ЖМК: АКШ Украинанын Россияга чабуулу мунайдын баасын көтөрөт деп түйшөлүүдө

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүМоскванын нефтини кайра иштетуучу заводу. Архив
Москванын нефтини кайра иштетуучу заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2024
Жазылуу
Вашингтон Москва жооп кайтарат деп кооптонуп турганы айтылды
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. АКШ Киевди Россиянын энергетикалык объектилерине сокку урууну токтотууга чакырып, чабуул мунайга болгон дүйнөлүк баанын жогорулашын шарттай турганын эскертти. Бул тууралуу өз маалыматтарына таянуу менен Financial Times жазды.
Макалада Россиянын энергетикалык инфраструктурасы жабыркаса мунайдын кымбатташы менен бирге Москваны жооп иретинде кайсы бир аракеттерге барууга мажбурлай турганы айтылат.
Гезит АКШнын эскертүүсү Украинанын Коопуздук кызматынын жана Коргоо министрлигинин Чалгын башкы башкармалыгынын жогорку даражалуу аткаминерлерине тиешелүү экенин жазган.
Басылма таянган чиновниктердин бири украин дрондорунун Россиянын аймагындагы мунай объектилерине жасаган соккуларынан Ак үйдүн көңүлү калып бара жатканын белгилеген. Мындан тышкары, Вашингтон Россия жооп иретинде Батыш таянган энергетикалык инфраструктура боюнча чара көрөт деп кооптонуп турганы айтылды.

"Россиянын ичинде чабуул жасоону колдобойбуз, буга жол да бербейбиз", — деген Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү.

Анткен менен басылма украин тараптан комментарий алган эмес.
Украина Куралдуу күчтөрү марттын башынан бери Россиянын мунайды кайра иштеп чыгуучу бир нече заводуна чабуул коюуда. Россия Украина террордук өлкөгө айланып калганын айтып келет.
Белгороддогу Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ракеталык чабуулунан жабыркаган соода борбору  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ Киевди жарандык объектилерге чабуул жасоону токтотууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0