АКШ экономикалык жактан Кытайдан көз каранды болуп баратат. Маек

© AFP / MARK SCHIEFELBEINАКШ жана Кытайдын желектери
АКШ жана Кытайдын желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Жазылуу
Дүйнөдө экинин бири болуп турган Кытай экономикасынын 50 жылда болуп көрбөгөндөй өнүгүүсүнүн тарыхы кызык. Өндүрүшү ар бир мамлекеттин шартын, суроо-талабын канааттандыра алганы менен уникалдуу.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев жана жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов болду. Биз экономикасы тездик менен өнүгүп жаткан Кытай Эл Республикасынын экономикалык күчү, келечеги жана алсыз тараптары тууралуу сүйлөштүк.
— Дүйнөлүк ички дүң продукциянын 1/5 бөлүгүн түзүп, Батышты чочулаткан Кытай экономикасынын тез өсүп жатканынын себеби эмнеде?
Алмазбек Акматалиев: — Жакында Башкаруу академиясында иштеген үч кызматкер Кытайга барып, араб өлкөлөрү, Африка, Борбор Азия мамлекеттери катышкан глобалдык форумда болуп келдик. 1970-жылдары алдыда "Кытайды ким багат?" деген реалдуу көйгөй бар эле. Анткени элинин саны ушунчалык бат өсүп, "жарым миллиард кытай Европага көчүп кетсе эмне болот? Миграция агымы күчөйт" деген темаларды талкуулаган чоң жыйын болгону эсимде. Андан бери 50 жыл өттү, бүгүн Кытай бүт дүйнөнү багып жатат. Бул жерде маселе башкаруу системасында го деп ойлойм. СССР менен Кытайды салыштырганда идеологиясы, лидерлери окшош. Бирок бири урап, экинчиси өнүгүп кетти. СССРдин катасы 1985-жылдан кийин 3-4 чоң реформаны бир баштап алып, бир учурда башкаруу системасын жоготуп койгонунда болду.
© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев
Политолог, профессор Алмазбек Акматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев
— Форумда эмне маселени карадыңар?
А.А.: — Си Цзиньпиндин "Бир алкак — бир жол" концепциясын жана глобалдык дүйнөдөгү модернизациянын ордун талкууладык. Өздөрү өнүгүп жатса да Борбор Азияга, Африкага жардам берип жаткан себебин сурадык. Ушуга чейин грант катары 800 миллиард долларга чейин каражат сарпташыптыр. Көрсө, алардын "эч ким артта калбашы керек" деген принциби бар экен. Кытайдын Мамлекеттик башкаруу академиясынын директору "гранттарыбыз, насыяларыбыз аркылуу өнүгүүнүн кийинки жолун ачып жатабыз" дейт. Кытай жетекчилери өз өлкөсүн өнүккөн эмес, өнүгүп келе жаткан мамлекет катары эсептешет экен.
— Социализм принциптери эмнеге алып барат? Чеги барбы?
Улукман Мамытов: — Социализмдин негизги принциптеринин бири — күчтүү мамлекет түзүү. СССР башкаруу системасын колдон чыгарып, ал эми Кытай аны кармап калганынын да себеби бар. 1989-жылы Кытайда өткөн Тяньаньмэнь окуясы (студенттер Пекинде эки айдан ашык убакыт нааразычылык акциясына чыгышкан — ред.) сабак болгон. Кытай ушундан кийин да тарабай, кайра куруу жылдарында өз бийлигин бекем кармап калды. Бир миллиарддан ашык калкы бар мамлекет ар бир кадамын ойлонуп басып, суунун агымын байкап сүзүшү керек. Ошончо калкын чайпап алуу оңой эмес. Курулуш тармагы бул өлкөдө абдан өнүгүүдө. Кытай цементти Америкага караганда 80 эсе көп чыгарат экен. Экспортунун жылдык көлөмү 2,5 триллионго жетет. Көбүнчө жаңы технологияларды жөнөтөт. Азыр машиналары да кошулду. СССРдин Кытайдай боло албаганынын себеби, 1969-жылы Даманский аралынын айынан чатак чыгып, эки империянын ортосунда согуш чыгып кете жаздайт. Ошондон баштап Америка Кытайга жардам берип, келишим менен каржылык, технологиялык колдоо көрсөтүп, рыногун ачып берген. Ага чейин Японияны, Түштүк Кореяны, Таиландды көтөргөн. Негизи Чыгыш Азия өлкөлөрү ушул абалды жакшы колдонуп кетишти.
