00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
On air
12:57
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:05
39 мин
17:56
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
18:55
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
38 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эмнеге сел жүрүп, жер көчөт, алдын ала билүүгө мүмкүнбү? Окумуштуулардын маеги

© AFPСел. Архивдик сүрөт
Сел. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2024
Жазылуу
Апрель, майда өлкөнүн бир нече аймактарында сел жүрдү. Акыркы ирет кооптуусу Ош шаарында болду. Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен маектешип, бизде тез-тез болуп турган жаратылыш кырсыктары кандайча болжолдонорун, ага коомчулуктун мамилесин сурадык.
Биз кырсык болгон жерлерге барып жүргөн адистер, УИАнын Суу маселелери боюнча гидроэнергетика институтунун жердин үстүндөгү ресурстары боюнча лабораториянын жетекчиси Ольга Стрижанцева жана академик, Машина таануу, автоматика жана геомеханика институтунун лабораториясынын башчысы Камчыбек Кожогулов менен сүйлөштүк.
© SputnikОльга Стрижанцова: кайсы жерде сел жүрөрүн так айтыш өтө кыйын. Алар тоолуу аймактарда болот. Буга катуу жааган жамгыр, кардын эриши, тоо көлдөрүнүн жырылып кетиши сыяктуу себептерди айта алам.
Заведующая лабораторией поверхностных водных ресурсов Института водных проблем Ольга Стрижанцова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2024
Ольга Стрижанцова: кайсы жерде сел жүрөрүн так айтыш өтө кыйын. Алар тоолуу аймактарда болот. Буга катуу жааган жамгыр, кардын эриши, тоо көлдөрүнүн жырылып кетиши сыяктуу себептерди айта алам.
— Быйыл суу көп каптап жаткан көйгөйлөрдүн келип чыгышына эмне себепкер болду?
Ольга Стрижанцова: — Быйыл Россияда, Казакстанда, Кыргызстанда кышында кар арбын түштү. Муну акыркы учурда көп айтылып жаткан климаттын өзгөрүшүнө да байланыштырсак болот.
Ал эми селге келе турган болсок, алгач күн бир аптага чукул алда канча жылыган, бул Жер ортолук деңизден агылган жылуу жана нымдуу аба болду. Андан кийин циркуляция алмашып, аба массасы Түндүктөн Батышка жылды. Бул учурда жаан-чачындуу болуп, муздак келет. Борбор Азиянын үстүндө эки масса кагылышып, булуттун жыйылышын жана жаан-чачынды жаратты. Нөшөргө күндүн буга чейин жылып турганы кошул-ташыл болуп кетти, бөксө тоолордогу кар эриди. Бул факторлордун бардыгы селдин жүрүшүнө алып келди.
— Селди алдын алып маалымдаса болобу?
О. С.: — Кайсы жерде сел жүрөрүн так айтыш өтө кыйын. Алар тоолуу аймактарда болот. Буга катуу жааган жамгыр, кардын эриши, тоо көлдөрүнүн жырылып кетиши сыяктуу себептерди айта алам. Кырдаал да ар кыл, конкреттүү эмне түрткү болору белгисиз. Кыргызгидромет кайсы бир аймактарда жамгыр көп жаай турганы боюнча божомол гана жасай алат.
Негизи апрель менен май жазгы сел күчөгөн учур, нөшөрдөн улам ал жок дегенде республиканын түштүк аймактарында болуп турат. Мисалы, Ысык-Көлдө жайында деле жүрө берет.
— Сел — ташы, чөп-чары аралашкан ылай суунун күчтүү агым менен тез келиши. Негизи мындай масса бир жерден пайда болот да?
О. С.: — Албетте, жогорку жактарда кандайдыр бир резервуар — мөңгүдөн топтолгон же жер алдында жаан-чачындан топтолуп калган суу болот. Ал плотинаны жырып кетет да, ылдый көздөй жөнөйт. Жолунан кездешкендердин баарын, ташпы, баткакпы, топуракпы, бак-даракпы, "шыпырып" жүрүп отурат. Албетте, арымы тездейт, себеби биздин тоолор тик келет.
© SputnikАкадемик Камчыбек Кожогулов: кепти негизинен жүзгө чукул жаратылыш жана жаратылыш-техногендик апааттардын түрү бар экенинен баштайлычы. Биздин республикада жыйырмага жакын. Алар — жер титирөө, сел, жер көчкү, кар көчкү жана башкалар. Биринчи үчөө айыл чарбасына өзүнүн кедергисин тийгизет.
