Тумандуу Альбиондун кооптуу планы. Кэмерон Борбор Азияны эмнеге кыдырды

© AFP / STEFAN ROUSSEAUУлуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Жазылуу
Россиянын салынган санкцияларды региондогу өлкөлөрдүн жардамы менен кыйгап өтүүсүнө жол бербөө — Улуу Британиянын Борбор Азиядагы чыныгы максаты ушул. Калганы жөн гана кооз сөз дейт аналитик.

Өз жомогуна өзү ишенип...

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган расмий сапары соңуна чыкты. Жогорку даражалуу дипломат БА республикаларынын дүйнөлүк саясаттагы мааниси, азыркы кырдаал, тышкы өнөктөштөрдү тандоодогу эркиндик, демократия, тил сыяктуу Борбор Азия үчүн мааниси күч деп эсептеген орчундуу нерселер тууралуу саймедиреп кетти.
Британиялыктардын баамында региондогу өлкөлөрдүн баарына өнүккөн жарандык коом, англис тили жетишпейт, ошондой эле адам укугу жетиштүү деңгээлде корголбой келет. Кэмерондун айтымында, абал менен күрөшүүдөн мурда Улуу Британия менен кызматташуунун ар кыл варианттарын да ойлонуп көрүү керек. Дипломат чогуу-чаран иштешүүнүн "жалпы коопсуздугубузга, жалпы өнүгүүбүзгө таасири жакшы" болорун билдирди.
Ошентип БА мамлекеттери менен Улуу Британиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер орногонуна 30 жыл өткөндөн кийин минтип коопсуздугубуз да, өнүгүүбүз да орток экени ачыкталып отурат. Кэмерондун регион менен "кызматташуунун жаңы доору", "анын талуу маселелердин чиеленишкен аймакта" жайгашуусу тууралуу айткандары Борбордук Азияны башка өңүттөн ачып берүүдө. Сөзүнүн эң кызыгы — британиялыктардын БА республикаларынын "чоң кыйынчылык менен жеткен суверенитетин" колдоосу болду. Тарыхты билбей, өзгөчө кайсы бир аракеттерин актоо максатында аны ой келди бурмалай берип батыштагылар жедеп көнгөн. Балким, Кэмерон бул сөздөрдү БА мамлекеттеринин "суверенитетин" же "Россия менен Кытайдан бошонуу" үчүн күрөшүн каржылай турган англиялык салык төлөөчүлөр үчүн айткандыр.
Анткен менен эл аралык ЖМКлар Кэмерондун Түркмөнстанда боз үйдүн, Өзбекстанда аш басылган казандын фонунда түшкөн жайдары сүрөттөрүн жакшы эле жайылтышты. Ал эми Кыргызстандагы ирригациялык системанын абалын көргөн министр сүрөткө ойлуу түшүптүр. Балким, Британияда мындай ыкмалар элдин көңүлүн алууда жакшы жардам берет деп ойлошор, бирок чын-чынына келгенде ачык эле эки жүздүүлүк катары кабылданууда.
Жалпы жонунан Кэмерондун регионго жасаган сапарын үзүрлүү болду деш кыйын, британ ТИМ башчысын бардык эле жерде жылуу тосуп алышкан жок. Тумандуу Альбион менен Казакстан гана стратегиялык кызматташуу, соода жаатында макулдашууга кол койду. Ошентсе да сапардын анча натыйжалуу болбой калганына алданбаш керек: британиялыктар бир максат койсо аны орундатмайын жаны жай албайт, регион кызыктырып жатабы, демек, колунан келген да, келбеген да аракетин көрөт.
© AFP / STEFAN ROUSSEAUУлуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун Монголиянын премьер-министри Оюун-Эрдэнэ Лувсаннамсрай менен Улан-Батордогу Их Тенгер комплексине барганда түшкөн сүрөтү
Визит Министра иностранных дел Великобритании Дэвида Кэмерона в Центральную Азию - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун Монголиянын премьер-министри Оюун-Эрдэнэ Лувсаннамсрай менен Улан-Батордогу Их Тенгер комплексине барганда түшкөн сүрөтү

