Тарыхта либералдык экономикадан АКШ өзү да жапа чеккен учурлар бар. Маек

© AFP / TIMOTHY A. CLARYАКШ. Архивдик сүрөт
АКШ. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2024
Жазылуу
АКШ либералдык экономиканын дүйнөгө жайылышын каалап, муну жалгыз туура жол катары көрсөтүүгө далалаттанган. Эми өзүнүн да бара-бара либерализмден жабыр тарткан учурларына күбө болуудабыз.
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов менен дал ушул либералдык экономика тууралуу сүйлөштүк.
© SputnikМамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2024
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
— Эгемендик алган жылдары эле биз либералдык же рыноктук экономиканы тандап алганбыз. Либерализмдин тарыхына токтолсоңуз?
— Биз эле эмес, бүткүл дүйнө либералдык экономикада жашап жатат. Бул өзүнчө парадигма болуп кеткен. Ал 1970-80-жылдардан башталган. Либерал — бул англис тилинен которгондо "эркиндик" дегенди билдирет. Биз эркин базар экономикасында жашап жатабыз. Либералдык экономика келип эле либерализмге такалат. Ал эркиндик идеологиясын карманат. Бирок эркиндикте чек болот.
Негизи башында либерализм жакшы, прогрессивдүү идеология болчу. Орто кылымдарда Батышта бийлик чиркөөнүн колуна топтолгон эле. Керек болсо элдин күнөөсүн акча менен жууп калышкан. Башкача айтканда, бизнес кыла башташкан. Ошондон кийин эл да алардын динден акча жасай баштаганын түшүнүп, динден эркиндик алуу үчүн акырындап либерализмге өткөн. Мунун өзү Галилей, Ньютон өңдүү окумуштуулардын жаралышына, илимдин өнүгүшүнө жол ачкан. Демек, либерализм башында христиандык чиркөөгө каршы чыккан идеология болгон.
Экономикага да байланышы бар. Тарыхтагы дагы бир конфликт король менен байлардын ортосунда өтөт. Ошол убакта үч деңгээл болгон. Эң башында падыша, андан кийин олигархка айланган феодалдар жана үчүнчү деңгээлде карапайым калк турган эле. Байлар акчасын падышага тарттырып жиберүүдөн коркуп мыйзамдын статусун акырындан көтөрө баштаган. Падышадан да мыйзам жогору болушу керек жана ал жеке менчикти коргойт дешкен. Либерализмдин тарыхы капиталисттик экономика менен түз байланышта. Королдун абсолюттук бийлигин чектөө үчүн олигархтар парламент түзө баштаган. Мындай жараян 1215-жылы Улуу Британияда башталган. Бул парламентке биздикиндей эле байлыгын коргогон байлар келген. Алар чиркөөгө каршы элди пайдаланып, жаңы идеологияга түртө баштаган. Акырындык менен сүткорлук элге байлык топтоого жардам берүүчү жакшы нерсе экени элдин аң-сезимине сиңген. Негизи парламентаризм — бул олигархтардын бийлиги. Либерализм башында илимге, экономикага чоң түрткү болгон. Бирок баары баланста болушу керек. Либералдык экономика чектен чыгып кетсе дин эркиндиги жана акылга сыйгыс нерселер өкүм сүрө баштайт. Батышта бир жыныстуу нике кадимки көрүнүшкө айланып калды. Учурда либерализм табияттын мыйзамдарына каршы чыгып жатат.
АКШ жана Кытайдын желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
АКШ экономикалык жактан Кытайдан көз каранды болуп баратат. Маек
— Кыргыздар табиятынан либерал эмес, демократ болушкан да. Либерализмди тандап алганыбыздын себебинен бир системага түшүп, өнүгө албай жаткан жокпузбу?
— Орто кылымдарда Венеция соода аркылуу аябай байыган. Италияда биринчи банктар түзүлгөн. Мындан он жыл мурун швейцариялык Цюрих институту көмүскө өкмөт (теневое правительство) тууралуу изилдөө жүргүзүп, "бири-бирине байланышкан бир нече корпорациянын ээлеринин түбү бир" деген жыйынтыкка келишкен. Дүйнөдөгү корпорациялардын түбү жүрүп отуруп эле 140 ири корпорацияга такалат экен. Алардын ээлери — белгилүү банктар. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөдө кейнсчилик экономикалык парадигмасы чыккан. Анын мааниси — мамлекет, өкмөт экономиканы курушу керек. Мында эң негизги роль өкмөттө болушу шарт эле. Ал эми либерализмге мамлекеттин кереги жок. Анткени байлардын баюу мүмкүнчүлүгүн чектеп турат.
Экономикада либерализмдин деле жалганы менен кошо чындыгы, жакшы жагы деле бар. 1980-жылдардан кийин Батышта технология абдан өскөн. Ошол эле учурда "рейганомика" термини пайда болгон. АКШнын ал учурдагы президенти Рональд Рейган пайыз менен насыя берүү саясатын киргизген. Ал кезде үлүштүк пайызы абдан жогору болчу. Акырындык менен пайызы түшөт. Алгач 18 пайыз менен машина алгандар аны төлөп бүткөндөн кийин 16 пайыз менен телевизор алат, анан эмерекке кезек келет. Ошентип отуруп америкалыктар чоң карызга батат. Ири корпорациялар, АКШ өкмөтүнүн өзүнүн 33-34 триллиондон ашык карызы бар. Буларда азыр эки эле жол турат. Биринчиси — долларды биротоло кулатышы керек. Анда бересесине аз эле акча берип калат. Бирок дүйнө жүзү доллардан баш тартып, Американын күчү такыр жоголот. Же азыркы боюнча төлөйт. Либерализмдин жыйынтыгын көрө турган учуру келди. Америка долларды үстөккө-босток эле басып чыгарууда. Башка аргасы жок.
— Кыргызстан мындай шартта кандай болушу керек?
— Биз негизи Батышка караганда Чыгыштан үйрөнсөк болот эле. Анткени Тайвань, Сингапур, Таиланд, Япония өңдүү мамлекеттер 1970-жылдары эле базар экономикасына ишенүүгө болбой турганын түшүнүп, буга баланс болушу керектигин билишкен. Базар экономикасынын артыкчылыгы — ачык атаандаштык. Биз да баланс табышыбыз керек. Чыгышта деле эркин экономика колдонулат, мамлекеттин ролу да күчтүү. Такыр эле либерализмден баш тарта албайбыз. Бирок келечегибиз жакшы болуп, технология, илим өнүгүшү үчүн прогрессивдүү либералдык экономика керек. Доллар аркылуу Батышка аябай эле байланып калганбыз. Доллар түшүп кетсе утулуп калбашыбыз зарыл. Дедолларизация маалында алтындын баасы асмандап кетет. Ошондуктан алтыныбызды сатпашыбыз керек.
— Балансты кармап туруу үчүн мамлекет да күчтүү болушу керек да...
— Экономиканы чымчыкка салыштырган сөздү унутпасак. Катуураак кармап койсоң өлүп калат, кое берсең учуп кетет. Ошондуктан ээн-эркин учуп-коно турган кытайлардыкындай чоң тор керек. Башкача айтканда, бизнесмендердин акчасын сыртка чыгарбай, бирок өлкө ичинде бардык шартты түзүп берүү зарыл.
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Кыргызстандан жылына эки миллиард доллар чыкканы ойлондурушу керек. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0