Мурдагы чекист Жаныбек Жоробаев акыйкатчынын орун басары болуп шайланды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМурдагы чекист Жаныбек Жороев акыйкатчынын орун басары болуп шайланды
Мурдагы чекист Жаныбек Жороев акыйкатчынын орун басары болуп шайланды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Мурдагы чекист Жаныбек Жоробаев акыйкатчынын орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылды.
Жоробаевди парламентке акыйкатчы Жамиля Жаманбаева алып келип, өмүр баяны менен тааныштырды.
Анын айтымында, Жоробаев 2000-2013-жылдары УКМКда ар кандай кызматтарды аркалаган. 2021-жылы атайын кызматтын төрагасынын орун басары, 2020-жылы ЖК депутаты болуп иштеген. 2013-2015-жылдары Салык кызматында, 2016-2019-жылдары Айыл чарба министрлигинде жетекчилик кызматтарда эмгектенген.
Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2023
Улан Сарылбек уулу Биринчи май районунун акими болуп дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0