А.А.: — Анын үстүнө алардын рыногу да абдан чоң. Кытай чын эле ошол кезди өз пайдасына колдонду. Кийин Америка өз рыногун жабууну каалаган учурда да жаба албай калды. Анткени АКШ алардан кардар катары көз каранды. Мурда экспортто кийим-кечек эле болсо, азыр технология, жасалма интеллект тармагы да абдан өнүктү.
— Америка эле эмес, азыр дүйнө Кытайга көз каранды болуп калды. Кыска убакыт ичинде буга кантип жетишти?
У.М.: — Муну пандемия да көрсөттү. 1970-80-жылдары Дэн Сяопин батыштан жаңы технологияларды, каражат тартуу максатында "Кайфан" (ачык эшиктер саясаты — У. Мамытов) саясатын жүргүзө баштады. Чынында эле экономиканы башкаруу жагынан балансты билбей жатабыз. Ар бир өлкөнүн мамлекеттик башкаруу саясаты менен рыногунун ортосунда баланс болушу керек. Ал эми Кытай ошол кезде эле орток балансты издеп баштаган. Экономиканы окумуштуулар чымчыкка салыштырат. Аны катуу кармасаң өлүп калат, коё берсең учуп кетет. Ошондой эле башкаруу саясаты бошоң болсо олигархтар акчасын оффшорго чыгарып кетишет. Кытай 1980-жылдары төрт эркин экономикалык аймак сала баштаган. Так ошол аймактарга сырттан инвестиция келип өнүгө баштайт. 2009-жылга чейин Кытай жалаң экспортко багыт алган мамлекет эле. Себеби алгач өндүргөн технологиялары ички рынок үчүн кымбатка турган. Эл аны сатып ала алмак эмес. 2009-жылдан кийин багытты ички рынокко бурду.
Дональд Трамп бийликке келгенден кийин Кытай менен болгон экономикалык байланышты үзүү саясатын көтөрүп чыккан. Бирок ага Amazon баштаган ири компаниялар каршы болду. Анткени кытай рыногу жабылса, алардын бизнеси нөлгө түшөт. Учурда бул маселе демократтардын арасында да талкууланып жатат.
© Sputnik / Асылбек БактыбековЖаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов
— Америка менен Кытайдын мамилеси акырындан бузулуп жатат. Арты кандай болот?
А.А.: — Бул опурталдуу. Себеби эки мамлекеттин өзөктүк куралы жана абдан чоң армиясы бар. Өткөндө Си Цзиньпин менен Байден Америкада жолукту. Байдендин кишилери "жолугушуу абдан жакшы өттү. Мындай тыгыз баарлашуу акыркы 15 жылда болгон эмес" деди. Ошондон үч саат өтпөй Байден маек берип жатып "Си Цзиньпин — диктатор. Анткени булардын башкаруу системасы биздикине окшош эмес" деди. Мен буга абдан таң калдым. Анткени Американыкына окшошпогон башкаруу системасы — бул жаман нерсе деген түшүнүк бар экен. Мындай ой-пикир карапайым америкалыктардын деңгээлинде гана болсо керек деп ойлочумун. Бирок бийлигине чейин ушундай ойлонот экен. Мен кытай профессорунан "Батыш силерде демократия жок экенин айтат. Демократиянын максаты экономиканы өстүрүү, элдин жакшы жашоосун камсыздоо да" деп сурасам, "көп партиялуулук, адам укуктары — бул максат эмес. Жөн гана критерий. Анын түпкү максаты экономиканы өстүрүү, элдин жыргалчылыкта жашоосу болсо, биз аны аткарбадыкпы. Эмнеге бизге Америка өз системасын таңуулап жатат. Акыркы 40 жылда 500 миллион адамды жакырчылыктан чыгардык. Дүйнөнүн эч бир жерине база куруп, согуш ачкан жокпуз. Бирок АКШга эле жакпай койдук" деген пикирин билдирди. Америка убагында СССР менен уруштуруу максатында Кытайды күчтөндүргөн. Бирок Кытай башкаруучулары акылдуулук менен ачык саясат жүргүзүп, тескерисинче, 1980-жылдардан кийин Россия менен мамилесин оңдоп алды. Булардын башкаруу системасынын өзөгүндө, философиясында көп нерсе жатат. Алар эч ким менен урушкусу келбейт. Согуштун кереги жок. Ансыз деле дүйнөнү жипсиз байлап, дагы өнүгөрүн түшүнүшөт. Африкага, Латын Америкасына 400-500 миллиард доллар грант, насыя бериптир. Бул өлкөлөрдөн келген меймандардан сурасак, берген жардамдары үчүн эч саясий талап койбогонун айтышты. Ал эми Батыштыкы тескерисинче болуп жатпайбы.
