Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Мобилизация жардам бербейт. Украиналыктар оор кырдаалга тушукканын моюндоодо

© AP Photo / LIBKOSОкопто жаткан украиналык аскер. Архивдик сүрөт
Окопто жаткан украиналык аскер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Жазылуу
Эксперт согуш талаасында россиялык армия үстөмдүк кыларын белгилеген.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнө Батыштан техника келбегендиктен калктын калганын мобилизациялоо да жардам бере албай калды. Бул тууралуу украиналык аскер эксперти Олег Жданов NTA телеканалында сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Элди чогултуп, мобилизациялап, шыктандыра алабыз, бул колубуздан келет. Бирок техника жана курал-жараксыз бир нерсе жасоого мүмкүн эмес", — деген ал.
Эксперт согуш талаасында россиялык армия үстөмдүк кыларын белгилеген. Анын айтымында, учурда Украина Куралдуу күчтөрү стратегиялык коргонууга өтүп, бул аларды кыйла кыйын кырдаалга дуушар кылган. Жданов азыр чындап абалга таасир этчү нерсе Батыштан келчү курал-жарак экенин билдирди.
Ал эми Украина Куралдуу күчтөрүнүн офицери Арти Грин саясий баяндамачы Юрий Романенко менен маектешип жатып, Киев акыры айрым аймактарын таштап, "терс тенденциядан" улам батыш тарапка чегинүүгө аргасыз болорун божомолдоп жатат.
"Эгер чындап эле күчүбүз да, колубуздагы курал да аз болуп, Россия, тескерисинче, күчтөнүп турса, анда жоготуулар аз болушу үчүн Черный Жеребец менен Осколдун сол жээгиндеги плацдармдарды таштап кетүүгө аргасыз болобуз. Тенденция жакшы эмес", — деди Грин.
Офицердин айтымында, мындай жагдайда Украина аскер күчтөрү батышты көздөй чегинүүсүн улантат.
Украина Куралдуу күчтөрү 4-июнь күнү Запорожье, Түштүк Донецк жана Артемовск багытында НАТО тарабынан даярдалып куралданган бригадалары менен контрчабуул баштаган. РФ лидери Владимир Путин Киевдин бул аракети ишке ашпаганын, Украина аскер күчү токтотулуп, кайра артка сүрүлүп, ири жоготууга учураганын билдирген.
Украинанын борбору Киев шаары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев Украинада мобилизация кыйын болорун моюндады
Жаңылыктар түрмөгү
0