https://sputnik.kg/20240518/bishkek-migrant-ehl-miting-zhashtar-kajryluu-1085227562.html
Чагымчылар да болду. Ташиев Бишкекте болгон түндөгү митинг боюнча айтты
Чагымчылар да болду. Ташиев Бишкекте болгон түндөгү митинг боюнча айтты
Sputnik Кыргызстан
УКМК төрагасы жаштар Бишкекте иштеген мигранттар көбөйүп кетти деген негизде топтолушканын билдирди. 18.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-18T10:51+0600
2024-05-18T10:51+0600
2024-05-18T10:51+0600
кыргызстан
бишкек
мигрант
эл
митинг
жаштар
кайрылуу
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0a/1052070313_0:397:2838:1993_1920x0_80_0_0_1ebaa120dc3bcb08575e95588f57231e.jpg
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түндө Бишкекте топтолгондордун талабын айтты. Анын видеосу социалдык тармактарга жүктөлгөн.УКМК төрагасы билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду:Эске салсак, 17-май күнү кечинде Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам топтолгон. 13-майда бул жерде чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган. Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.Бул арада мушташка катышкан делип чет элдик үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдиришкен.Учурда ордо калаада абал туруктуу экенин ИИМ белгилеп, кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтууда.
https://sputnik.kg/20240516/bishkek-tiguu-tsekh-miyzamsyz-ishtoo-1085164568.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0a/1052070313_352:382:2573:2048_1920x0_80_0_0_c09c2f15579bbb9a00ae9efbcfdc9a35.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, мигрант, эл, митинг, жаштар, кайрылуу
кыргызстан, бишкек, мигрант, эл, митинг, жаштар, кайрылуу
Чагымчылар да болду. Ташиев Бишкекте болгон түндөгү митинг боюнча айтты
УКМК төрагасы жаштар Бишкекте иштеген мигранттар көбөйүп кетти деген негизде топтолушканын билдирди.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түндө Бишкекте топтолгондордун талабын айтты. Анын видеосу социалдык тармактарга жүктөлгөн.
УКМК төрагасы билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду:
Кечээ Бишкекте 18 жаштан 25 жашка чейинки 700дөй бала топтолгон. Алар башка мамлекеттен келип иштеген мигранттардын көбөйүп кетүүсүнүн незигинде топтолушкан.
Кечээ чыккан балдардын талаптары кайсы бир деңгээлде туура деп эсептейм. Биз буга байланыштуу чараларды көрө баштаганбыз. Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мыйзамсыз жүргөн мигранттардын жоопкерчилигин кароо боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Күнүнө мыйзамсыз жүргөн 30-50 мигрантты таап, өлкөдөн чыгаруудабыз.
Кечээки митингде коомдук тартипти бузуу, мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч жаратуу аракеттерин да карайбыз. Мамлекеттик органдар тарабынан аларга эч кандай күч колдонулган жок. Арасында чагымчылар болгонун да билебиз, анын баарын тактадык, жоопко тартабыз. Курал менен жүргөндөр да болду, аларды кармадык. Кесепети жакшы болмок эмес.
Эске салсак, 17-май күнү кечинде Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам топтолгон. 13-майда бул жерде чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра
коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин
жеткени айтылган.
Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Бул арада мушташка катышкан делип чет элдик үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдиришкен.
Учурда ордо калаада абал туруктуу экенин ИИМ белгилеп, кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтууда.