Бишкекте грипп күчөп, бейтапканалардын иштөө сааттары узартылды

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектеги үй-бүлөлүк медицина борбору. Архив
Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Жазылуу
ҮМБ кызматкерлери Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында күнү-түнү иштеп жатат.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Сасык тумоого кабылгандар көбөйүп жатканына байланыштуу Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунун иштөө сааттары узартылды. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.
Эми үй-бүлөлүк медицина борборлору иш күндөрү саат 8.00дөн 20.00гө чейин иштей турган болду. Ал эми эс алуу күндөрү (30-31-декабрь дагы) саат 8.00дөн 18.00гө чейин иштейт.
Ошондой эле ҮМБ кызматкерлери мэриянын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын буйругуна ылайык, Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында күнү-түнү иштеп жатат.
Борбор калаанын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун каттоо жайларына төмөнкү номерлер менен чалууга болот:
№1 ҮМБ - 0312 64 45 42;
№2 ҮМБ - 0312 21 03 57;
№3 ҮМБ - 0312 32 52 32;
№4 ҮМБ - 0312 43 39 07;
№5 ҮМБ - 0312 63 51 23;
№6 ҮМБ - 0312 57 02 84;
№7 ҮМБ - 0312 66 20 44;
№8 ҮМБ - 0312 42 69 62;
№9 ҮМБ - 0312 21 17 32;
№10 ҮМБ - 0312 67 82 74.
Борбор сасык тумоо менен ооруп жаткан адамдарды дароо дарыгерлерге кайрылуу керектигин эскертти.
Ооруканадагы медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Кыргызстанда коронавирустун жаңы түрү чыктыбы? Министрдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0