Академик Камчыбек Кожогулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2024
Академик Камчыбек Кожогулов: кепти негизинен жүзгө чукул жаратылыш жана жаратылыш-техногендик апааттардын түрү бар экенинен баштайлычы. Биздин республикада жыйырмага жакын. Алар — жер титирөө, сел, жер көчкү, кар көчкү жана башкалар. Биринчи үчөө айыл чарбасына өзүнүн кедергисин тийгизет.
— Мындай жаратылыш кырсыктары малды туура эмес жайып, жердин деградация болушунан келип чыгат деп айтылып келет. Алар жер бетиндеги чөптөрдү такырайта оттоп салгандыктан тоо боорунун катмары бекем болбой жатат дешет. Камчыбек Чоңмурунович, буга сиздин пикириңиз?
Камчыбек Кожогулов: — Кепти негизинен жүзгө чукул жаратылыш жана табигый-техногендик апааттардын түрү бар экенинен баштайлычы. Биздин республикада жыйырмага жакын. Алар: жер титирөө, сел, жер көчкү, кар көчкү жана башкалар. Биринчи үчөө айыл чарбасына өзүнүн кедергисин тийгизет.
Алдын алып айта албай турган апаат — сел. Бул чындыгында эле жердин деградацияланышынан келип чыгат. Себеби нөшөр учурунда жер мындай көп сууну өзүнө сиңирип жетише албайт.
Ал эми жер көчкүгө келсек, анын качан болорун алдын ала эскертүүнү үйрөндүк. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында жер биринчи ирет урандын уулуу калдыктары сакталган Майлуу-Сууда көчкөн. Катуу ызы-чуу чыккан. Эл радиациялык материалдар дарыяга кошулуп кетет да, ал жактан бүткүл Борбор Азияга тарайт деп кооптонушкан. Эл аралык институттар катаклизмди божомолдоого көп акча бөлө баштаган.
Жакшы акчадан улам көптөр капыстан эле "жер көчкүчү" болуп кетишкен. Жылдын башына эми баары "селчи" болуп, ал качан каптай турганын алдын ала билүүгө болбосо да божомолдой башташса керек.
Сел көп учурда тынбай жааган жамгырдан улам жаралат, бирок адамдык фактор да бул жерде бир топ роль ойнойт. Арыктар тазаланбайт, ал жерге курулуш да түшүп калат.
ӨКМдин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Абдыманап Гүлжигитов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Радио
Кыргызстанда табигый кырсыктын кооптуулугу күч аймакта 3 800 үй-бүлө жашайт
—Жер көчкүнү алдын алууга болобу?
К. К.: — Жер жөн жерден эле көчө бербейт. Адегенде тоонун боорунан жарака кетет, мындай кырдаал жаралса аны көзөмөлдөп, карап туруш керек. Бир окуя болгон. Эсептөөлөрүбүз боюнча, жер көчкү мектепке кооптуулук жараткан. Ойлонуп отуруп, ал жерди "бошотууну", тагыраагы, топуракты, жердин ошол катмарын азайтып, алып салууну чечтик . Бул ийгиликтүү болуп, мектеп турган жеринде калды. Андан сырткары, мындай тилкелерди бекемдөө жолдору бар. Тамыры өтө тереңге кетип, ал жерди кармап турчу бактарды тигиш керек.
Жаратылыш кырсыктары жыл сайын боло бербейт, жер көчкүнүн да, жер титирөөнүн да өзүнүн учурлары бар деген бүтүмгө келдик.
— Анда быйыл селдин кезеги турбайбы?
К. К.: — Ошондой болуп калат. Баса, биздин институтта селди алдын алуу боюнча патент бар. Сел каптап келе жатканда, мисалы, эл жашаган жайлардан буруп жиберүү үчүн "тили" деп аталган нугу бар.
© SputnikКамчыбек Кожогулов: жер жөн жерден эле көчө бербейт. Адегенде тоонун боорунан жарака кетет, мындай кырдаал жаралса, аны көзөмөлдөп, карап туруш керек.
Академик Камчыбек Кожогулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2024
Камчыбек Кожогулов: жер жөн жерден эле көчө бербейт. Адегенде тоонун боорунан жарака кетет, мындай кырдаал жаралса, аны көзөмөлдөп, карап туруш керек.
— Эки жыл мурда Боом капчыгайында да сел жүргөн. Адистер анда таш кулаганга караганда аталган аймакка жаан-чачын аз түшөрүн айтышкан. Чынында эле ошондойбу?
