Эркимбаев грек-рим күрөшү боюнча Азиядагы мыкты машыктыруучу деп аталды

© Фото / пресс-служба президента КР Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) кыргызстандык Азат Эркимбаевди грек-рим күрөшү боюнча Азия алкагындагы мыкты машыктыруучу деп атады.
Кыргызстандык устатка бул наам аяктап бараткан 2023-жылдын жыйынтыгы менен ыйгарылды.
Азат Эркимбаев — грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу. UWW эркин күрөш жаатында жылдын мыкты машыктыруучусу ирандык Пежман Доросткар, кыз-келиндер арасындагы мыкты устат япониялык Ре Канехама болгонун билдирген.
Күрөш боюнча дүйнөлүк чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
UWW: Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды
Жаңылыктар түрмөгү
0