https://sputnik.kg/20240418/kolbaevdin-ataturktogu-aukciongo-koyulgan-mulku-1084346668.html
ЖКда Көлбаевдин Ататүрктөгү аукционго коюлган мүлкүн паркка кайтаруу талабы айтылды
ЖКда Көлбаевдин Ататүрктөгү аукционго коюлган мүлкүн паркка кайтаруу талабы айтылды
Sputnik Кыргызстан
Ататүрк паркынын аймагында жайгашкан жер тилке аукционго коюлганы айтылган. 18.04.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-04-18T11:29+0600
2024-04-18T11:29+0600
2024-04-18T11:52+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
дастан бекешев
камчы көлбаев
видео
https://sputnik.kg/img/07e8/01/19/1082157899_0:65:957:603_1920x0_80_0_0_35b72e4b2e9c0e1a5f46a846a3806c70.jpg
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Камчы Көлбаевдин аукционго коюлган мүлкү Ататүрк паркынын аймагында экенин бүгүнкү жыйында билдирди.Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек мэри Ататүрк паркынын аймагындагы мыйзамсыз берилген жерлер кайтарыла турганын айткан. Ал эми кечээ Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик Камчы Көлбаев менен Райым Матраимовдун мүлкү аукционго коюларын маалымдады. Бекешевдин айтымында, тоорукка коюлган жер тилкенин бири Ататүрк сейил багында.Белгилей кетсек, кеп сейил бактын аймагындагы 600 миң чарчы метрлик жер тилке тууралуу болууда.
https://sputnik.kg/20240417/ataturk-boyuncha-bashky-prokurordun-pikiri-1084318453.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/19/1082157899_0:0:957:718_1920x0_80_0_0_01b2525a14c85e99e4ef1d451d62e2c3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, дастан бекешев, камчы көлбаев, видео
кыргызстан, жогорку кеңеш, дастан бекешев, камчы көлбаев, видео
ЖКда Көлбаевдин Ататүрктөгү аукционго коюлган мүлкүн паркка кайтаруу талабы айтылды
11:29 18.04.2024 (Жаңыртылды: 11:52 18.04.2024) Ататүрк паркынын аймагында жайгашкан жер тилке аукционго коюлганы айтылган.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Камчы Көлбаевдин аукционго коюлган мүлкү Ататүрк паркынын аймагында экенин бүгүнкү жыйында билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек мэри Ататүрк паркынын аймагындагы мыйзамсыз берилген
жерлер кайтарыла турганын айткан. Ал эми кечээ Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик Камчы Көлбаев менен Райым Матраимовдун мүлкү
аукционго коюларын маалымдады. Бекешевдин айтымында, тоорукка коюлган жер тилкенин бири Ататүрк сейил багында.
"Токтоналиев, 94 дарегинде жайгашкан жер тилке аукционго коюлган. Ал Ататүрк паркынын чек арасында жайгашып, Камчы Көлбаевден алынган. Бул боюнча менде бардык маалыматтар бар. Башка жарандардын жерин алып, мамлекет аукцион жарыялап, 18 миллион сомго сатса боло береби? Бул карама-каршылык. Эгер тыюу салынса, анда баарына бирдей болушу зарыл. Бул жерди аукциондон чыгарып, Ататүрк паркына өткөрүп бергиле деген өтүнүчүм бар", — деп кайрылды депутат президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго.
Белгилей кетсек, кеп сейил бактын аймагындагы 600 миң чарчы метрлик жер тилке тууралуу болууда.