Кыргызстандан жылына эки миллиард доллар чыкканы ойлондурушу керек. Маек
Жазылуу
Дүйнө тез өзгөрүүдө. Геосаясат, экономика башка нукка багыт алганын серепчилер, дүйнөлүк лидерлер да айта баштады. Ушуга улай "жаңы экономика" деген түшүнүк пайда болду. Кыргызстан да мындан артта калбай багыт алганы оң.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Экономикалык панорама" программасында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов болду. Биз жаңы экономика тууралуу сүйлөштүк.
— Алгач "жаңы экономика" деген терминдин өзүн түшүндүрүп берсеңиз?
— Биз дагы деле эски экономикада жүрөбүз. Геосаясатка байланыштуу дүйнөдө ири өзгөрүүлөр болууда. Владимир Путин өзү да глобалдык тектоникалык жылыш болуп жатканын айткан. Бул — баары өзгөрөт деген сөз. Мааниси ошондой. Биз 5-6 жылдын ичинде дүйнөлүк башка системага кирип каларыбызды айрым саясатчылар, серепчилер, аналитиктер да айтууда. Азыр жашап жаткан эски экономикада көйгөйлөр көбөйүп кетти. Ошол себептен Батыш аябай чоң кризиске батып баратат. Түзгөн системасынан өздөрү жабыркап, акырындан уроодо. Алар Россия дүйнөлүк ИДПнын 3 пайызын гана ээлээрин айтышчу. Бирок атайын операция башталганы Россиянын экономикасы, тескерисинче, 2 пайызга өсүп жатат. Украина жалгыз согушкан жок. Анын артында бүтүндөй Батыш мамлекеттери турганын баарыбыз билип турабыз. Демек, Россиянын экономикасы тууралуу жалган маалымат таратып келишкен.
1980-жылдардан баштап бизге неоклассикалык экономика келди. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1970-жылдарга чейин, Кейнсианс экономикасы популярдуу болгон. Ал — капитализм менен социализмдин ортосундагы балансты кармап турган экономикага жакын модель. Батыш ошол учурда, 1945-жылдан 1975-жылдарга чейин, абдан катуу өскөн. 1971-жылдары Америка долларды алтындан ажыратып, андан соң эле Вьетнам согушу, 1973-жылы Израиль-Палестина согушу тутанып, араб мамлекеттери мунайды токтотот. Мындан Батыш экономикасы бир топ аксайт. Ошондон кийин Англия менен АКШнын эки падышасы Маргарет Тэтчер менен Рейган Рональд жаңы экономикалык система киргизген. Биз дагы 40 жылдан ашык убакыттан бери неолибералдык, неоклассикалык парадигмада жүрөбүз. Советтер Союзу ураган соң жеңишке жеткенин жар салган Батыш дүйнөдө өз саясатын жүргүзө баштаган. Учурда алардын экономикалык системасы чөгүп, жаңы глобалдык парадигманын алдында турабыз.
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков"Экономикалык панорама" программасында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
"Экономикалык панорама" программасында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков
— Ал кандай болушу керек?
— "Жеке менчикке эч ким тийбеши керек, ал ыйык" деп жүргөн Батыш атайын операциянын башталышы менен Россиянын, ага чейин Венесуэланын канчалаган акчасын тартып алды. Мындай мисалдар толтура. Кыргызстан 30 жыл неолибералдык ачык экономикалык парадигмада жашадык. Ага чейин өнөр жайыбыз, заводдорубуз, стратегияларыбыз, экономикада багытыбыз бар болчу. Совет мезгилиндеги учур үчүн бул эң мыкты саясат болгон.
