Кыргыздын 25 аспабын изилдеп илимге кошкон Сагыналы Субаналиев. Эскерүү

© Фото / из семейного архива СубаналиевыхКР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, искусство илиминин кандидаты, профессор Сагыналы Субаналиев. Архив
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, искусство илиминин кандидаты, профессор Сагыналы Субаналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
Жазылуу
Профессор Сагыналы Субаналиев өзүнүн талыкпас эмгегинин аркасында кыргыздын улуттук аспаптарынын изилденбеген 25 түрүн ачып, системалаштырып, кеңири илимий колдонууга жана аткаруучулук практикага киргизген.
Sputnik Кыргызстан редакциясында КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, искусство илиминин кандидаты, профессор Сагыналы Субаналиевдин кызы Айсулуу Субаналиева жана уулу Султанмурат Субаналиев болду. Биз залкар инсандардын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу маектештик.
© Sputnik / Акбар АкжигитовКР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, искусство илиминин кандидаты, профессор Сагыналы Субаналиевдин уулу Султанмурат Субаналиев
Сын заслуженного деятеля культуры Кыргызстана, кандидата искусствоведения, профессора Сагыналы Субаналиева Султанмурат Субаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, искусство илиминин кандидаты, профессор Сагыналы Субаналиевдин уулу Султанмурат Субаналиев
— Алгач атаңыздын туулган айылы, бала кези кайда өткөнү тууралуу айтып берсеңиз?
Султанмурат Субаналиев: — Атам Аксы районуна караштуу Авлетим айылынын Угут жайлоосунда төрөлгөн. Чоң атам "балам, сени жүгөрү оргон маалда көргөм" дечү экен. Менимче, эрте күздө төрөлсө керек. Жайлоодо чоңоюп, кийин үйү ыраак болгондуктан мектепке да дайым кечигип, эртең менен туруп мектепке жеткиче эки сабагы бүтүп калып, эки сабакка эле катышып келчү экен. Башталгыч мектепти ошентип бүтүргөн. Кийин 5-класстан баштап Жунай Мавлянов атындагы мектеп-интернатта билим алат. Бул интернаттын ачылып калганына Жунай агабыздын эмгеги абдан чоң. Атамдын иниси 6-7 айлык болгон кезинде чоң апабыз каза болуп калат. Ошондо атам үч жашта экен. Андан кийин өгөй эненин колунда өсүшөт.
Атам ушул деңгээлге өзү жетти, талыкпаган эмгектин аркасында көп ийгиликтерди багынтты. Эсимде, кичинебизде биз сабак окуган тепейген столдун үстүнө отуруп алып, илимий эмгектерин, диссертациясын жазчу.
© Sputnik / Акбар АкжигитовКР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, искусство илиминин кандидаты, профессор Сагыналы Субаналиевдин кызы Айсулуу Субаналиева
Дочь заслуженного деятеля культуры Кыргызстана, кандидата искусствоведения, профессора Сагыналы Субаналиева Айсулуу Субаналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, искусство илиминин кандидаты, профессор Сагыналы Субаналиевдин кызы Айсулуу Субаналиева
— Эмгек жолу кайдан башталган?
Айсулуу Субаналиева: — Ден соолугуна байланыштуу аскерге барган эмес. 1962-жылы Бишкектеги музыкалык-педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, 1967-жылы Искусство институтунун музыканын тарыхы жана теориясы факультетинде окуган. Атам кесиби боюнча музыка таануучу. Андан соң "Кыргыз радиосунун" музыка бөлүмүндө редактор, мектепте жана институтта мугалим болуп иштейт. Кийин азыркы Санкт-Петербург шаарындагы Василий Зубов атындагы Искусствонун тарыхы институтунун аспирантурасында окуп, диссертациясын жактаган.