"Ысык" чек

Англиялыктар чынында Борбор Азиянын геосаясий маанисин жакшы түшүнөт. АКШ менен НАТОнун аскердик операциясынын жыйынтыгы менен Борбор Азия регионуна Афганстанды тартуу ниети ишке ашпай калгандыктан, Лондон анын экинчи чеги болгон Монголияга назарын бурууда. Улан-Батор Россия менен Кытайга кыйла жакын болгондуктан Улуу Британия дароо эки дүйнөлүк державаны "чукуп" өтмөкчү. Британ парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Алисия Кернс Кэмерондун сапарына комментарий берип жатып Борбор Азия менен Монголияны Россия менен Кытайдын ортосундагы "ысык" чек деп атады. Демек, британиялыктар ортого жик салып, ажырым жаратууга далалат жасайт.
Монголияда Кэмерон кесиптеши менен "масштабдуу өнөктөштүккө жол ачкан кызматташуунун жол картасына" жана "пайдалуу кен байлыктары боюнча өз ара түшүнүшүү" меморандумуна кол койду. Документтер көп деле мазмундуу боло бербегени менен келечекте болчу кызматташуунун негизги багыттарын белгилеп турат. Британ дипломатиясынын башчысы Улан-Батордо да ой-кырынан сүрөткө түшүп, жылкыларга, белекке алган ээрге суктанып, мектептеги англис тили сабагына катышкан.
Монголияда англис тилинин популярдуулугун Британия кызматташуунун жаңы фактору жана эки өлкөнүн жакындашуусуна жакшы бир себеп катары кабылдап жатат. Анткен менен англис тили — моңголдордун басымдуу бөлүгү үчүн жөн гана окууга жана чет жакта, бир катар моңгол диаспоралары түптөлүп калган Түштүк Корея, АКШ жана Австралияда иштөөгө мүмкүнчүлүк.
Борбор Азия мамлекеттери сыяктуу эле Монголия да илгертен берки коңшусу жана өнөктөшү Россия менен Кытай экенин жакшы түшүнүп, Улуу Британияга саксынып мамиле жасайт. Ушу тапта Улан-Батор ЕАЭБ менен эркин соода боюнча убактылуу макулдашууга кол коюу боюнча катуу иштеп, быйыл ШКУга мүчө болуу алдында турат. Мындан улам Лондонго ыктап кетет деп күтүүнүн кажети жок, Монголия тең салмактуу саясат жүргүзүп, коңшулары менен мамилесинин начарлашына жол бербейт.
© AP Photo / Vladimir VoroninУлуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун Кыргызстанга жасаган сапары
Визит Министра иностранных дел Великобритании Дэвида Кэмерона в Центральную Азию - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун Кыргызстанга жасаган сапары

