Жолон Мамытов 1940-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында төрөлгөн. Атасы Мамыт 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип кайтып келген эмес. Ага чейин айылда бригадир болчу. Апасы Алмакан ошол чөлкөмдө белгилүү чебер уз, кошокчу жана сулуу аял болгон экен. Жолон Мамытов беш бир туугандын кичүүсү болуп, эрке өсөт.
Жолон Мамытовдун "Отту сүйөм", "Жашыл аалам", "Убакыт", "Ырлар", "Мезгилдин элеси", "Буурул таңдын жомогу", "Суунун өмүрү", "Жарышкан суулар", "Атка токум салгыла", "Жүз жашка тол, кылым", "Башат жана Мухит" аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Өзү да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Аны сүйүү акыны деп да аташат. Анткени сүйүү темасында ыр жазган акындардын сап башында турган. Акын көпчүлүк ырларын жубайы Меңди Мамазаировага жетпей жүргөндө жазган экен.
Жубайы Меңди Мамазаирова да кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал акын, жазуучу жана драматург. Убагында экөөнүн баш кошуусуна ата-энелери каршы болушкан. Себеби эки акындын тууугандык жайы бар болчу. Бирок сүйүшкөн эки жаш каршылыктарга карабай, баш кошуп алышкан.
Жолон Мамытов 48 жашында лейкоз (ак кан) менен ооруй баштайт. Илдет менен жарым жылдай алышып, Москвага дарыланууга барып ошол жактан көз жумган. Жубайынын эскерүүсүндө, акын дартын өзү билген, бирок ал тууралуу жакындарына айткан эмес. Кийин Москвага дарыланууга барса баары кеч болуп калган экен. Ошондон кийин эле көп өтпөй 1988-жылдын 7-мартында каза болгон.
![1-апрель белгилүү акын Жолон Мамытовдун туулган күнү. Улуу талант быйыл 81 жашка чыкмак. 1-апрель белгилүү акын Жолон Мамытовдун туулган күнү. Улуу талант быйыл 81 жашка чыкмак. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104388/36/1043883641_0:0:624:960_600x0_80_0_1_e88c19cdd3eab034cfaf755349b58a6d.jpg)
![Жолон Мамытов Москвадагы Горький атындагы институттун алдындагы адабият боюнча жогорку курста окуп, билим алган. 1970-жылдар. Жолон Мамытов Москвадагы Горький атындагы институттун алдындагы адабият боюнча жогорку курста окуп, билим алган. 1970-жылдар. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/04/01/1051967010_0:0:1299:1933_600x0_80_0_1_66d155bfe6306b3606fc2e4a37f52e4f.jpg)
![Акындын жубайы Меңди Мамазаирова да чыгармачыл адам, жазуучу, журналист. Акындын сүйүү ырларынын жаралышына ушул адам себепкер. Акындын жубайы Меңди Мамазаирова да чыгармачыл адам, жазуучу, журналист. Акындын сүйүү ырларынын жаралышына ушул адам себепкер. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/04/01/1051967017_0:0:2069:1617_600x0_80_0_1_1c5a7613fc8ae683a146894e1091fbdc.jpg)
![Эки акын үч уул, бир кыздуу болушкан. Уулдары Маяк, Улан жана Азамат. Эки акын үч уул, бир кыздуу болушкан. Уулдары Маяк, Улан жана Азамат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104388/34/1043883412_0:0:718:1000_600x0_80_0_1_e5374d964987fbc0de5930da36d7cf1d.jpg)
![Жалындаган жаштык кез Жалындаган жаштык кез - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/04/01/1051967022_0:0:946:779_600x0_80_0_1_28b0fc5273f062425cf1894756d0ec02.jpg)
![Борборго жогорку окуу жайга тапшырам деп барып, акын орус тилинен дилбаян жаза албай өтпөй калган. Анан кокусунан эле Айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүнөн окуп калат. Борборго жогорку окуу жайга тапшырам деп барып, акын орус тилинен дилбаян жаза албай өтпөй калган. Анан кокусунан эле Айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүнөн окуп калат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104388/34/1043883417_0:0:660:936_600x0_80_0_1_00728a69075b215a7ba4b05ad77c04c2.jpg)
