00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
07:00
3 мин
Күн башат
Петербург эл аралык форуму эң ири экономикалык аянтчага айланды — кызматташтык жаңы деңгээлде чыкты
07:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Как избежать конфликтов на работе - советы психолога
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Кыргызстандагы жана ЕАЭБдеги эмгек миграциясы кандай өнүгүп жатат — демографиялык саясат кантип жөнгө салынышы керек?
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Ситуация с ценами на закуп молока. Фермеры против молокозаводов
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канткенде арзан жол кире төлөсө болот? Мэрия жол-жобосун түшүндүрдү?
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дыйкандарды жүдөткөн чегиртке — Зыянкечтер менен күрөш кандай жүрүүдө?
13:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Сайтка саресеп
On air
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өзүнө жол салып кеткен диктор. Тамара Алсеитованы эскерүү

© Фото / предоставлено Шайгуль АлсеитовойАлтын үндүү диктор Тамара Алсеитова
Алтын үндүү диктор Тамара Алсеитова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2024
Жазылуу
Алтын үндүү диктор Тамара Алсеитова легендага айланганы анык. Ал коңгуроодой үнү менен ар бир кыргыздын үйүн чертип кирип, үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө айланган. Кесибин сүйгөн диктор "алтын микрофонум" деп ишин ардактаган.
Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" рубрикасында конокто легендага айланган диктор Тамара Алсеитованын бир тууган эжеси, КРдин эл артисти Шайгүл Алсеитова болду. Биз Тамара Алсеитованы эскердик.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тамара Алсеитова 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде диктор болуп иштей баштаган. Ошол жылдан өмүрүнүн акырына чейин Тамара Алсеитова Кыргыз радиосунда жана телекөрсөтүүсүндө дикторлук кесипти аркалап, кыргыз элине өз кесибинин чыгаан устаты катары таанылган. Тамара Алсеитова 1956-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында туулган.
© SputnikЛегендага айланган диктор Тамара Алсеитованын бир тууган эжеси, КРдин эл артисти Шайгүл Алсеитова: мага Тамара бир жерде тирүү жүргөндөй эле сезиле берет. "Өлгөндү даңктамайын, тирүүнүн иши жүрбөйт" дегендей, бүгүн сиңдимди эскерип отурабыз. Менимче, сиңдим өлгөн жок. Артында опол тоодой эмгеги, эл ичинде аты калды.
Народная артистка КР Шайгуль Алсеитова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2024
Легендага айланган диктор Тамара Алсеитованын бир тууган эжеси, КРдин эл артисти Шайгүл Алсеитова: мага Тамара бир жерде тирүү жүргөндөй эле сезиле берет. "Өлгөндү даңктамайын, тирүүнүн иши жүрбөйт" дегендей, бүгүн сиңдимди эскерип отурабыз. Менимче, сиңдим өлгөн жок. Артында опол тоодой эмгеги, эл ичинде аты калды.
— Алгач Тамара, Шайгүл, Чолпон Алсеитоваларды тарбиялап, элге кошкон ата-энеси, ата-теги тууралуу сурагым келип турат...
— Мага Тамара бир жерде тирүү жүргөндөй эле сезиле берет. "Өлгөндү даңктамайын, тирүүнүн иши жүрбөйт" дегендей, бүгүн сиңдимди эскерип отурабыз. Менимче, сиңдим өлгөн жок. Артында опол тоодой эмгеги, эл ичинде аты калды. Бизге окшогон кыздарды жараткан кудайыма, экинчиден, ата-энеме ыраазымын. Негизи сегиз кыз, бир эркекпиз. Тамараны кошкондо үчөө жерде. Атабыз өмүр бою кызматта болсо, апабыз дайыма балдар менен үйдө болду. Бизди бапестеп өстүрүштү. Өкүнүчтүүсү, Тамара кеткенден кийин Айнагүл Алсеитова аттуу врач сиңдимден да айрылып калдык. Ал да өз ишин мыкты билген, сыпайы кыз эле. Ал эми үчүнчү сиңдим бала кезинде эле кырсыктап каза болгон. Үйдө эң улуусу менмин. Ал эми биздин өнөргө жакын болгонубуздун себеби да генден болсо керек. Таятабыз Байтөк өнөрпөздор менен чогуу жүргөн акын болгон экен. Айткулу Убукеевдин "Чыр-Дөбө" аттуу китебинде таятабыздын ыр саптары бар.
