00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Спички и Транспортир
14:04
42 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Таберик
17:05
25 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Үй алууга баштапкы сумманы топтой албай жаткандарга жаңы мүмкүнчүлүк ачылды

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик ипотекалык компаниянын стратегиялык өнүктүрүү жана долбоорлорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын стратегиялык өнүктүрүү жана долбоорлорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2024
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын стратегиялык өнүктүрүү жана долбоорлорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов үй алууга баштапкы сумманы топтой албай жаткандарга жаңы мүмкүнчүлүк ачылганын айтты.
Президенттин демилгеси менен Мамлекеттик ипотекалык компания РСК банкы менен биргеликте "Топтолмо ипотека" аттуу уникалдуу социалдык долбоорун иштеп чыгууда. Жетекчилер кызматташуу келишимине кол коюшту. Бул тууралуу Таалай Оморов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Үй алууга баштапкы сумманы топтой албай жаткандарга жаңы мүмкүнчүлүк ачылды
Анын айтымында, долбоор мамлекеттик турак жай менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
"Жыл башында өлкө башчынын "Турак жайды үлүштүк куруу механизмин киргизүү жөнүндө" кабыл алынган токтому апрель айында күчүнө кирди. Механизм республиканын бардык жарандары, анын ичинде акыркы үч жылда турак жайы жок чет өлкөлөрдө иштеген мигранттар үчүн да жеткиликтүү. Ага ылайык, турак жайды ала турган адам үйдүн баасынын 50 пайызын баштапкы төгүм катары төлөш керек. Үйдүн баасы районго жана турак жайдын даярдыгына жараша болот. Үй алууга баштапкы сумманы топтой албай жаткандарга жаңы мүмкүнчүлүк ачуу чечими кабыл алынды. Кыргызстанда жашаган жана чет өлкөдө иштеп жаткан жарандар үчүн эң ыңгайлуу жана оңой, жеткиликтүү ипотекалык шарттарды түзүү максатында "Топтолмо ипотека" долбоору иштелип чыкты. Анын негизги артыкчылыгы — эң ыңгайлуу пайыздык чендер жана насыя алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби. Бул программанын негизги шарты баштапкы төлөмдү топтоо болуп эсептелет. Алсак, жаран турак жайдын наркынын 30 пайызын графикке ылайык ай сайын толуктап, банкта топтойт. Андан кийин банк ага күрөөсүз турак жай баасынын 20 пайызын беш жылга 10 пайыздык үстөк менен насыя берет. Калган 50 пайызды сегиз пайыз менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан 15 жылга алат. "Топтолмо ипотека" долбоорун расмий ишке киргизүү 2024-жылдын күз айларына пландаштырылган", — деди Оморов.
Ал жыл соңуна чейин 12 миң батирдин курулушу башталарын, республика боюнча 11 495 батир курулуп жатканын, анын ичинен ушул жылдын аягына чейин 5503ү кезекте тургандарга берилерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0