У.М.: — Американын Кытайга сын айтып, жактырбай жатканынын да себеби бар. Алар Кытайга жардам бергенде бул өлкөнү дайыма өндүрүш чыгаруучу, жумушчу, экинчи категориядагы мамлекет кылып алууну көздөшкөн. Кытайдын өнүгүп кетиши Америкада ички конфликт жаратты. Технология жагынан Кытай озду. Алар билим берүүдө математикага абдан көңүл бурат. Мунун арты менен технологиясы болуп көрбөгөндөй өсүүдө.
А.А.: — Батыш көп партиялуулук, рыноктук экономикасы жок, адам укуктары сакталбаган мамлекет өнүкпөй турганын айтып келген. Буга СССРдин кулап калышы далил болуп, "мына, айтпадык беле, биз дайыма туура айтабыз" деп чыгышкан. Ошол эле маалда социализмди куруп жатканын ачык жарыялаган Кытай бир партиялуулук менен, эч кандай демократиясы жок эле дүркүрөп өсүүдө. Америкалык саясатчылар буга түшүнө албай, таң калган абалда. Батыш Кытайды кыса албайт, согуш жарыялоого да болбойт. Санкция жарыяласа Америка өзү санкцияда калат. Жек көрөт, бирок эмне кыларын билбей жатат. Кытай менен Американын пайдубалы эки башка. Бирөө байыркы цивилизация, үрп-адат, тарыхы бар такыр башка маданият. Ал эми экинчиси жасалма куралган өлкө. Бирок АКШ дагы деле кечээ ачка жүргөн Кытайды теңине алгысы келбей, алардын өнүккөнүн мойнуна албай чычалоодо. Ал эми расмий Пекин ага теңелбей, "сеники чын" деген позиция менен эле АКШга тең ата болуп алды. Учурда Америка акыркы мүмкүнчүлүгү катары Тайванды кармоодо.
У.М.: — Чынында эле Кытайдын технологиялары сапаты жагынан АКШдан алдыга кетти. Бирок дайыма Американын үч чоң күчүн белгилеп келгенбиз. Биринчиси — курал-жарагы, экинчиси — доллар системасы, ал эми үчүнчүсү — маркетинг. Маркетинг күчтүү болгону үчүн бүгүн Apple, iPhone абдан өтүмдүү. Бирок салыштыра келгенде кытай технологиясы сапаты жагынан ашып түшүшү мүмкүн. Бизнес суроо-талапка жооп бериши керек да. Кытай ошону мыкты пайдаланып, ар бир мамлекеттин талабына жараша технология өндүрө алат.
Жол оңдоо техникасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Курулган жолго үч жылга кепилдик берүү — бул коррупция. Адистердин маеги
— Кытайдын деле ички көйгөйү бар да. Мисалы, улгайгандар жылдан-жылга көбөйүп, төрөттүн санын чектеп жатышат...
У.М.: — Ооба, бар. Айрым экономисттер "Кытай өзүнүн чегине жетип, мындан ары эмне өндүрөрүн билбей бара жатат" дешүүдө. Кытай асман мелжиген имараттарды куруп жиберип, анда жашаган киши жок. Көп колдонулбаган жаңы жолдорду салышты, кийин анын баарын кароо керек. Курулуш компанияларына субсидияларды абдан көп таратып койду. Кыймылсыз мүлктүн кризиси жаралды. Эгер Кытайдын ар тараптуу инвестициялык ири холдинги "Эвергранд" куласа, кыймылсыз мүлк тармагын өзү менен кошо жок кылат. Анын артынан фондулук рынок, каржы системасы кыйрайт деген чочулоо көп.
А.А.: — Пекинге барганда ушул суроолорду берип көрдүк. Алар көйгөйлөрүн жашырып, эйфорияга түшкөн жок. "Бизде көйгөйлөр бар, ошол себептен "өнүгүп кеттик" деп айта албайбыз. Силер билбеген да маселелер бар. Коркунучтуу мезгилде турганыбызды түшүнүп жатабыз. Бирок эки нерсеге багыт алабыз. Биринчиси, элибиздин жашоосун көтөрдүк. Экинчиден, Батыштын рыногун алдык. "Бир алкак — бир жол" долбоорун көтөргөнүбүздүн себеби да стратегия. Биз башкалар менен ынтымакта аларды да, өзүбүздү да көтөрүшүбүз керек" деди. Кыскасы, буларда стратегия бар. Айтылган көйгөйлөрдөн деле Кытай чыгып кетет деген ойдомун.
КР желеги жана улуттук валютадагы тыйындар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Эгемендик алган жылдары экономикада эмнеден жаңылдык? Эксперттин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0