— Тамара эже бала чагынан эле микрофонго жакын, дикторлукка шыгы бар кыз беле?
— Бала чагыбыз Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда өттү. Улуу кыздар көбүнесе чоң энемдин колунда тарбияландык. Чоң энем абдан сөзгө чечен, куйкум сөздүү, кара торунун сулуусу эле. Кошуна казак абышкалар эртең менен күнгө кактанып аркы-беркини кобурашып чогулушканда "а-ай, кара сулуу барма" деп чакыртып калышчу. Чоң энебиз бизге көп нерсени үйрөттү. "Театр биздин үйдөн башталган" деп көп айтам. Тамара кичинесинен эле алып баруучу болуп, оозуна сала бергендей эле мени "эл артисти" деп чакырчу. Бир сиңдимди "бийлейт" деп тааныштырчу. Ошондо эле сөз баккан, чукугандай сөз тапкан, кичинекей арык кыз болчу. Туугандар "жер көтөрбөс" деп эркелетип, андан бирдеме чыгарын көп айтышчу. Ырдап-бийлеп, монолог айткан күндөр көп болор эле. Көрүүчүлөрүбүз чоң энебиздин курдаштары болчу. Салый чоң энебиз башкы калыс эле. Орус мектепте окуганыбызга карабай "Манас" эпосун эпизодго бөлүштүрүп алып, окуп берчүбүз. Энелерибиз ыйлаган жерде ыйлап, кунт коюп угушчу. Ошондо эле Тамаранын үнү кубулжуп, көрсө тапталып жаткан экен. Баарыбыз эле чоң энемден жакшы сапаттарды алдык, бирок Тамарада бир өзгөчөлүк бар болчу. Кийин жомок окуганда, эки президенттин инаугурациясын, көптөгөн берүүлөрдү алып барганда эле элдин жүрөгүнөн түнөк таап калган экен. Бурулча аттуу сиңдим Ак-Суу районунун "Боз салкын" деген өздүк көркөм ансамблинде ырдап, сыйлык алып, көп жерди кыдырышты. Ал сиңдим азыр Казакстанда жашайт. Алмагүл Алсеитова аттуу сиңдим Талас театры ачылганы эмгектенип келе жатат. Чолпон Алсеитованын аргендей үнү бар, элге алынган кыздардын бири. Жалгыз иним да музыкант. Азыр беш баланын атасы, атабызын түндүгүн булатып, бизге төркүн болуп айылда жашайт. Келинчеги да таланттуу.
© Фото / предоставлено Шайгуль АлсеитовойШайгүл Алсеитова: Тамара кесибин абдан сүйүп, "ыйык микрофонум" дечү. Бул жагынан каалаганына жетти деп ойлойм.
Диктор Тамара Алсеитова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2024
Шайгүл Алсеитова: Тамара кесибин абдан сүйүп, "ыйык микрофонум" дечү. Бул жагынан каалаганына жетти деп ойлойм.
— Тамара Алсеитованын ичи-сырты төп келген, интеллекти бийик диктор болгон. Өзүн өстүрүүдө абдан көп окуса керек...
— Ооба, негизи мектепте орусча окуган. Бирок "эне тилим" деп намыстанып, кыргызча китептерди окуп жатып, кийин кыргызча кыйын сүйлөп калды. Эки тилдүү диктор болду. Мектепти да абдан жакшы окуду. Ал кезде мугалимдер да күчтүү эле. Мектепти аяктап келип, политехникалык институтту бүттү. Бирок ички жөндөмү кытыгылап эле тынчтык бербейт. Бир ирет конкурс жарыяланып, дилгирлигинен улам өтүп кетет. Ошентип диктор болуп калды. Кесибин абдан сүйүп, "ыйык микрофонум" дечү. Бул жагынан каалаганына жетти деп ойлойм. 2004-жылы жол кырсыгына кабылганда күрөө тамырына доо кетиптир. Атайын оорукананын врачтары "жөтөлүп жатат" деп эле туура эмес дарылай беришиптир. Өзү да сезип, "айланайындар, айткылачы, мен сүйлөгөндө кышылдаган үн чыгып жатпайбы. Мен байкап жатпайымбы" деп доктурга нечен барды. Билбей коюшту. Ооруп жатса да жумуштан калбай барып жүрдү. Жумушка барып келип, анан ошол түнү кетип жатпайбы. Бронхит деп дарылай беришкен, көрсө күрөө тамырга доо кетип, өпкөгө акырындан кан толо бериптир. 2006-жылы ошол дарттан улам каза болду. Алдыга койгон көп пландары бар болчу. Ал программаны алып чыгарда темага чала-була даярданып чыкчу эмес. Ички тубаса интеллектин, маданиятын өнүктүрүп отурду. Тамараны эли катуу сүйдү, баалады. Тамара каза болгондон кийинки эскерүүлөргө келген элди, кесиптештеринин ыйлап эскергенин көрүп алып, элдин чыныгы кызы болгонун түшүндүм. Элдин кызы болуу үчүн ички жана сырткы гармония төп келиши керек.