![1967-жыл. Сүрөттө Меңди Мамазаированын атасы Мамазаир Өмүрзак уулу, апасы Тургун Кадыр кызы балдары менен. 1967-жыл. Сүрөттө Меңди Мамазаированын атасы Мамазаир Өмүрзак уулу, апасы Тургун Кадыр кызы балдары менен. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/04/01/1051967027_0:0:1237:860_600x0_80_0_1_877f0f4fb8a15ac30009c04036e50fb0.jpg)
![Жолон Мамытовдун уулдары Маяк менен Азамат кесиби боюнча режиссёр. Ал эми кызы Айгерим модельер болуп эмгектенет. Экинчи уулу Улан 2011-жылы каза болуп калган. Жолон Мамытовдун уулдары Маяк менен Азамат кесиби боюнча режиссёр. Ал эми кызы Айгерим модельер болуп эмгектенет. Экинчи уулу Улан 2011-жылы каза болуп калган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/04/01/1051967032_0:0:2011:1380_600x0_80_0_1_878b244d16612d4b0bb587b252f885df.jpg)
![1985-жыл. Акындын экинчи уулу Улан Мамытовдун армиядан келген кези. 1985-жыл. Акындын экинчи уулу Улан Мамытовдун армиядан келген кези. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/04/01/1051967037_0:0:864:1141_600x0_80_0_1_1646f60960bf790961d6aac8f8dc6a31.jpg)
![1979-жылы Жолон Мамытов Куба мамлекетинин Гавана шаарына барганда 1979-жылы Жолон Мамытов Куба мамлекетинин Гавана шаарына барганда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/04/01/1051967042_0:0:691:831_600x0_80_0_1_fa50647f149fb1fc46fb3fa402a4f57b.jpg)
![Казак акыны Мухтар Шаханов экөө жакын достордон эле Казак акыны Мухтар Шаханов экөө жакын достордон эле - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/04/01/1051967047_0:0:810:532_600x0_80_0_1_a8b1e6281e8e7663654bf1c7fd506a7c.jpg)
![1980-жылдары Жолон Мамытов шаардык кеңештин депутаты да болгон 1980-жылдары Жолон Мамытов шаардык кеңештин депутаты да болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/04/01/1051967052_0:0:670:827_600x0_80_0_1_df0296bf42c6c8f7cd714d726152dd73.jpg)
![Сүйүү ырларынын атасы Сүйүү ырларынын атасы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/04/01/1051967057_0:0:874:847_600x0_80_0_1_6e6c25ce331cad02ba9603fcbee1f7b6.jpg)
![1984-жыл. Акын Жолон кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен 1984-жыл. Акын Жолон кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/04/01/1051967063_0:0:1094:818_600x0_80_0_1_ef8b5c426dfdeaf3fe52746ee61f8f91.jpg)
![Акын-жазуучулар менен Душанбе шаарындагы жолугушууда Акын-жазуучулар менен Душанбе шаарындагы жолугушууда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/04/01/1051967068_0:0:831:535_600x0_80_0_1_63fc6e1a52600817a5d8b4cb211cfe0d.jpg)
![Режиссер Болот Шамшиев, актриса Айтурган Темирова жана акын Жолон Мамытов. Чыгармачыл адамдар Якутияга делегация менен барган. Кезинде Мамытов Кыргызстан кинематографисттер союзунун жооптуу катчысы, Мамлекеттик кинонун башкы редактору болгон. Режиссер Болот Шамшиев, актриса Айтурган Темирова жана акын Жолон Мамытов. Чыгармачыл адамдар Якутияга делегация менен барган. Кезинде Мамытов Кыргызстан кинематографисттер союзунун жооптуу катчысы, Мамлекеттик кинонун башкы редактору болгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104388/34/1043883428_0:0:1071:644_600x0_80_0_1_7dcf743b3a146a830487a4ace5c39595.jpg)