыр деле бар.
Б.Ж.: — Жогорудагы мектепте турган полотносу укмуш тартылган. Ушуга карап эле Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты бериш керек болчу. Аябай укмуш эмгек. Андай эч жерде жок. Ал эми "Кызыл өгүз, көк соко" аттуу сүрөтү Москвадагы Третьяков галереясында илинип турат.
М.И.: — 1971-1972-жылдары Кожомкул балбандын эки сүрөтүн жараткан. Алгач барып айылынан изилдеп, колунун изин ошондо эле аныктаган. Сүймөнкул Чокморовду натурщик кылып тарткан. Ошондо мамлекетке кандайдыр бир себептер менен кабыл алынбай, Миң-Куштагы досуна белек кылып берип койгон экен. Ал клубга илет. Клуб өрттөнгөндө бирөө алып, кийин Россияга көчкөндө кошо ала кетиптир.
© Фото / из семейного архива ИшеновыхКР эл артисти, алгачкы мультипликатор, кыргыз анимациясынын атасы Сагынбек Ишенов
Народный артист КР, первый аниматор, отец кыргызской анимации Сагынбек Ишенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2024
КР эл артисти, алгачкы мультипликатор, кыргыз анимациясынын атасы Сагынбек Ишенов
— Адатта мындай ишине берилген инсандар наамга, атакка анча кызыкчу эмес эле?
Б.Ж.: — Бул киши негизи байлыкка да, наам менен атак-даңкка да кызыккан жок. Сагынбек агайдын 80 жылдыгында эле ошол кездеги маданият министри "момунча жылдан бери сыйлык албаптырсыз, сизге III даражадагы Манас орденин алып берем" деген. Бирок ошол бойдон маселе каралбай калды. Эми 90 жылдыгына карата керектүү жактарга айтып жатканбыз…
— Кимдер менен достук мамиледе эле?
Б.Ж.: — Төлөмүш Океев, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев, Ашым Жакыпбеков, Мурза Гапаров, Кадыржан Кыдыралиев, Каарман Ашымов өңдүү залкарлар менен достук мамиледе жүрдү. "Бакайдын жайыты" фильминде чогуу иштешишти. Азыр дээрлик бардыгынын көзү өттү. Арасында абдан тамашакөйлөрү да бар эле. Агай китепке сүрөт, иллюстрация тартуу жагынан да мыкты болчу. Кадимки "Чалкан" журналында да иштеди. Карикатураларды укмуш окшотчу. Аны көрүп китеп тармагында мен да иштеп калдым. Басмаканадан конкурстук негиздеги китептерди жасалгалачубуз.
М.И.: — Кичинемде айылда чоңойдум. Суу жок, эки чака сууну алыстан ташып келчүбүз. Ошол кездеги башкарма "темир жок" деп айылга суу чыгарбай коюптур. Анан атам "Чалканга" карикатура кылып чыгара турган болгондо коркуп, суу киргизген. Биринчилерден болуп биздин көчөбүзгө кирген эле. Ал кезде жетекчилер "Чалкан" журналына чыккандан абдан коркчу.
— Атаңызга өмүр бою тыл, өмүрлөш болгон апаңыз тууралуу да сурасам. Көбүнчө үйдүн түйшүгү ал кишиде болсо керек…
М.И.: — Апам да уз киши болчу. "Кыял" көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде иштеди. Эсимде, 1981-жылы чий чырмап Токтогулдун сүрөтүн түшүрүп, байге утуп алган. Ошондон кийин Сүрөтчүлөр союзуна мүчө болуп кирген. Кичинебизде азыркы "Ататүрк" паркынын жанында бир бөлмөлүү үйдө турчубуз. Кичине болсо да айылдан келген студенттер, жумуштан командировкалап келгендер үйдөн үзүлчү эмес. Терезени чертип эле келе беришчү. Ошонун баарын батырып, кирин жууп, тамагын берген адам болчу апам.
Ушундай адамдардын уулу болуу мен үчүн сыймык. Студент кезде байкабайт экенсиң. Кийин ойлонуп көрсөм атам феномен кишилердин бири экен. Искусствонун кайсы багытын колго албасын, баарын аягына чейин жасап, ийгилик жараткан инсан. Өтө эмгекчил, өжөр эле. 90 жашында да күндө бир жумушту бүтүрчү. Жок дегенде бир макала окуп, анын анализин жазып койчу.
Улуу манасчы Саякбай Каралаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2024
Атамдын улуу адам экенин аңдабаптырмын. Саякбай манасчынын кызынын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0