Лондондун чыныгы максаты

Бүгүнкү күндө Улуу Британия БА мамлекеттери менен кызматташуудан чындап эмне күтүп жатканын баалоо оор. Кэмерон Евразиядагы соода-экономикалык жана саясий байланыштарга альтернатива катары региондогу өлкөлөрдүн баарына соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорттук өнөктөштүк сунуштады. Бул Британия үчүн эле эмес, жалпы жамааттык Батыш үчүн да ишке ашкыс демилге, куру кыял экенин өздөрү деле жакшы түшүнөт. Евразиялык мейкиндиктеги соода-экономикалык байланыштар — БА өлкөлөрүндө экономикалык өсүштү өбөлгөлөгөн чоң күч. Эч кимдин кетенчиктечү ою жок. Бул жерде Улуу Британия Россиянын БА республикаларынын жардамы менен салынган санкциялардан кыйгап өтүүсүнө тоскоолдук жаратууну гана көздөйт. Калганы, башкача айтканда, коопсуздук, бейгам жашоо тууралуу айтылгандар — кооз сөз гана.
Британиялыктар БАдагы "жумшак күч" үчүн бир нече жылга 50 миллион фунт стерлинг бөлүүгө даяр, бул биринчи кезекте тилди өнүктүрүү, билим берүү, маданият жана башкага багытталат. Бирок Лондондун мындай "күчүнө" региондо суроо-талап болобу? Айтыш кыйын. Алсак, англис тилин үйрөнүүгө дилгирлик дайым болуп келген, эл аралык тилдердин бири болгондуктан мындай аракет дүйнөнүн көп мамлекеттерине мүнөздүү. Англис тилин үйрөнүүдө Борбор Азиядагы орус тили тоскоол болуп жатабы? Жок. Бирок Улуу Британиянын бирден-бир максаттарынын бири — дал ушул орус тилин маданияттар жана этностор аралык баарлашуу каражаты катары маалыматтык, билим берүү, маданий мейкиндиктен биротоло алып салуу, анысын жашырбайт дагы. Муну менен региондогу коомдук-саясий процесстерди көзөмөлдөп, тарыхты бурмалап жаңы келечекти аныктамакчы.
Борбор Азия мамлекеттеринин өнүгүүсү орус тили менен, Россиянын илимде, агартуучулук менен маданияттагы ролу менен тыгыз байланышта. Британия эми зор эмгек менен кылымдап жасалып келген нерсенин баарын жок кылууга белсенип жатат. Тилекке каршы, англиялык "жумшак күч" Батыш мамлекеттеринин баарындагыдай эле элдер менен мамлекеттердин ортосундагы байланыштардын баарын жокко чыгарууга дилгир келген жаштардын жаңы генерациясын түптөөгө багытталган. Жаштардын дал ушул чала сабат массасы эч каршылык көрсөтпөстөн жерин да, кен байлыгын да, энергетикалык ресурсун да жөн салды берип, балдарын Батышка жумушка жөнөтөт...
© AP Photo / Stefan RousseauУлуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Өзбекстанда
Визит министра иностранных дел Великобритании Дэвида Кэмерона в Центральную Азию - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Өзбекстанда

Абалдан чыгуу жолу бар

Албетте, муну менен баары бүттү, жашоо токтоду дегенге болбойт, Евразия элдери мындан да оор мезгилдерди башынан кечирип, сабырдуулугу менен дайым жеңишке жетип келген. Анткени күч биримдикте экенин мыкты түшүнгөн. Өзгөчө ушундай кооптуулук жаралган учурда бул сөз актуалдуу бойдон кала берет. Улуу Британиянын Борбор Азиядагы саясаты — сыртынан жакшылык каалагандай көрүнгөнү менен жалпы тынчтыгыбызга доо кетире турган чоң кооптуулук. Англичандар эч убакта максатсыз келбейт, дайым өзүнүн пайдасын көздөп жүрөт, бир дагы элди өзүнө тең ата көрбөйт.
Евразиялык өнөктөштүк жана кызматташуу ушу тапта регионалдык жана эл аралык өзгөрүүлөрдүн башкы кыймылдаткычы болуп турат. Бул нерсенин экономика, соода, саясат жана коопсуздукка эле эмес, Евразиянын алкагына сыйбаган маданий, билим берүү жана илимий алакага да тиешеси бар. Болуп жаткан өзгөрүүлөр дүйнөнүн келечегин аныктайт. Англиялык жана башка Батыштын "жумшак күчтөрү" өткөн чакка айланып бара жатат, буга көбүнесе алардын башка маданияттарды кабыл ала билбегени, маанилүү деп эсептебегени себеп. Ал эми Евразияда сабырсыздыктын кесепети ого эле кейиштүү болот.
Тегерандын жашоочусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жакынкы Чыгышты чайпалтууга ким кызыкдар? Жаңжалдын шойкомдуу кесепети
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Коопсуздук кеңештин катчысы Борбор Азия үчүн башкы коркунучтарды санап берди
Жаңылыктар түрмөгү
0