Бүгүнкү система менен Кыргызстан өз технологиясын өнүктүрбөй эле базардын артынан ээрчип баратат. Кытайдын эле чоң базары болуп калдык. Демек, глобалдык атаандаштыкка даяр эмеспиз. Макроэкономикалык көрсөткүчтүн эң чоң балансы — соода. Биздин соода балансыбыз дайыма эле негативдүү. Импорт көп, экспорт аз. Андыктан жылына эки миллиардга жакын доллар өлкөдөн чыгып турат. Башка мамлекеттер алтынын сары майдай сактап жатса, биз аны сатуудабыз. Муну менен катар көп киреше алып келбеген чийки заттарды гана экспорттойбуз. Өндүрүш жокко эсе. Мигранттардан түшкөн акчага башкалардын өндүрүшүнөн чыккан компьютер, телефон, унаа өңдүү технологияларды сатып алабыз. Жылына Кыргызстандан каражат кетип жатканы жакшы эмес. Мындай жол менен кайда барарыбыз белгисиз. Ошол себептен жаңы стратегияларды алып келип, жок дегенде соода балансын тууралашыбыз керек. Неоклассикалык модель бизге окшогон мамлекеттерге жарабайт экен. Анткени импортко көз карандылык күчөйт. Технологиялардын баарын Батыш, Япония жана Кытай өлкөлөрү ээлеп жатат. "Силер деле өсөсүңөр бир күнү" деп бизди жооткотуп коюшат. Мүмкүн эч ким тийишпесе 50-100 жылда өнүгөрбүз. Бирок бизде анча убакыт жок да.
— Ага да мүмкүнчүлүк болбой жатпайбы. Анткени бизде ишкерлер өлкөдөгү туруксуздуктан улам акчасын сыртка чыгарып кетүүгө аракет кылат...
— Эски экономика мамлекет бул тармакка киришпеши керектигин айтат. Бизнес өзү менен өзү өркүндөй берсин дешет. Бирок кээ бир мамлекеттер ага карабай ич ара акылдуу саясат жүргүзүшкөн. Германия, Япония, Тайвань, Сингапур капиталисттик мамлекет болсо да башка экономикалык моделдерди колдонуп, 20 жыл ичинде тез өнүгүүнү максат кылган. Жаңы экономика үчүн өзгөчө монетардык саясат керек. Эгер индустриялык саясат жүргүзүүнү кааласак, ага инвестиция зарыл. Чет элден каражат карабай өзүбүз да аракет кылсак болот. Үчүнчүдөн, исламдык экономика. Исламдык экономика акчанын артынан чуркабай, узун мөөнөттө иштөө керектигин айтат. Акчанын үстүнөн акча жасоо — бул арам, шериктештик болушу зарыл деген принцип менен иштейт. Мунун капитализмге да каршы жактары кездешет. Ал эми Советтер Союзунун экономикасына келсек, анын бир эмес, 3-4 түрү бар. Чыгыш экономикасынын да пайдалуу жактары кездешет. Демек, жаңы экономика — бул азыркы либералдык экономикага каршы, башка принциптердин үстүндө өнүккөн бөлөк система болушу зарыл. Азыр бышып жаткан бул система 3-4 жылдын ичинде чыгып калат. Анткени анын геосаясатка да байланышы бар.
— Геосаясат менен экономика чогуу жүргөндүктөн келечекте көп полярдуу дүйнө болору айтылууда. Ар бир өлкө дараметине жараша кармап калууга мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстандын орду кандай?
— Коңшуларга караганда биз Россия менен туруктуу саясат жүргүзүп жатабыз. Кичинекей жана мобилдүү өлкөбүз. Экономикабызды тез-тез жүгүртсөк болот. Россиянын экономикасы татаал, аймагы кең болгондуктан жаңы экономиканы киргизүү оор. Ошол себептен пилотток долбоор катары аны бизде өткөрүп көрүү тууралуу пикирлер айтылып келет. Бул бизге да керек. Анткени заман өзгөрүп жатат. Багытыбызды билбей тура берсек утулуп калабыз. Ошол себептен кайда баратканыбызды, дүйнө кандай өзгөрүшү керектигин түшүнүп алсак. Акылдуу жаштар өлкөдөн кетип жатканы өкүндүрөт. Аларсыз Кыргызстандын келечеги кандай болору белгисиз. Булардын потенциалын өндүрүшкө, жаңы технологияга пайдалансак болмок. Анткени алар замандын агымын түшүнүшөт. Ошол эле Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолун да өз пайдабызга пайдаланышыбыз зарыл. Ал үчүн экспортко көңүл буруу керек. Болбосо транзитке акча алганыбызга эле сүйүнүп отуруп калабыз. Пайдасын Кытай менен эле Өзбекстан көрөт. Алар буга даяр.
— Ар тараптуу өнүккөн өлкөлөр деле кайсы бир тармактан күчтүүлүк кылат. Кыргызстан эмнеге басым жасаса болот?
— Чынында көбү "туризм, айыл чарбасы менен эле жан багабыз" деп ойлошот. Бул тармактарда деле бир топ кемчиликтер бар. Чет мамлекеттерге барып, боз үйдү тигип алып, кооз жерлердин сүрөттөрүн көргөзүп "Кыргызстанга келгиле" дей бергенде болбойт. Алгач стратегия керек. Инфраструктура түзүп, жолдорду салып, мейманкана, тейлөө кызматтарын жакшыртуу кажет. Меймандар акча калтыра турган жайлар болушу керек. Азыркы чет мамлекеттик кедей альпинисттер бизге акча алып келбейт да. Сервис деген дааратканадан башталат. Кыскасы, даярдыгыбыз жок. Экинчиден, туризм эң жеңил тармак. Бир отелди куруп алып эле турист күтүп отура бергенде өнүгүү кечеңдейт. Анда өндүрүш, алга жылуу жок. Пандемия өңдүү кичине коркунуч жаралса туризм токтоп калат. Евразиянын чок ортосундагы мамлекет катары эмнеге башка мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбайбыз? Бизге илимге, технологияга жакын, коомду прогресске сүйрөгөн тармак керек. Башка мамлекеттерде деле кооз жерлер бар. Андыктан артыкчылыктарыбыз болушу зарыл. Туризмди да өнүктүрүү керек, бирок ал негизги экономикалык локомотив боло албайт.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Улукман Мамытов: Либералдык парадигмада окуп, калыптанган экономисттер негедир жаңы экономикага кызыкпайбы же ал жөнүндө сүйлөгүсү келбей жатабы, айтор, маалымат аз.
Экономист Улукман Мамытов: Либералдык парадигмада окуп, калыптанган экономисттер негедир жаңы экономикага кызыкпайбы же ал жөнүндө сүйлөгүсү келбей жатабы, айтор, маалымат аз.
— Кандай критерийлер менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кирип калганбыз?
— Биздин ИДП киши башына 1000 долларды түзөт экен. Бул абдан аз. Жаңы экономиканын абдан чоң бөлүгүн макроэкономика түзөт. Ал бардык каражатты инфляцияга байлайт. Жыл сайын 2 миллиард доллар жоготуп жатканыбыз сомдун туруксуздугуна алып келет. Экспортубуз мол болсо сомду тиреп турмак. Улуттук банк сомду кармоо үчүн алтын, валюта резервдерибизди сатып жатат. Негизи монетардык саясат менен индустриялык саясат бирге жүрүшү керек. Ошондо гана экономика өнүгөт эле. Эгер инфляциядан корксок, анда санарип сом чыгарууга өтүү зарыл. Ал индустриялык тармактарга инвестиция кылуучу каржы инструменти болмок.
— Жаңы экономиканы көздөй туура эле баратабызбы?
— Бир да жолу жаңы экономиканын принциптерин жолуктура алган жокмун. Демек, эски эле парадигма менен кетип бара жатабыз. Либералдык парадигмада окуп, калыптанган экономисттер негедир жаңы экономикага кызыкпайбы же ал жөнүндө сүйлөгүсү келбей жатабы, айтор, маалымат аз. Кыргызстандын келечегин ойлосок коркпой эле жаңы экономика тууралуу айтуу керек. Анткени убакыт келди. Дүйнөлүк каржы булактары бизге кичинеден каражат берип койсо эле "силердики туура" деп алардын саясатын жүргүзүп келебиз. Бирок азыртадан жаңы секирикке даярданышыбыз керек. Бизнес тармагы даяр эмес болсо да, академиялык тармак изилдөөлөрдү жүргүзүп, талкууларды өткөрүүсү кажет. Дүйнө өзгөрүү алдында турат. Эгер азыртан даярданбасак өткөрүп жиберишибиз мүмкүн. Кытай социализм менен капитализмдин ортосунан баланс таап өнүгүүдө. Россия Батыштан жүз үйрүп жаңы экономикага толугу менен белсенип калды. Ушулардан үйрөнүп, бирге деле кылууга болот.