Кыргыз-кытай чек арасында 7 жолу жер титиреди

© AP Photo / Achmad IbrahimСейсмографтын маалыматтары. Архив
Сейсмографтын маалыматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасында түндө дагы 7 жолу жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, жер титирөөнүн магнитудасы 4,5тен 6га чейин жеткен. Силкинүү 25-январга караган түнү 00:45те башталып, саат 10:59га чейин улам кайталанып турган.
Жер силкинүү Кытайдын аймагында болсо, анын күчү Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда 2,5-3 баллга чейин сезилген.
Эске салсак, Кытай менен Кыргызстанда жер титирөө 23-январга караган түнү башталган. Ал түнү өлкөдө жер силкинүүнүн күчү 6 баллга жеткен. 24-январга караган түнү да бир нече жер титирөө катталган.
Жер титирөө 2026-жылга чейин болуп турат. Кыргызстандын башкы сейсмологу менен маек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2024
Жер титирөө 2026-жылга чейин болуп турат. Кыргызстандын башкы сейсмологу менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0