© Фото / из семейного архива СубаналиевыхАйсулуу Субаналиева: — Ден соолугуна байланыштуу аскерге барган эмес. 1962-жылы Бишкектеги музыкалык-педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, 1967-жылы Искусство институтунун "Музыканын тарыхы жана теориясы" факультетинде окуган
Заслуженный работник культуры КР, кандидат искусствоведения, профессор Сагыналы Субаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
Айсулуу Субаналиева: — Ден соолугуна байланыштуу аскерге барган эмес. 1962-жылы Бишкектеги музыкалык-педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, 1967-жылы Искусство институтунун "Музыканын тарыхы жана теориясы" факультетинде окуган
— Ал кишинин маданият, илим тармагына умтулуп калганына эмне себеп болгон?
А.С.: — Атам аспирантурага өткөндө илимий жетекчиси менен экспедицияга чыгып, кыргыздын алты гана музыкалык аспабы изилденип, башкасы кагазга түшпөгөнүн баамдап, кызыгуусу жаралган. Натыйжада чоор, чопо чоор, сурнай өңдүү 25 музыкалык аспапты таап чыгып, илимий иш жазган. Виктор Виноградов, Дмитрий Беляев өңдүү окумуштуулар буга чейин алты гана музыкалык аспапты изилдеп кагаз бетине түшүргөн экен. Ушундан улам атам илимий жетекчиси менен Ош облусун жана ал кездеги Тянь-Шанды кыдырып чыгышат. Чоң атам илгерки үйлөмө аспаптардын бирин колго жасап, ойноп, көргөзүп берген экен. Ушундан улам биздин каныбызда музыкага жакындык, талант болгон окшойт деп ойлойбуз.
© Фото / из семейного архива СубаналиевыхАйсулуу Субаналиева: — Апам экөө музыкалык училищеде чогуу окуп, бири-бирин жактырып калышкан
Заслуженный работник культуры КР, кандидат искусствоведения, профессор Сагыналы Субаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
Айсулуу Субаналиева: — Апам экөө музыкалык училищеде чогуу окуп, бири-бирин жактырып калышкан
— Апаңыз менен кандайча таанышып калган экен?
А.С: — Апам экөө музыкалык училищеде чогуу окуп, бири-бирин жактырып калышкан. Кийин үйлөнүп, Фрунзеде жашашат. Ал киши да өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеди. Апам өзү Кичи Кеминден болот. Жаман эмес, үч баланын ата-энеси болушту. Мен, анан эки иним бар.
© Фото / из семейного архива СубаналиевыхАйсулуу Субаналиева: — Абдан жөнөкөй адам болчу. Биздин руханий жактан өсүп-өнүшүбүзгө далалат жасады
Заслуженный работник культуры КР, кандидат искусствоведения, профессор Сагыналы Субаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
Айсулуу Субаналиева: — Абдан жөнөкөй адам болчу. Биздин руханий жактан өсүп-өнүшүбүзгө далалат жасады
— Сиздерге ата катары кандай эле?
С.С.: — Атам дайыма үй-бүлөсүнө камкор мамиле жасачу. Эч качан кош көңүл караган жок. Өзү жокчулукта өскөндүктөн балдарына андай кыйынчылык көргөзбөөгө тырышты. Ошентсе да байлык топтогонго жулунбады. Бирок атам бизди "оку" деп көп айтар эле. Китепке жакын болуп калган себебим да ушундан. Үйдө баарыбыз көп окучубуз. Анан да шаардан чыкпай калбасын деп дайыма айылга алып барчу эле. Ошондуктан Авлетим айылына көп бардык. Атам экөөбүз каникул учурунда айылда көпкө жүрүп келчүбүз. Ал туулуп-өскөн айылын, бала чагы өткөн жерлерди кыдырганды абдан жакшы көрчү. Мындай эс алуудан экөөбүз тең ырахат алчубуз. Анан да 31-декабрда Жаңы жыл майрамын шаан-шөкөт менен тосчу эмеспиз. Атам ал күнү деле түнкү саат 11де жатып алчу.
А.С.: — Абдан жөнөкөй адам болчу. Биздин руханий жактан өсүп-өнүшүбүзгө далалат жасады.
