00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Саламатсыздарбы! Эфирде жаңылыктар чыгарылышы. Микрафондо Арууке АмирдиноваБишкектен Куала-Лумпурга түз авиакаттам ачылышы мүмкүнЯпониялык саясатчы Россияга сокку уруунун кесепети тууралуу айттыМуфтият айт намаз мечиттерде окуларын билдирдиБыйыл айт намаз мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. "16-июнга белгиленген Курман айт майрамына байланыштуу айт намаздар жер-жерлердеги мечиттерде окулат", — деп жазылган маалыматта. Эске салсак, быйыл Курман айт 16-июнга белгиленген. Ал эми 15-июнь арапа күнү болот. Буга байланыштуу кыргызстандыктар келерки жума аягында үч күн катары менен 15-16-17-июнь күндөрү эс алышат.
Бишкек менен Куала-Лумпурдун ортосунда түз авиакаттам ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору жана "Манас" эл аралык аэропортунун коммерциялык директору кирген кыргыз делегациясы Малайзияда тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. "Бир катар жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы аба каттамы жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү макулдашышты", — деп айтылат маалыматта. Делегациянын иш сапары Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин 15-16-майдагы Кыргызстанга жасаган расмий сапарында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында өтүүдө.
Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 12-июнда саат 10:00дөн 22:00гө чейин Масалив – Айтматов – Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат. Бул убакта «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн оңдоо иштерин жүргүзөт. Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Баткен облусунда жол кырсыгы болуп, андан бир киши көз жумган. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун каисыздоо башкы башкармалыгынан блдиришти. Маалыматка ылайык, 8-июнда Раззаков — Ош жолунда айдоочу рулду башкара албай Honda сивик унаасы аласалып кеткен. Кырсыктан жүргүнчү каза болуп, айдоочу ооруканага жаткырылган. Учурда тергөө жүрүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттигине өздүк булактарынан белгилүү болгондой, көз жумган адам Коргоо министрлигинин кызматкери экен. "Баткендеги № 52870 аскер бөлүгүндө келишим менен кызмат өтөп жаткан 31 жаштагы кенже сержант окуя болгон жерде көз жумган. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүп берилди. Унаанын 30 жаштагы айдоочусу ар кандай жаракаттарды алган", — деген маектеш.
АКШнын Россия аймагына сокку урууга берген уруксаты туура эмес. Бул нерсе үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин япониялык белгилүү саясатчы, парламенттин депутаты Мунео Судзуки билдиргенин РИА Новости жазды. "Мен АКШнын чечимин жаңылыштык деп эсептейм. Анткени бул нерсе согушту узартат жана үчүнчү дүйнөлүк согушка жетелейт. Президент Путиндин атайын аскердик операцияны баштоо чечимин кабыл алууга Байден түрткү болгон. Мындай англосаксондук тышкы саясатка жол бербеш керек. Япониянын коңшусу — бул Россия ", — деди Судзуки. Судзуки — 40 жылдан ашык тажрыйбасы бар таасирдүү саясатчы. Ал маркум премьер-министр Синдзо Абэге кеңеш берип турган жана анын тушунда эки тараптуу байланыштар интенсивдүү өнүгүп келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0