О. С.: — Жаан-чачындан баштасак. Себеп дегенде, нөшөр жамгырды чакырган булуттардан улам болот, алардагы нымдуулук топтолуп отуруп, өзүнүн чегине жеткенден кийин жаайт. Боомдо жамгыр менен сел эч качан болгон эмес деп айткан туура эмес, ал жакта сел кооптуулугун жараткан суу агымдары бар.
Жаан-чачын уланып, сел кайрадан кайталанышы ыктымал. Сел жүргөндөн кийин биздин институттун адистери Боомго барып, кайдан каптаганын, дагы кайсы жерлерде болорун карап, картасын түзүп, маалымдар болушу жана тиешелүү иштерди жасашы үчүн ӨКМ менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигине беришкен.
Бирок негизи изилдеш керек. Азыр аны жасоо жеңил: дрондун жардамы менен эбегейсиз чоң аймактарды карап, байкоо жүргүзүп чыгууга болот. Мурда ошонун баарын жөө басып чыгууга туура келчү.
Суу агымдарын алып кетиш үчүн селден коргогон дамбаларды куруу зарыл. Антейин десең ошол дамбалар толуп калууда. Суу каптап өткөндөн кийин аларды да тазалап туруу керек. Тилекке каршы, муну баары эле жасай бербейт.
— Суу агымдары кетчү жерлерди эл өзү толтуруп, карабай койгондуктан сел каптаганда калк жашаган жайларга зыян келип жатканы айтылууда.
О. С.: — Тилекке каршы, андай да болуп калат. Арыкты таштандыдан эле эмес, суу өзү агызып келген таштардан, баткактан жана башкаларынан тазалаш керек. Эл муну жасабай жатса, жергиликтүү бийлик иштеши керек. Бул — коопсуздук маселеси.
Айтмакчы, жол курулуп жатканда анын алдында сел өтүшү үчүн атайын түтүктөр коюлушу керек. Бул кымбатка турарын билебиз, бирок мамлекет биз тоолуу өлкөдө жашаарыбызды түшүнүшү шарт.
© SputnikОльга Стрижанцова: жол курулуп жатканда анын алдында сел өтүшү үчүн атайын түтүктөр коюлушу керек. Бул кымбатка турарын билебиз, бирок мамлекет биз тоолуу өлкөдө жашарыбызды түшүнүшү шарт.
Заведующая лабораторией поверхностных водных ресурсов Института водных проблем Ольга Стрижанцова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2024
Ольга Стрижанцова: жол курулуп жатканда анын алдында сел өтүшү үчүн атайын түтүктөр коюлушу керек. Бул кымбатка турарын билебиз, бирок мамлекет биз тоолуу өлкөдө жашарыбызды түшүнүшү шарт.
— Сел өтө турган жерлерди тазалабай койгон өзүнчө, андан сырткары, дал ошол жерге отурукташып алгандар да бар эмеспи...
О. С.: — Ооба, өлкөнүн түштүк аймагында капчыгайлар өтө көп. Көчөлөр селдин жолуна түшүп калган учурлары бар. Бул татаал маселе экенин билебиз, эл отурукташканга орун жок. Бирок мамлекеттик органдар адамдарды жайгаштырып жатканда алардан кооптуулуктан кабардар экендиги боюнча тил кат алышы керек. Биринчиден, бул коопсуздук маселеси, экинчиден, суу үйлөрдү алып кетсе мамлекет жардам берет деңизчи, бирок ал каражат кайра там тургузууга жетпейт...
К. К.: — Кезегинде биздин институттун кызматкерлери, мен да Бишкек — Ош жолун беш ирет жөө басып өткөнбүз. Ал аймакта жер көчкү жүрчү тилкелер абдан көп эле, мунун баарын изилдеп чыканбыз. Андан жабыркаган жергиликтүү жашоочулар компенсация алыш үчүн маалым кат беришибизди суранышкан. Акчаны алгандардын көпчүлүгү аны тойго же башкага жумшап, кайра эле мурдагы кооптуу болгон үйүндө жашаган учурлар кездешкен. Тилекке каршы, баш кимдир бирөө урандынын алдында калганда гана иштейт. Бийлик эл арасында олуттуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Адамдар билдирме алдыбы, демек, көчүшү керектигин аңдашы зарыл. Бул алардын өмүрүнө байланыштуу чечим. Бизде көпчүлүгү мындай кагаздарга көңүл бурушпайт.
Жер көчкүгө эмне себеп - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Өлүмгө кептеген табигый кырсык. Жер көчкүгө эмне себеп?
Жаңылыктар түрмөгү
0