Киного 18 жашында аралашкан. Режиссер Төлөгөн Сыдыковдун сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн — белгилүү кинорежиссер, сценарист Төлөгөн Сыдыковдун туулган күнү. Экинчи режиссер катары далай тасмаларды жаратууга катышкан инсан 80 жашка толду.
Sputnik Кыргызстан агенттиги киночунун сүрөттөгү кызыктуу ирмемдерин сунуштайт.
Төлөгөн Сыдыков 1944-жылы 2-январда Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген. Кичинекейинен келген кинолорду калтырбай көрүп, кийин борбор калаада тасма тарткан киночулардын ишине көз салып жүрүп, тармакка кызыгуусу арткан. Мектепти аяктаган соң 18 жашында "Кыргызфильмге" кирип, Кыргызстанга келген ага-ини Юз жана Изя Герштейндерге жардамчы болгон.
Кийин Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Альгимантас Видугирис, Каридин Акматалиев өңдүү мыкты режиссерлор менен иштешип, көбүнчө экинчи режиссердун милдетин аткарган. Кинону жакшы түшүнгөн, уюштуруучулук жөндөмү мыкты режиссер "кыргыз кереметинин" жаралуусуна чоң салым кошуп, "Саманчынын жолу", "Көчө", "Аптап", "Буктурма", "Бөрү зындан" кинокартиналарын кесиптештери менен тарткан. 60 жылдай өмүрүн кинематографияга арнаган ардагер азыр уул-кыздарынын төрүндө.
© Sputnik / Александр Федоров

Төлөгөн Сыдыков кинематографияга мектепти бүтүп эле ассистент болуп аралашкан

Төлөгөн Сыдыков кинематографияга мектепти бүтүп эле ассистент болуп аралашкан - Sputnik Кыргызстан
1/12

Төлөгөн Сыдыков кинематографияга мектепти бүтүп эле ассистент болуп аралашкан

© Sputnik / Александр Федоров

Киночу — белгилүү мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыкова менен Бектемир Сыдыковдун уулу. Сүрөттө ал ата-энеси, жакындары менен.

Киночу — белгилүү мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыкова менен Бектемир Сыдыковдун уулу. Сүрөттө ал ата-энеси, жакындары менен. - Sputnik Кыргызстан
2/12

Киночу — белгилүү мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыкова менен Бектемир Сыдыковдун уулу. Сүрөттө ал ата-энеси, жакындары менен.

© Sputnik / Александр Федоров

Базаровдун "Көчө" кинотасмасын тартуу учуру. Сүрөттө СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов менен Төлөгөн Сыдыков.

Базаровдун "Көчө" кинотасмасын тартуу учуру. Сүрөттө СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов менен Төлөгөн Сыдыков. - Sputnik Кыргызстан
3/12

Базаровдун "Көчө" кинотасмасын тартуу учуру. Сүрөттө СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов менен Төлөгөн Сыдыков.

© Sputnik / Александр Федоров

Сыдыков мыкты уюштуруучу катары чыгармачыл топ менен иштеше билген. Кыргыздын атактуу актрисалары Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова менен тыныгуу маалында. 1976-жыл

Сыдыков мыкты уюштуруучу катары чыгармачыл топ менен иштеше билген. Кыргыздын атактуу актрисалары Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова менен тыныгуу маалында. 1976-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/12

Сыдыков мыкты уюштуруучу катары чыгармачыл топ менен иштеше билген. Кыргыздын атактуу актрисалары Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова менен тыныгуу маалында. 1976-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Жаш киночулардын аракети. "Буктурманы" камерага түшүргөн Төлөгөн Сыдыков менен Геннадий Базаров. 1968-жыл

Жаш киночулардын аракети. "Буктурманы" камерага түшүргөн Төлөгөн Сыдыков менен Геннадий Базаров. 1968-жыл - Sputnik Кыргызстан
5/12

Жаш киночулардын аракети. "Буктурманы" камерага түшүргөн Төлөгөн Сыдыков менен Геннадий Базаров. 1968-жыл

© Фото / Александр Федоров

Белгилүү акын, жазуучу Аалы Токомбаев менен Төлөгөн Сыдыков. Фрунзе шаары, 1984-жыл.

Белгилүү акын, жазуучу Аалы Токомбаев менен Төлөгөн Сыдыков. Фрунзе шаары, 1984-жыл. - Sputnik Кыргызстан
6/12

Белгилүү акын, жазуучу Аалы Токомбаев менен Төлөгөн Сыдыков. Фрунзе шаары, 1984-жыл.

© Sputnik / Александр Федоров

"Кыргыз кереметин" жараткан алптар… Сыдыков биринчи катарда турат.

"Кыргыз кереметин" жараткан алптар… Сыдыков биринчи катарда турат. - Sputnik Кыргызстан
7/12

"Кыргыз кереметин" жараткан алптар… Сыдыков биринчи катарда турат.

© Sputnik / Александр Федоров

Талаа-түздө, ысык-суукта, тоо-ташта иштеген режиссер

Талаа-түздө, ысык-суукта, тоо-ташта иштеген режиссер - Sputnik Кыргызстан
8/12

Талаа-түздө, ысык-суукта, тоо-ташта иштеген режиссер

© Фото / из семейного архива Туратбековых

Ошто "Көчөнү" тарткан кесиптештер: операторлор Төлөгөн Сыдыков менен Марлес Туратбеков, актёр Исмаил Абдубачаев жана режиссёр Геннадий Базаров

Ошто "Көчөнү" тарткан кесиптештер: операторлор Төлөгөн Сыдыков менен Марлес Туратбеков, актёр Исмаил Абдубачаев жана режиссёр Геннадий Базаров - Sputnik Кыргызстан
9/12

Ошто "Көчөнү" тарткан кесиптештер: операторлор Төлөгөн Сыдыков менен Марлес Туратбеков, актёр Исмаил Абдубачаев жана режиссёр Геннадий Базаров

© Sputnik / Александр Федоров

Апасы Зууракан Иманкалыкова жана чоң энеси менен эс алып отурган киночу. Ысык-Көл облусу, 80-жылдар.

Апасы Зууракан Иманкалыкова жана чоң энеси менен эс алып отурган киночу. Ысык-Көл облусу, 80-жылдар. - Sputnik Кыргызстан
10/12

Апасы Зууракан Иманкалыкова жана чоң энеси менен эс алып отурган киночу. Ысык-Көл облусу, 80-жылдар.

© Фото / из семейного архива Сыдыковых

Сыдыков өлкө эгемендүүлүк алган жылдары бир катар студияларда иштеген

Сыдыков өлкө эгемендүүлүк алган жылдары бир катар студияларда иштеген - Sputnik Кыргызстан
11/12

Сыдыков өлкө эгемендүүлүк алган жылдары бир катар студияларда иштеген

© Sputnik / Эмиль Садыров

80 жаштагы киночу азыр ардактуу эс алууда

80 жаштагы киночу азыр ардактуу эс алууда - Sputnik Кыргызстан
12/12

80 жаштагы киночу азыр ардактуу эс алууда

Тема боюнча:
75 жашка толмок. Айтылуу тасмаларды тарткан оператор Мурат Алиевдин сүрөттөрү
Чарчап-чаалыкпаган жаратман. Табылды Эгембердиевдин жашоосунан сүрөт баян
Театрдын жарык жылдызы эле... Актер Азиз Мурадилаевдин сүрөттө калган элеси
Жаңылыктар түрмөгү
0