С.С. — Эч качан бизге кол көтөрүп, урган жок. 1990-жылдардын шары менен тентектик кылган учурларым болду. Андай кезде сүйлөбөй койчу. Таарынып калганын көрүп, туура эмес кылганыбызды сезчүбүз. Анан ары жак-бери жагына чыгып жарашканга аракет жасачубуз. Мен тарыхты абдан жакшы көрөм. Кесибимди тандоого да атам багыт берген.
© Фото / из семейного архива СубаналиевыхАйсулуу Субаналиева: — Атамдын негизги эмгеги — кыргыздын салттуу музыкасын жана аспаптарын изилдөө жаатында илимий ачылыштарды жасап, аларды музыкалык аткаруучулук практикага киргизип, улуттук аспаптардын тембрдик, түстүү палитрасын жаңылап кеңейтүү аркылуу улуттук музыканын казынасын байыткандыгында болду
Заслуженный работник культуры КР, кандидат искусствоведения, профессор Сагыналы Субаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
Айсулуу Субаналиева: — Атамдын негизги эмгеги — кыргыздын салттуу музыкасын жана аспаптарын изилдөө жаатында илимий ачылыштарды жасап, аларды музыкалык аткаруучулук практикага киргизип, улуттук аспаптардын тембрдик, түстүү палитрасын жаңылап кеңейтүү аркылуу улуттук музыканын казынасын байыткандыгында болду
— Жакында эле атаңыздардын эмгегине арналып илимий конференция болуп өтүптүр...
А.С.: — Ооба, иш-чара эл аралык деңгээлде өттү. Атам өмүрүнүн акыркы жылдарында докторлук ишин жазып жаткан. Ал кол жазмасы китеп катары жарык көрбөй, жазыла элек бир главасы калган. Аспирантурадагы жетекчиси илимий консультант, кесиптеши Ирина Булатова илимий редактор болуп берип, монографиясын чыгардык. Россиядан, Ташкенттен бир катар илимий чөйрөдөгү инсандар келди. Атамдын негизги эмгеги кыргыздын салттуу музыкасын жана аспаптарын изилдөө жаатында илимий ачылыштарды жасап, аларды музыкалык аткаруучулук практикага киргизип, улуттук аспаптардын тембрдик, түстүү палитрасын жаңылап кеңейтүү аркылуу улуттук музыканын казынасын байыткандыгында болду. 1987-1991-жылдары Маданият министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгында жетекчи болуп турганда атамдын кызматтык катынын негизинде "Камбаркан" этнографиялык ансамбли түзүлгөн. Муну менен катар Нуржамал Табалдиева, Самат Көчөрбаев, Элзар Өскөнбаева өңдүү шакирттерди тарбиялап өстүрдү.
© Фото / из семейного архива СубаналиевыхСултанмурат Субаналиев: — Атамдын тааныштары, досторунун баары "басып жүргөн энциклопедия" деп коюшчу.
Заслуженный работник культуры КР, кандидат искусствоведения, профессор Сагыналы Субаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
Султанмурат Субаналиев: — Атамдын тааныштары, досторунун баары "басып жүргөн энциклопедия" деп коюшчу.
— Өкүтү болдубу?
С.С.: — Атам апасынын бул дүйнөдөн эрте өтүп кеткенине абдан өкүнчү. Андан башка деле арманын айткан эмес. Мүмкүн балдарына айтууну туура көргөн эместир. Аягандыр, билбейм. Негизинен атам көркөм өнөрдүн тарыхын изилдеген окумуштуу катары бул тармакка көп эмгек жасады. Дегеле дүйнөнүн тарыхына кызыккан инсан болчу. Экөөбүз ушул темада көп сүйлөшчүбүз. Ал кишини тааныштары, досторунун баары "басып жүргөн энциклопедия" деп коюшчу. Бир нерсе тууралуу айтканда китептен цитата келтирип, кайсы китептин кайсы бетинде эмне жазылганынан бери далил менен айтып берчү.
Кыргыз эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Марат Алышпаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Президент колундагы алтын саатын чечип берген. Марат Алышпаевди уулу эскерди
Жаңылыктар түрмөгү
0