© SputnikКРдин эл артисти Шайгүл Алсеитова: Тамара каза болгондон кийинки эскерүүлөргө келген элди, кесиптештеринин ыйлап эскергенин көрүп алып, элдин чыныгы кызы болгонун түшүндүм. Элдин кызы болуу үчүн ички жана сырткы гармония төп келиши керек.
Народная артистка КР Шайгуль Алсеитова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2024
КРдин эл артисти Шайгүл Алсеитова: Тамара каза болгондон кийинки эскерүүлөргө келген элди, кесиптештеринин ыйлап эскергенин көрүп алып, элдин чыныгы кызы болгонун түшүндүм. Элдин кызы болуу үчүн ички жана сырткы гармония төп келиши керек.
— Конкурстан өтүп, алгач диктор болуп иштеп баштаганда абдан бактылуу болсо керек?
— Ооба, абдан кубанды. Ал кезде комиссияда да мыктынын мыктылары отурган. Абилезим Ниязовдон да жакшы сөз уккан экен. Абдан сүйүнүп келди. Тамара күнүнө жумушуна ушунчалык сүйүнүү менен барчу. Өзүнө да абдан кылдат мамиле жасачу. Биздей туулган күн, той, конок дегендерге барган жок. Түнү менен даярданып, таң атпай саат 4тө жумушка кетчү. "Фрунзеден сүйлөйбүз, Фрунзеде саат 6" деп сүйлөп, таң эрте эл менен учурашчу.
— Ал киши эмнени жактырчу эмес. Мүнөзү тууралуу айтсаңыз?
— Эми аял киши болгондон кийин кээде аны-муну айтып калсак "ай, ушак сүйлөбөгүлө" деп койчу. Кошоматчылыкты, жалкоолукту өтө жек көрчү. Бетке айтып, үйдөн бир туугандар арасында калыстыгынан тайчу эмес. Менден кичүү болсо да ушундай мүнөзү бар болчу. Калыстыгынан улам туугандар да кайрылып турушчу. Түз жүргөнү менен да кесиптештерине жаккан.
Ал дайыма жайдары жүрчү. Назик болгону менен мүнөзүндө сүр бар эле. Бир нерсеге капа болуп турса мен байкап калчумун. Бирок сыртка билдирчү эмес. Бир ирет ушундай капа болуп келди. Ал кезде бир маалыматты топтоп лентага жаздыруу кыйын болчу. Программа үчүн даярдаган кассетасын бир кесиптеши алып туруп, катып салыптыр. "Тимеле издеп жатып чачым агарды" деп келген. Кайра даярдады. Бирөө менен да урушчу эмес. "Эми билип эле турам ким кылганын, эмне кылайын" деди. Ар кандай адамдар болот экен. Тамара байкушум баладай ишенчээк болчу. Азыр ошол кишини көргөн сайын "ии, кантип басып жүрөсүң" дегендей ичимден кызыктай болом.
© Фото / предоставлено Шайгуль АлсеитовойШайгүл Алсеитова: Тамара күнүнө жумушуна ушунчалык сүйүнүү менен барчу. Өзүнө да абдан кылдат мамиле жасачу.
Диктор Тамара Алсеитова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2024
Шайгүл Алсеитова: Тамара күнүнө жумушуна ушунчалык сүйүнүү менен барчу. Өзүнө да абдан кылдат мамиле жасачу.
— Кудай өңдү, келбетти, мүнөздү, ошол эле учурда сүйгөн кесибин да берди. Жашоодо өксүгү болдубу?
— Албетте, "хандын да бир тузу кем" дегендей, телегейи тегиз эч ким болбойт экен. Жолдошу менен көрүнбөгөн жери калган жок. Балалуу боло албай жүргөнүнө абдан кейиди. "Силердин балдарыңардын баары меники" деп биздин балдарыбызга өзүнүкүндөй мамиле кылды. Тамаранын бир өкүнүчү ошону менен кетти.
— Сиңдиңиздин эл кызына айланганын убагында сездиңизби?
— Гүлшара Дуулатова, Жамилия Сыдыкбекова болуп бир гримеркада отурабыз. Биз эмес Гүлшара эжеке "ай, Тамара Алсеитова келе жатыптыр. Жакшы ойнойлу, кокуй, ал аябай сынайт" дегенде аябай таң калгам. Мен Тамараны сиңдим, бир тууганым катары көрүп келсем, башкалар анын баамчылдыгына баа беришиптир да. 2000-жылы мен Клеопатраны ойноп калдым. Тамара көрүп, катуу да айта албайт. "Ну, ещё попробуй" деп кетет. Кайра чакырам "дагы көрчү" дейт. Тамара сынчым болчу. Ошентип бешинчи жолу көргөндөн кийин гана "а-ай, сеструха, бүгүн мына мен ойлогондой ойнодуң. Ушундай рахат алдым. Мына, эми өзөгүн таптың, жоготпо" деп мурдумду чымчып койду. Тамарага мен да түздөнө баштагам. Бир ирет Бакен Кыдыкеева менен сахнага чыккан. Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолун" коюшуп, Тамара алып баруучу болуп, Бакен эже композиция ойноптур. Ошондо Бакен эже мага "апей, ай Шакин, укмуш турбайбы сенин сиңдиң. Мен бул кыздан аябай сүрдөбөдүмбү" дегенде таң калып койгом. Ал киши гениалдуу, улуу актриса да. Ал кезде эже менен бир сахнага чыгуунун өзү биз үчүн бакыт болчу. Анан ошол күнү эженин сөзүн айтып, Тамараны кубантуу үчүн үйгө жеткиче шаштым. Ушундай залкарлардын баасын алган. Эженин сөзүн угуп, байкушум абдан сыймыктанып, канааттанып, андан да дем-күч алган. Тамара өзүнө жол салып кетти.
© Фото / предоставлено Шайгуль АлсеитовойШайгүл Алсеитова: Мен Тамараны сиңдим, бир тууганым катары көрүп келсем, башкалар анын баамчылдыгына баа беришиптир да.
Диктор Тамара Алсеитова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2024
Шайгүл Алсеитова: Мен Тамараны сиңдим, бир тууганым катары көрүп келсем, башкалар анын баамчылдыгына баа беришиптир да.
— Сиздердин ийгиликтерди ата-энеңиз көрүп калдыбы?
— Атам башында биздин искусствого келишибизди анча жактырбай жүрдү. Апабыз абдан сонун ырдачу эле. Бир жолу үйгө Даркүл Күйүкова, Жалил Садыков, Чолпонбек Базарбаевдер келип баа берип кетишкен. Апамдын үнүн угуп Имаш Эшимбеков "эже, сиз эчак эле Союздун эл артисти болмок экенсиз. Үнүңүз Мыскалдыкынан кем эмес экен" деп ыйлаган. Таякебиз өзү окууга кетип, апам таенебизди карап окубай үйдө калган экен. Апам ошентип ырдабай калганын айтчу. Өкүнүчү ичинде болчу. Бирок кайра туруп "мен жетпегенге силер жетип жатасыңар, мен ыраазымын" деп айтчу. Спектаклдеримди көрдү. Кызынын алып баруучулук ишин көрүп сыймыктанды. Тамарада тазалык бар болчу. Анын эмгеги деле өз баасын алышы керек. Убагында эки президенттин тең инаугурацияларын алып барып жүрдү, бирок башкаларга окшоп сыйлык, үй сураган жок. "Сурабайсыңбы" дегендерге "бул деген жеткен тайыздык, мен андай деңгээлге түшпөйм" деп жооп берчү.
КР эл артисти Күмөндөр Абылов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2024
Уулун ажалдан сактаган таберик. Күмөндөр Абылов согушка кеткен чоң атасын эскерди
Жаңылыктар түрмөгү
0