Кыргызстанда эне жана баланын өлүмү кыскарды
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайирбек Сулайманов жылына 145 миӊ ымыркай жарык дүйнөгө келсе, анын 10 пайызы ара төрөлөрүн айтты.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 1500дөй (300 дарыгер, 600 медайым жана башка санитардык, техникалык персонал) кызматкер эмгектенет. Борбордо хирургиялык жана соматикалык, перинаталдык болуп жалпы 36 бөлүм бар. Оорукана практикалык гана эмес, илимий борбор катары да кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Шайирбек Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда эне жана баланын өлүмү кыскарды
Анын айтымында, эне жана баланын өлүмүнүн кыскарышы оорукананын материалдык базасынын жакшырышына байланыштуу.
"Кыргызстанда педиатрия жаатында алгылыктуу иштер жүрүп, натыйжада эне жана баланын өлүмү кыскарды. Алсак, акыркы учурда төрөттөн 100 миӊ аялдын ичинен 27 аял каза тапты. Ал эми балдардын өлүмүнүн 70 пайызы перинаталдык мезгилдеги түрдүү себептерге байланыштуу. Жылына 145 миӊ ымыркай жарык дүйнөгө келсе, анын 10 пайызы ара төрөлөт. Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы жаңы перинаталдык борбор ушул жылдын февраль айынан тарта ишке кирип, бейтаптарды кабыл ала баштады. Ал жерде кош бойлуу аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Жалпы аянты 4 миң чарчы метрди түзгөн перинаталдык борбордо жогорку технологиялык медициналык жабдуулар коюлуп, заманбап операция жасоочу бөлмөлөр, эне жана бала үчүн толук жабдылган реанимация бөлмөлөрү, "люкс" классындагы палаталар жайгашкан. Аны салууга Германия өнүктүрүү банкы колдоо көрсөттү. Кыргызстанда педиатрлардын жетишсиздиги — негизги көйгөй. Союз мезгилинде бизде 2 700 педиатр болсо, реформанын натыйжасында балдар койкалары кыскарып, дарыгерлер ҮДБга которулуп, жеке клникаларга өтүп кетишти. Өлкөдө 14 жашка чейинки 2 миллион 600 миңден ашык баланы (жылына анын 37 пайызы — 800 миӊдей бала ооруйт) 700 педиатр-дарыгер тейлейт. Мындайча айтканда, 10 миң балага бир гана педиатр туура келет. Кыргызстан боюнча балдарга арналган 5 200 керебет бар. Ошондуктан өкмөт бизге дагы 350 орундуу корпус куруп баштады. Анда изоляторлору бар кабыл алуу, гемопоэтикалык өзөк клеткаларын трансплантациялоо, онкология жана онкогематология үчүн реанимация, паллиативдик терапия, травматология, ортопедия жана микрохирургия, боорду трансплантациялоо менен гастроэнтерология, адистештирилген жардам бөлүмдөрү бар. Анда ар бири 30-35 керебетке эсептелген 10 клиникалык жана аларды тейлеген 7 параклиникалык түзүм жайгашат", — деди Сулайманов.
Ал клиникалык жана дарт аныктоо мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында борбор бөйрөк жана боор трансплантациясы, тубаса угуу майыптыгы үчүн кохлеардык имплантация, ретинопатия, лейкоз менен ооруган балдардын чучугун трансплантациялоо үчүн жаңы заманбап имаратка муктаж болуп келгенин кошумчалады.